Депутат "Коопсуз шаардан" шек санады

Бишкек

Жакында кол коюлган "Коопсуз шаар" долбооруна байланыштуу кайрадан талаш-тартыш чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламентте бул маселе күн тартибине атайын акыркы болуп коюлуп, долбоордун шарттарын кенен талкуулоого мүмкүнчүлүк берилбей, андагы күмөндүү жагдайларды коомчулукка чыгарбоо аракеттери болгонун билдирди.

Депутаттын айтымында, өкмөт баштапкы сот чечими күчүнө кире электе эле мыйзам бузууларга көз жуумп койгон.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тендер мыйзамдуу өткөнүн айтып, долбоорду кечеңдетпей ишке ашыра берүү жагы чечилгенин билдирди.

Дагы караңыз Санариптен чыккан санаа

Асман чапчыган баалар

"Коопсуз шаар" долбоорундагы күмөндүү жагдайларды талкуулоо жана бул боюнча өкмөттүн маалыматын угуу Жогорку Кеңештин 28-ноябрдагы күн тартибине акыркы маселе болуп киргизилген.

Парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине ал күнү жалпысынан он маселе коюлган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “Коопсуз шаар” долбоору боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун караган.

Маселе акыркы болуп коюлгандыктан парламент аны кенен талкуулап, аягына чыгарууга үлгүрбөй калган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков анын колуна күмөндүү жагдайлар боюнча материалдар келип түшкөнүн, бирок ага сөз жеткенге чейин эле маселени кароо үзгүлтүккө учурап, бир топ курч маселелер көз жаздымда калып кеткенин айтып чыкты:

Рыскелди Момбеков.

- Урматтуу депутаттар! Жок дегенде "Коопсуз шаар" долбоору эмнеге ишке ашпай калганын сурап койбойсуздарбы? Мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевден кайсы вице-премьер-министр кимден эмне сураганын тактап койбойсуңарбы? Англичандар 10 миллион долларга бул долбоорду ишке ашырып беребиз деп келгенин Бишкектин мурдагы мэри, азыр фракция лидери Иса Өмүркуловдон сурагыла. "Кыргызтелекомдун" мурдагы жетекчиси Нурдин Мадаминовдон "бул долбоорду 10 миллион долларга ишке ашырууга болот" деп парламентте эмнеге айттың эле, чын эле ошондойбу деп сурагыла. Болбой баратса, Анкара шаарынын мэринен "20 миллион долларга бул долбоорду кантип ишке ашырдыңар" деп сурагыла. Тажик туугандардан "кантип силер бул долбоорду 22 миллион эле долларга бүтүрүп алдыңар" деп сурагыла. Азыркы өкмөт 110 комплекти 35 миллион долларга берип жатасыңар. Анын бирөөсүнүн баасы 300 миң долларга баарабар болуп жатат. Мына коррупция.

Дагы караңыз "Коопсуз шаар": сот чечимине собол көп

Өкмөттүн жообу

Тендерди утуп алган орусиялык "Вега" компаниясынан анын иш-тажрыйбасы, аткарыла турган иштин көлөмү жана долбоордун баасы боюнча комментарий алууга мүмкүн болбоду.

29-ноябрда парламентте 2019-жылдын республикалык бюджетин бекитүү маселеси каралып жатканда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Вега" менен түзүлгөн келишимде күмөндүү эч нерсе жок экенин айтып, аны кечеңдетпей ишке ашыра берүү зарыл деп жооп кайтарды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.

- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча сиздер билгендей сотко беребиз деп жатышыптыр. Бирок мыйзам боюнча "биздики туура" деп алдыга жылып жатабыз. Азыркы учурда видео камералар алынып, техникалык башка жабдуулар даярдалып жатат. Декабрь айынан баштап февралга чейин видео жабдуулар 38 кесилишке, негизги трассаларга орнотулуп бүтөт. Ал жакка мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүүнүн кереги жок. Инвестор өзү каражат салат. Анан кийин жол эрежелерин бузуу боюнча айып пул 800 сом болсо, анын 210 сомун инвестор алат, калган 600 сому мамлекетте калат. Мындайча айтканда, бул жерден мамлекет гана пайда табат.

Күмөндүү жагдайлар

Анткен менен депутат Рыскелди Момбеков күмөндүү жагдайлар катары тендерлер боюнча арыздарды караган Мекемелер аралык комиссиянын чечими "даттанууга жатпайт" деген эрежеге карабастан, ал сот тарабынан чукул жокко чыгарылып, сот чечими күчүнө кире электе эле тендерден утту делген "Вега" компаниясы менен чукул келишим түзүлгөн жагдайды атады.

Депутат Рыскелди Момбеков эки кыргыз жараны орусиялык "Вега" компаниясынын атынан тендерге катышканы түшүнүксүз экенин белгиледи:

- Баштапкы соттун чечими 1-декабрда күчүнө кирет. Ал эми булар 12-ноябрда эле "Вега" концерни менен келишим түзүп, долбоорду кечеңдетпестен ишке киргизебиз деп шашып калышты. Мына ушунун өзүндө бир мандем бардай көрүндү. Бул долбоордун артында кимдер турат деген негизде иликтөө жүргүзүп көрсөм, тендердик документтерден эки кыргыз баланын аты-жөнү чыгып жатат. Байланыш комитети “Коопсуз шаарды” “Вега радиокуруу концерни” Кыргызстандагы филиалы ишке ашыра турганын айтууда. Бирок анын филиалына эки кыргыз жараны каяктан жүрүп барып калды? Бири Биринчи май районунун мурдагы акими Шаймерден Аканбаев, дагы бири Шаймурдинов экен. Документтерде алар мекеменин кожоюну катары аталып жүрөт. Орусиялык чоң бир компаниянын башына кантип эле кыргыз балдар барып калат? Мына ушунун өзү эле “Коопсуз шаар” долбоорунун артында түкшүмөл суроолор көп экенинен кабар берип турат. Менде мындан башка коррупциялык элементтер жөнүндө фактылар толтура.

Дагы караңыз “Коопсуз шаар” эки органды соттоштурду

Иш тажрыйбанын "өзгөчөлүгү"

Буга чейин Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин карамагында түзүлгөн даттануу боюнча комиссия “орусиялык "Вега" компаниясынын видео байкоо жабдууларын орноткону боюнча иш тажрыйбасы талаптагыдай көргөзүлгөн эмес” деген негизде тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга макул болбогон Маалымат технологиялары жана байланыш комитети сотко кайрылган. Бишкектин район аралык соту 1-ноябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыздарды караган мекеме аралык өз алдынча комиссиянын чечимин артка кайтарып, “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердин жыйынтыгын мыйзамдуу деп тапкан.

Дагы караңыз "Коопсуз шаардын" сынга кабылган сынагы

Долбоорду ишке ашырууга жооптуу Маалымат технологиясы жана байланыш комитетинин басма сөз катчысы Анара Мамытова "Вега" коргонуу багытындагы ишкана болгондуктан ага байланыштуу маалыматтардын көбү жабык болушу мүмкүн экенин белгилеген:

- Техникалык талаптардын арасында иш тажрыйбасын көргөзүү жагы чын эле бар болчу. Ошондуктан даттануу боюнча комиссия “"Вега" концерни иш тажрыйбасын жарым-жартылай көргөзгөн эмес" деп тапкан. Бирок бул жерде "Вега" радио курулуш концерни - коргонуу багытындагы ишкана экенин түшүнүү керек. Ошондуктан алар эмнеге бул маалыматты бергени тууралуу комментарий кыла албайм. Ал эми мекеме аралык сынак комиссиясы "Вега" техникалык тапшырмалар боюнча коюлган талаптарга толук жооп берет" деп тапкан. Даттануу боюнча комиссия анын атаандашынын арызын орундуу деп эсептеди. Бирок сот кечээ андай деп эсептебей турган чечим кабыл алды.

Анткен менен коргонуу багытындагы чет элдик компания Кыргызстанда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү видео жабдууларды орнотууга канчалык акысы бар деген суроо жоопсуз калды.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча орусиялык "Вега" концерни менен тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.