Президент жер мыйзамына кол койгон жок

Жаңы конуштун тургуну

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев сугат айдоо жерлерин башка категорияга которууга мораторийди алып салууну караган мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, аны артка кайтарды.

Президент буга оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгууну сунуштады.

Мыйзам долбоорунда жаңы айдоого турак-жай курууга ылайыктуу жер аянттарынан сырткары мурда өз алдынча үй курулган жаңы конуштардагы жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы да каралган.

Долбоордун авторлору бул мыйзам 42 миңден ашуун кожолуктун социалдык абалын жеңилдетүүгө багытталганын белгилеп жатышат.

Артка кайтарылган мыйзам долбоору

Президент Алмазбек Атамбаев 10-августта сугат айдоо аянттарын башка категорияга которууга уруксат берүүнү караган мыйзам долбооруна кол коюудан баш тартты. Мамлекет башчысы өз негиздемесинде мыйзамдагы коррупциялык тобокелдиктерди чектөө үчүн ага оңдоп-түздөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Алмаз Үсөнов

- "Сугат жана айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна президент кол койгон жок. Бул мыйзам долбооруна карата мамлекет башчысынын төрт каршы пикири бар экен. Мына ошол каршы пикирлердин негизинде жана Конституциянын 64-беренесинин экинчи бөлүмүнүн биринчи пунктун, 81-беренесинин экинчи бөлүмүн жетекчиликке алып, президент трансформацияга байланыштуу мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны артка кайтарды, - деп билдирди президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов.

Каршы пикир кантип каралат?

Жогорку Кеңеш 29-июнда "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка түрлөрүнө которууга мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кабыл алган. Мыйзам долбоору айыл чарба багытындагы айдоо жерлерин которууга мораторийди алып салууну көздөйт. Ошондой эле ал мораторий киргенге чейинки жер тилкелерине мыйзамсыз курулган турак-жайларды да мыйзамдаштырмак.

Жогорку Кеңештин агрардык саясат комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров президенттин каршы пикири күздөгү парламент жыйынында карала турганын айтууда:

- Трансформация болбогон жер аянттарына үйлөр курулуп кеткен учурлар бар. Алардын санын тактаганда 42 миңден ашуун экени аныкталды. Алардын көпчүлүгү Ош жана Бишкек шаарларынын айланасында түптөлгөн конуштарда салынган. Президент каршы пикири менен мыйзамды артына кайтарган болсо, анда ал бизге келсе анан карап туруп, аны басып өтүүнү же өтпөштү Жогорку Кеңеш чечет. Президенттин ветосун басып өтүү үчүн 80 добуш керек болот. Макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу болсо, анда каршы пикирге карата жалпы добуш берүүнүн кереги жок. Болгону кайрадан иштеп чыгып, анан кайра бекитип беребиз. Бирок ал каршы пикир бизден колдоо таппай калса, анда аны биротоло жокко чыгарууга туура келет.

Макамсыз конуштар, документсиз үйлөр

2000-жылдардан тарта Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы айдоо аянттары мыйзамсыз өздөштүрүлүп, жарандар өз алдынча турак жай куруп алган учурлар катталган. Мына ошонун натыйжасында шаардын айланасында бүтүндөй бир жаңы конуштар түптөлүп калган. Ал конуштардын тургундары жерди мыйзамдаштырууну талап кылып келишет.

Жаңы конуштун тургуну

Бишкектин четиндеги жаңы конуштар коомдоштугунун өкүлү Супатай Жаманкулов буларга токтолду:

- Жер тилкелерибиз трансформация болбогонуна байланыштуу, маалымдама кагазын дагы алалбайбыз. Студенттерибизге же мектеп окуучуларына маалымат кат бере албай, аябай эле кыйналып кеттик. Азыр кандай айла табарыбызды билбей жатабыз. Балдарды алдасак, аларга татыктуу билим, тарбия бере албасак, биз жашаган конуштарда эмкана, бала бакча жана мектептер жок болсо, анда биз эмне деген мамлекетте жашап жатабыз?

Буга чейин парламенттик шайлоонун астында көпчүлүк партиялар аталган жаңы конуштарды мыйзамдаштырып берүүнү убада кылганы белгилүү. Бирок алар парламентке келген соң, бул маселе чечилбеген бойдон калган. Парламент депутаты Абдувахап Нурбаев мына ошол мыйзамды кабыл алууга түрткү болгон жагдайды айтып берди:

- Бизге ал жарандарыбыздын жашап жаткан жерлерин жана турак-жайын мыйзамдаштыруу талабы коюлган. Анткени мына ошол конуштардагы үй ээлери банктан насыя дагы алалбайт экен. Анткени үйдүн жана жердин документи жок. Жөн эле үй салып алышкан. Эгерде мына ошол мыйзам долбоорун мыйзамдаштырсак, анда алар үйлөрүнүн документтерин жоболоштуруп, анан насыялар менен иштегенге негиз болмок.

Турак-жай көйгөйү

Ошол эле кезде "Трансформация кыймылы" буга чейин айдоо аянттарына мораторийди алып салуунун зарылдыгы боюнча президентке кайрылуу жасаган.

Статистикалык маалыматка караганда 450 миңден ашуун жаш үй-бүлөлөр көп жылдан бери батирден батирге көчүп жашап келет. Алардын маселесин мамлекет кантип чечет?
Бекназар Айталиев

Кыймылдын өкүлү Бекназар Айталиев жер жоктугунан улам, турак-жай маселеси курчуп жатканын билдирди:

- Эң эле башкы көйгөй - жаштарыбыз аймактардан күн сайын шаарларга көчүп келип, жайгашып жатат. Бишкек шаарынын калкы дагы тездик менен көбөйүүдө. Бирок 25 жылдан бери турак-жай маселеси чечилген жок. Статистикалык маалыматка караганда 450 миңден ашуун жаш үй-бүлөлөр көп жылдан бери батирден батирге көчүп жашап келет. Алардын маселесин мамлекет кантип чечет?

2009-жылы сугат айдоо аянттарын башка категорияларга которууга тыюу салган мораторий киргизилген болчу. Буга айдоо аянттарынын кыскарганы жана турак-жай куруу үчүн жерлерди мыйзамсыз бөлүп берген коррупциялык көрүнүштөрдүн күчөгөнү себеп болгон.

"Азаттыктын" архиви: Бишкектин жер мафиясы. 4-май, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.