Жибегайым Атакулованын үйү аба майдандын зым тосмосу менен чек аралаш аймакта жайгашкан. Неберелери менен бирге жашаган эне учак конгон сайын үйү титиреп жатканын айтууда:
- Мурда көп кабаттуу үйдө жашаганым үчүн сезбейт элем. Анан бул аэропорт бир иштеп, кайра иштебей турду да. Жакында иштей баштагандан тарта таасири катуу билине баштады. Үйдүн терезелери титиреп, уктап жаткан балдар да ойгонуп кетүүдө. Таасири катуу эле билинип жатат. Аэропорт дагы кеңейтилип, каттамдар көбөйтүлөт экен, анда биз эмне болобуз, билбейм.
Мындан сырткары жашоочулар арасында буга чейин аэропорттун иштебей туруусунан улам ал аймак жер тилкеге бөлүнүп сатылып жатат деген да сөздөр тараган. Ошол себептүү шаар жашоочусу Роза Кушбакова чек алуу максатында архитектурага кайрылганын айтты:
- Мурдараак аэропорттун аймагы элге берилип жатыптыр деген сөз болгон. 60 жылдан бери шаарда жашап, кантип эле аэропорттон жер берилсе албай калам деп, архитектурага кайрылгам. Ал жактан берилбейт деген жооп алдым. Бирок билбейм, балким башка жактарынан жашыруун түрдө берилип жатпаса.
Аба майдандын талаасына жакын жайгашкан бош аймакты 2005-жылы кээ бир жарандар өз алдынча ээлеп алган соң, шаар бийлиги аны жер тилкеси катары жашоочуларга бөлүп берүүгө аргасыз болгон. Ошол себептүү 2005-2007-жылдары генпландын негизинде 400дөн ашык жаранга жер бөлүнүп берилип, алардын 60тайы аэропорт таласына чектеш жайгашкан,- дейт шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы Мырзакул Сайдакбаров:
- Ал убакта элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бирок ошондо "өз каалоом менен ушул жерде жашоого макулмун" деген кат жаздырып алуу биздин ойго келген эмес экен. Ал нерсени азыр ушул нааразылыктан кийин ойлонуп жатабыз. Кезегинде алар ушул участокторду сүйүнүп алышкан. Эми болсо бир нерсе талап кылып жатышат. Жер бөлүп берүүдө эч кандай норма бузулган эмес. Ошол кездеги авиация жетекчилеринин макулдугу менен берилген.
Жалал-Абад шаарындагы калктуу конуш аймагында орун алган аэропорт 78 гектар аймакка 1965-жылы салынып, өлкөнүн ички каттамдарына алгачкы рейс ачылган. 1971-жылдагы шаардын башкы генпланына ылайык, аба майдан аймагын облустун башка районуна көчүрүү жагы каралган. Бирок өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан кийин ал план аткарылбай, эски аэропортту кеңейтүү маселеси карала баштаган. Алгачкы жолу өткөн жылы гана аэропорттун конуу тилкелери оңдолуп, бир жылдан ашык токтоп турган авиакаттам жанданган.
Азыр тургундар коюп жаткан маселеге аэропорт жетекчиси Закир Мамасеитов төмөнкүчө жооп берди:
- 2005-жылдан баштап аэропорт аймагына жаңы конуштар түптөлө баштаган. Шаар бийлигинин карамагында болгондуктан, алар да биз менен макулдашып, андан кийин жашоочуларга бериши керек болчу. Азыр үйлөрү аэропорттун линиясы менен чек аралаш аймакта турат. Эми алардын маселесин шаар бийлиги гана орундатат. Бизге эч кандай тиешеси жок. Биз бул багытта кезегинде шаар бийлигине кат да жолдогон элек. Жооп болгон эмес.
Ал эми шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы Мырзакул Сайдакбаров аэропорт жетекчисинин сөзүн чекте кагып, баары мыйзам чегинде берилгенин айтууда.
- Ушул участокторго генплан түзүлүп, ага Авиация департаменти менен архитектура биргелешип кол койгон. Андан соң кезектеги жарандарга мэрия тарабынан бөлүнүп берилгендиги туура. Буга чейин эч ким мындай маселе көтөргөн эмес. Бирок ал жерде жашаган тургундарга зыяны жок. Учак жерден көтөрүлгөн кезде бир нече чакырымга чейин добушу угулат экен да. Бул жерде бардык нормалар сакталган. Бир гана антенналарга таасирин бериши мүмкүн.
Жалал-Абад аэропортунун конуу тилкеси 1700 чакырымды түзүп, 20 тонналык гана учактарды кабыл алчу. 2014-жылдын октябрь айында талапка жоп бербейт деген негизде жабылган. Шаар бийлиги тилкени узартуу сунушу менен кайрылган аэропорт жетекчилигине кошумча жер бөлүп берип, конуу тилкеси 250 метрге кеңейтилген. Азыр жумасына бир жолу Жалал-Абад-Бишкек каттамы иштеп, алдыдагы күндөрү авиакаттамдарды көбөйтүү жагы каралууда.