Элчилер эмгегине жараша тандалат

Тышкы иштер министрлиги.

Кыргызстан бир катар мамлекеттердеги элчилерин алмаштырууда. Бул жолу элчилик кызматка тажрыйбалуу адистердин сунушталып жатканын айрымдар оң баалашууда.

Бул аптада Тышкы иштер министрлиги Орусияга, АКШга, Кытайга жана Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтүлгөн талапкерлерди Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитетине сунуштады.

Аталган комитеттин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Орусияга элчиликке мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын, АКШга азыркы Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаевдин жана Кытайга элчи Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Дагы караңыз Империяларды элдештирген элчилер

Тышкы саясатта алдыга кадам

Депутат бул жолу элчиликке сунушталып жаткан талапкерлер дипломатия жаатында дасыккан адистер экенин белгилеп, муну бийликтин тышкы саясат тармагындагы алдыга ташталган кадамы деп баалады:

Абдывахап Нурбаев.

- Мурда элчиликке көбүнчө оппозициянын өкүлдөрү же бийлик алмашуусуна салым кошту деп эсептелген адамдар жиберилчү. Мындай практика Акаевден тартып, дээрлик бардык президенттердин тушунда колдонулган. Президент Жээнбеков акыркы жолу сүйлөгөн сөзүндө элчилер тышкы саясатта өлкөнүн аброюн көтөрө алган, тажрыйбалуу болушу керек деп айтпадыбы. Бизге сунушталып жаткан талапкерлердин баары өз ишин жакшы билген, тажрыйбалуу адамдар. Менимче, бул биздин тышкы саясатыбыздын жакшы жагына, олуттуу бир өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Элчиликке - эмгеги сиңгендер барат

Депутат белгилегендей, кайсы бир оппозиционердин оозун жабуу максатында аны бир мамлекетке элчи кылып жиберүү салты президент Акаевдин тушунда башталган.

Саясатчылар буга Мирослав Ниязовдун 2001-жылы Тажикстанга элчи болуп дайындалганын мисал келтирип жүрүшөт. 2005-жылкы март окуясынан кийин бир катар журналисттер, бийлик алмашуусуна салымы бар деген адамдар элчиликтерге жиберилгени маалым.

Дагы караңыз Парламентте элчилердин маселеси козголду

Мындай тажрыйба 2010-жылы апрелде бийлик алмашкандан кийин да колдонулуп жүрдү. Кызматташкан чет өлкөлөргө элчи кылып сөзсүз эле дипломаттарды эмес, башка адамдарды деле саясий чечим менен жиберүү дүйнөлүк тажрыйбада да кеңири колдонулат.

Бирок Кыргызстан бул ыкманы ашыкча колдонуп жиберди деп эсептейт саясат талдоочу Орозбек Молдалиев:

Kyrgyzstan -Orozbek Moldaliev, expert, 1 February 2018

- Бизде кийинки жылдары бул тажрыйбаны көбүрөөк пайдаланып жибердик. Дипломатия эмес, жөнөкөй эле маданиятты жакшы билбеген адамдар да элчи болуп дайындалышты. Алар ар кандай билдирүүлөрдү жасап, чуулгандуу иштерге аралашып кетип жатышат. Ошондуктан, бул тармакта нагыз дипломаттардын талапкерлиги сунушталып жатканы колдоого аларлык.

Бөдөнөнү да касапчы сойсо...

Жаңы элчилер сунушталып жаткан Орусия, Кытай жана АКШ дүйнөдөгү ири державалар. Булар менен Кыргызстандын мамилесин жакшыртуу өлкөнүн тышкы саясаттагы ордун күчөтүүгө бирден бир себеп.

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бир нече жыл мурда АКШ менен Кыргызстандын ортосунда сууй түшкөн мамилесин калыбына келтирүүдө, жүз миңдеген кыргызстандыктар иштеп жаткан Орусия менен алаканы сактап турууда элчилердин салымы чоң болушу керек деп эсептейт: ​

- Тышкы иштер системасында иштеген адистердин элчиликке сунушталып жатканы бул системадагы жаштарга да чоң стимул болот. Бул бир жагынан. Экинчиден, Жекшенкулов Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстан эгемендик алгандан бери иштеп жүрөт. Министр болду, Европага барып иштеп келген. Эми негизги стратегиялык өнөктөш болуп жаткан Орусияга барып, мамилени дагы чыңдайт деп ишенсек болот. Отунбаев да Орусияда көп иштерди жасады. Ага чейин Германияда иштеп келди. Европанын саясатын билет, НАТОнун мүчөлөрү менен иштеди. Эми АКШда жакшы иштеп берет деген үмүтүбүз бар. Калгандары деле татыктуу кадрлар экен.

Эксперттер Кытайга сунушталып жаткан талапкерге да үмүт байлашууда. Былтыркы Бишкек жылуулук энергетика борборундагы авариядан кийин кытайлык ТВЕА компаниясынын айланасындагы коррупциялык иштер, Кыргызстанда жарандардын арасында Кытайга каршы маанай күч алып жаткан азыркы учурда Кытай менен мамилени сактап калуу зарыл.

Саясий эксперт Чынара Эсенгулдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, мындай учурда мурда Кытайда иштеп келген, аймакты жакшы билген адистин сунушталып жатканы жакшы көрүнүш:

Kyrgyzstan, Chynara Chinara Esengul, political scientist

- Канайым Бактыгулова мурда да элчи болуп иштеген. ШКУнун иш-чараларына даярдык көрүүдө да чоң иштерди жасаган. Аймакты, андагы маселелерди билет. Ошондуктан, анын талапкерлиги туура сунушталган деп ойлойм. Анткени, билесиздер, жалпы геосаясат абдан күчөп жатат. Мисалы, кытайлык ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБинде аралашкан чуулгандуу коррупциялык иштери, Кытайда мусулмандардын камалып жатышына байланыштуу антикытайлык маанайдын түзүлгөну да терс таасир берди. Ошондуктан, Кытайды Кыргызстан өзгөчө бир долбоорлор менен кызыктырып, ири долбоорлорду сунушташы керек. Антпесе, Кытай бизге окшогон кичинекей мамлекет менен эсептештей деле коет, мисалы, темир жолду бизди кыйгап өткөндөй кылып куруп же башка экономикалык долбоорлорун ишке ашыра берет.

Дагы караңыз Кытайга каршы маанайдын залакасы


Кытайга элчиликке талапкерлиги сунушталып жаткан Канайым Бактыгулова буга чейин 2013-2017-жылдардын аралыгында Кыргызстандын Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

Орусияга элчиликке талапкерлиги сунушталып жаткан Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандын Австриядагы, ЕККУдагы элчиси кызматтарын аркалаган, тышкы иштер министри болгон.

АКШ менен Канадага элчиликке сунушталып жаткан Болот Отунбаев Европадагы бир катар өлкөлөрдө жана Орусияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеген.

Түштүк Кореяга элчиликке сунушталып жаткан Динара Кемелова - учурда тышкы иштер министринин 1-орун басары.

Элчиликке талапкерлердин сунушун Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 15-январда өтө турган жыйынында карайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.