Ал эки жыл мурда иштен да мыйзамсыз алынганын билдирүүдө. Белгиядагы элчи Асеин Исаев мурдагы консулдун айткандарын четке какты. Ал арада мекемеге караштуу Коомдук кеңеш элчиликтин ишине байланышкан арызды териштире баштады. Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде деле ички чыр-чатак жана мыйзам бузуу фактылары бар экени буга чейин айтылып келаткан.
Ануар Абдрахманов 2012-15-жылдарда Кыргызстандын Белгиядагы элчилигинде иштеген. Ошол убакта элчиликте бир нече мыйзам бузууга күбө болгонун айтууда. Анын маалыматына караганда, элчиликке кайрылган жарандарга документ бербей, атайлап создуктуруп, айласын кетирүү менен акча алуу өнөкөткө айланган экен.
- Чет мамлекеттердеги элчиликтердин баарында жарандардын укуктары менен кызыкчылыгын коргоо башкы милдет болуш керек да. 2012-жылы Бельгиядагы элчиликке биринчи катчы болуп барганда алгач Бельгия жана Нидерланды мамлекеттери менен эки тараптуу саясий, экономикалык мамилелер боюнча иш алып барчумун. 2013-жылдын жайында элчилик кызматка Асеин Исаев келди. Ал өзү жарым жыл көнүшүп алгандан кийин элчиликтин ичинде саясатын баштады. "Өзгө жана өз" деп бөлүү, айрымдардын жумушун көбөйтүү аракети болду. Мага консул иштери боюнча жумушту берди. Мен андан качкан жокмун, иштеп калдым. Бирок ал жумушту мага берүү менен өз башына мүшкүл ашырып алды окшойт. Себеби, консулдук кызматты аткара баштаган күндөн тартып эле көп маселе бар экенин көрдүм. Консулдук төлөм ачык болбой турганын байкадым.
Ануар Абдрахманов консул болуп иштеп жүргөн кезде элчинин өзү тааныштарын Белгияга мыйзамсыз жолдор менен киргизип, элчиликтин имаратында жашатып койгон фактылар кездешкенин кошумчалады. Ал имаратты жууп-тазалоочу болуп иштеп, элчиликтин имаратында бир жарым жыл бою жашаган кыргызстандык аялдын окуясын мисал келтирди. Абдрахмановдун айтымында, бул аялды элчиликтин эсепчиси чакырып, иштеткенине карабай, ал таанышынын тынымсыз кодулоосуна кабылып, айлыгын өз убагында ала албай жүргөн.
Абдрахманов элчиликтеги мыйзамдан тыш көрүнүштөрдү жок кылуу, элге документ берүү иштерин жөнөкөйлөштүрүү жана коррупцияны токтотуу өтүнүчү менен элчи Асеин Исаевге кат жүзүндө да кайрылганын, бирок майнап чыкпаганын белгилеп жатат:
Эл кайра-кайра келе бергенден тажап, акырында бир күндө эле документтерин бүтүрүп кетиш үчүн акча бергенге аргасыз болот экен.
- Мисалы, ошол жакта мыйзамдуу да, мыйзамсыз да жашап-иштеген жарандар кайрылышат. Мен келгенге чейин бүт баары жабык болуп, консулдук төлөмдөр ачык эмес экен. Эл кайра-кайра келе бергенден тажап, акырында бир күндө эле документтерин бүтүрүп кетиш үчүн акча бергенге аргасыз болот экен. Элестетиңиз, ал жакта жумушчуларга талап катуу. Мигранттар документтерин бүтүрүп кетиши үчүн бир күн эле алышат. Франция менен Нидерландда иштегендер да документ алыш үчүн Белгияга келишет да. Алар 8 саат ичинде келип кетиши керек. Кайра-кайра убара болуп келе беришмек беле? Менин таң калганым - жарандардын ушундай абалын билип туруп, атайылап эле документтерди берүүнү создуктуруп келишкен. А чынында ал документтер жарым саатта эле бүтчү жумуш. Ошонун баарын көрүп туруп, мен консулдун ишин элге ачык кылып салдым. Кичинекей терезенин алдында бирден кабыл албай, элчиликтин биринчи кабатын ачып салдым. Андан кийин кайсы документке мыйзамдуу түрдө канча акча төлөнө тургандыгы тууралуу мамлекеттик тарификацияны чоң тамгалар менен жазып илип койдум. Келген жарандар менен өзүм чыгып жолугушуп аттым. Ошондо алардын айрымдары документ алыш үчүн кандай кыйынчылыктарды баштан өткөргөнүн айтып беришти. Мисалы, бир жаран 500дөн 700 еврого чейин акча бергенин айтты. Дагы бири акчасы жок калып, алтын шакегин паспорт жасатканы үчүн элчилик кызматкерине алып барып бергенин билдирди. Өзүбүздүн элчиликте иштегендер өзүбүздүн жарандарга эмне себептен мындай мамиле кылышы керек?
2016-жылы Тышкы иштер министрлигинин чечими менен Ануар Абдрахманов Белгиядагы элчиликтен кетип, "Манас" аэропортунун виза-көзөмөл бөлүмүнө экинчи катчы кызматына которулган. Ал жерде деле каржылык иштердин ачык эместигине, төлөмдөр мамлекетке түшпөй сол капчыкка кеткенине күбө болгонун белгиледи. Бирок көп өтпөй, “Кыргызстанга келген Ливан жаранына виза бербей койду" деген негизде иштен алынган. Мурдагы консул буга макул болбой, Тышкы иштер министрлигин сотко берип, биринчи инстанция анын пайдасына чечим чыгарган. ТИМ мунун үстүнөн Бишкек шаардык сотуна кайрылып, мурдагы чечим жокко чыгарылган. Кийинчерээк шаардык соттун чечимин Жогорку сот күчүндө калтырган.
Ануар Абдрахманов учурда бул ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра каратууга аракеттенип жүрөт. Ал өзү виза бербей койгон ливандык жаран кийинчерээк Кыргызстанга мыйзамсыз жолдор менен кирген деп эсептейт.
- 2016-жылы Көчмөндөр оюндарынын алдында бизге өтө кылдат иштөө тууралуу катуу тапшырма берилген, - деди ал. - Ливандык жаран эч кандай визасы жок эле келип алып, менден "виза бер" деп сурады. Ал мыйзамсыз келсе, мен кантип бере алам? Жоопкерчилик менин мойнумда да. Ошол себептүү мен анын айтканын аткаруудан баш тартып, артка кайтардым. Бирок ал эки күндөн кийин башка адис аркылуу Кыргызстанга өтүптүр. Мени ушул нерседен улам иштен кетиришти. Иштен кетирүүнүн өзү мыйзамсыз болду. Эскертүү да, сөгүш да жок болчу. Жада калса ишти караган судьялар "Муну кайсы негизде жумуштан кетирдиңер?" деп таң калышты. Бирок жогорку жактан телефон чалгандар болуп, шаардык сот мени иштен алуу тууралуу министрликтин чечимин туура деп таап, доо арызымды канааттандырган жок.
Айта кетчү жагдай: Белгиядагы элчиликте запкы көргөн жаранды табуу аракетибиз азырынча натыйжа бере элек. Буга чейин анын элчиликте кодуланганын айткан видеосу Интернетке чыккан.
- Мени уят сөздөр менен сөгүп, катуу басынтып келди. Жакындарыма да ооз ачпай, эч нерсе айткан эмесмин, - деп билдирген ал Интернеттеги видеодо. Бирок жүзүн ачык көрсөткөн эмес.
"Азаттык" мурдагы консулдун билдирүүлөрү боюнча Белгиядагы элчи Асеин Исаевдин да пикирин укту. Ал Абдрахмановдун айткандары чындыктан алыс деп баалады:
- Тышкы иштер министрлиги кылдат ишти талап кылган мекемелердин бири. Анын иши мамлекеттин бедели, ар-намысы менен байланыштуу. Өлкөнү тышкы дүйнөгө таанытат. Эгерде биз өзүбүздү тиешелүү деңгээлде алып жүрбөсөк, өнөктөштөр биз менен кызматташпайт. Ошондуктан катуу талап коюлат. Адамдардын бул талапка жооп бербеген учурлары кездешет. Аны кадыресе кабыл алыш керек. Баары эле дипломат боло албайт. Бул өтө оор кесип. Сыртынан жакшы көрүнүшү мүмкүн, бирок аябай оор, убаракерчилиги бар, тынымсыз эмгекти талап кылган жумуш. Бул иште иштөө болбой калдыбы - демек башка нерсе менен алектениш керек. Мен мурдагы кызматкерге жооп берген жокмун. Анын деңгээлине түшкүм келген жок. Ар кайсыны ойлоп тапканын, ушактоонун баарын анын абийирине койдум.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Улан Дыйканбаев Ануар Абдрахмановдун кайрылуусу боюнча мындай комментарий берди:
- Бизде Жогорку соттун чечими бар экен. Анда Ануар Абдрахмановдун арызы канааттандырылбаган бойдон калыптыр. Бул акыркы чечим жана даттанууга жатпайт дегендиктен биз аны негиз катары карманабыз. Элчилик боюнча айтсак, негизи жаңы министр келгенден кийин ички ченемдик укуктук актылар бар да. Ага айрыкча кадр жаатын өзгөртүү боюнча маселелер кирет. Буюрса, иштелип чыгат. Ошонун негизинде маселелер комплекстүү каралат.
Негизи эле Кыргызстандын чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө карата сын биринчи жолу айтылып жаткан жок. Маселен, Италияда иштеп келген Лира аттуу кыргызстандык келиндин Швейцариядагы элчиликке дооматы арбын.
- Мен кызымды Италияда иштеп жүрүп төрөдүм, - дейт мурдагы мигрант. - Ал жактагы консулдук кызматкерлеринин кайдыгерлигинен кызыма бир нече ай бою документ ала албай, Кыргызстанга келе албай жүрдүм. Же бала менен иштей албайм. Абдан кыйналдым.
Лиранын айтымында, Италияда дипломаттардын мындай мамилесинен жалкыгандар четтен табылат экен.
Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги Италияны да карайт. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишине канааттанбаган Лира көптөгөн түйшүк тартып, баласына документ алган. Азыр экөө тең Кыргызстанда. Тышкы иштер министрлигинин Коомдук кеңешине да чет элдеги элчиликтердин ишине нааразы болгондор көп кайрылат. Аталган кеңештин төрайымы Анаркүл Султангазиева ТИМ "арыздар негиздүү эмес, тастыкталган жок" деген жооп менен кутулуп келатканына токтолду:
- Мисалы, Австрия, Түркия жана башка мамлекеттер боюнча көп арыз түшкөн. Өткөндө мага бир кыз кайрылды. Ал эки ай бою жалпы жарандык паспорт ала албай жүргөнүн, иштей албай жатканын айтты. Паспорту даяр болгонуна бир ай болуптур. Аны айтып коюшпайт же кат жиберишпейт. Мен чалгандан кийин араң беришти. Ушундай көрүнүштөр бар. Мен аны айтып эле келатам. Азыр иштеп жатабыз.
Кыргызстандын башка өлкөлөрдөгү элчиликтеринде да ички чыр-чатак буга чейин чыкканы белгилүү. Мыйзам бузуу фактылары катталып келатканы да айтылып келген. Мурдагы дипломат Мамбетжунус Абылов мунун себебин элчиликтерде иш билги адистер иштебей жатканынан көрөт.
- Дипломатияны оңой деп ойлошот, - деди мурдагы элчи. - Бирок ал өзгөчө документтерге кылдат карап, туура дайындай турган орган. Азыр кадр маселеси начарлап кетти. Тааныш-билиш же кызмат бөлүштүрүүнүн арты менен тандалган кадрлардан улам ушундай жагымсыз окуялар орун алууда. Өзгөчө Атамбаевдин (Ред.: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев) учурунда көчөдө жүргөндөр элчи болуп барып калышты. Алардын мындай функцияны аткарышы мүмкүн эмес. Ал үчүн тажрыйба керек. Мындан тышкары, министрликтин өзүндө талаптагыдай жетекчилер иштеши керек. Бул маселе да оор бойдон турат. Ушул маселелерди комплекстүү түрдө чечпесе, дипломатиянын сапаты аксаган бойдон кала берет. Бөтөнчө документация иштерин так аткарыш дипломаттардын башкы милдети да. Алардын документациядан башка эмне иши бар?
Өткөн айда Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан кызматта турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК), президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.
Ал эми мурдагы консул Ануар Абдрахмановдун даттануусун ТИМге караштуу Коомдук кеңеш териштирип жатат.