Саясий ачкачылыкты бийлик этибар албады

Ачкачылык кармаган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров. 9-февраль, 2019-жыл (коллаж)

Жарандык коом өкүлдөрү саясий ачкачылык жарыялаган саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун жагдайына бийлик көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты.

Алар ачкачылык кармагандардын ден соолугу начарлап, өмүрүнө коркунуч жарала турган болсо, анын кесепеттери оор болорун эскертишүүдө.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагында мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатканын айтып, адам тагдырын оюнчук кылган судьяларга чара көрөрүн билдирди.

Тоготпогон тоңмоюндукпу?

Бийликти күч менен басып алууга байланыштуу айыпталып, камалган саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров соттогу мыйзамсыздыкка каршы ачкачылык жарыялашкан. Саламаттыгын көзөмөлдөш үчүн алар шаардагы №47 абакка которулган.

Алды он күндөн бери ачкачылык кармап отурган саясатчылар соттук жараянды мыйзамдуу нукка салууга таасир этүүнү өтүнүп президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөт башчыга кайрылышкан.

Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бийликтин тоң моюндугунун кесепеттери оор болуп калышы мүмкүн деп эскертти:

- Үч жигит азыр түрмөдө ачкачылык кармап отурат. Быйыл ушул мезгилде Шералы Назаркулов бир канча күн ачкачылык жарыялап, анын кесепетинен каза болгонуна 16 жыл болду. Ага азыр бул үч жигиттин ачкачылык кармаган учуру туура келип калды. Ошондо да ачкачылык кармоого соттун адилетсиздиги себеп болгон. Биз ошондон сабак алышыбыз керек да! Президент бул абалга көңүл бурушу керекпи же жокпу деген маселе турат. Макул, президент соттун ишине кийлигишпей эле койсун. Бирок бул жерде абактагы үч саясатчы ачкачылык кармап отурат. Бул соттун ишине нааразылыктан улам келип чыккан саясий акция. Демек, президент иштин чоо-жайына көңүл бурууга тийиш. Президент ачкачылык кармагандардын абалына көңүл бөлүп, "алардын сот иши адилет каралсын" деп айта алат.

Абакта саясий ачкачылык кармап отурган үч саясатчынын жакындарынын кайрылуусунда сот ишин ачык өткөрүү жана мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу жөнүндө өтүнүч камтылган. Бирок буга карата азырынча президенттен, парламенттен жана өкмөттөн кандайдыр бир расмий жооп боло элек.

Президент жалпы сот тармагын сындады

Анткен менен Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков адам тагдырын каалагандай калчаган соттордун мыйзамсыз аракеттери тууралуу көптөгөн арыз-даттануулар түшүп жатканын айтып, чара көрүүгө убакыт келгенин билдирди:

- Соттор өздөрү мыйзам бузуп, жарандардын укугун тебелеп жатса, эмне үчүн мен эл шайлаган президент катары ага жөн эле карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерде мыйзам бузулса, кайсы жерде адам укуктары тебеленип жатса, мамлекетке, элге зыян келтирилип жатса - президент катары бардык маселеге кийлигишем. Анткени мени эл шайлаган. Эл үмүт менен шайлаган. Мага элдик бийликти ишке ашырууга эл өзү ыйгарым укук берген. "Боло берет экен" деп ойлобогула. Эми андай болбойт! Мыйзам чегинде чара көрөбүз. Эми ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Адамдын тагдырына мынчалык кайдыгер мамиле кылбаш керек. Өзү сот болуп ошондой нерселерге баргандарга кечиримсиз мамиле болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жээнбеков: Коррупционерлерге саткындар деп мамиле кылуу керек

Парламентке мыйзам чыгаруу укугунан сырткары, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө милдети дагы тагылган. Бирок талдоочулар соттордогу адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу маселелерде депутаттар да үн катпай калганы айтылып келе жатат.

Парламенттеги фракциялардын башчылары оппозициячыл саясатчылардын соттук иштеринин жүрүшү жана алардын ачкачылык акциясы сыяктуу маселелерди көтөрүп, талкуулай элек.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев анын себебин киргизилген чектөөлөр менен байланыштырды:

Дастан Бекешев.

- Ачкачылык акциясы - бул "бизди унутуп калышпасын" деп өзүнө көңүл бурдуруунун формасы. Мен аларды түшүнөм. Алардын ордунда башка бирөө болсо деле балким ошого бармак. Аларга эч нерсе дей албайбыз. Бирок Кудай сактасын. Эгерде алардын бирөө-жарымына бир нерсе болсо мамлекетке терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошол үчүн ал адамдардын саламаттыгына дарыгерлер кылдат көз салышы зарыл. Биз эми депутат катары бул ишке кийлигише албайбыз. Анткени 2016-жылы сот реформасынын алкагында сотко кимдир бирөөнүн абалын жеңилдетүүнү өтүнүп кайрылууга тыюу салган чектөө киргизилген. Ошондуктан депутаттар эмнени айтса-айтпаса деле сот өзү чечет.

Саясий ачкачылыкка мурда кандай мамиле болгон?

Анткен менен "авторитардык бийлик режимдери" деп аталган мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев башкарган кезде деле саясий ачкачылык жарыялагандарга бийлик көңүл бөлүп, коюлган талаптарды карап чыгууга аракет кылган учурлар болгонун мисал келтиргендер бар.

Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, мурдагы вице-премьер-министр Курманбек Осмонов ал кезде саясий ачкачылык кармагандардын койгон талабына олуттуу мамиле болгонун айтты:

Курманбек Осмонов.

- Азыркыга окшоп оппозициялык саясатчылар жапырт ачкачылык жарыялаган учурлар биздин убакта болгону эсимде жок. Бирок ал кезде ар кандай саясий акциялар, саясий жүрүштөр тез-тез болуп турчу. Ошону менен катар айрым бир учурларда жалгыз-жарым ачкачылык жарыялаган учурлар болушу мүмкүн. Ошондо да ачкачылык кармаган адамга барып, абалын сурап, койгон талабын угуп, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылат элек. Диалог бар болчу. Айрымдарды радикалдык кадамдарга барбоого чакырып, бир пикирге келүүгө ынандырган учурлар болор эле. Азыркыдай көңүл бурбай, боло жүргөн көрүнүш катары карагандай мамиле жок эле. Биз колубуздан келишинче тиешелүү чара көрчүбүз.

Буга чейин абактагы саясатчылардын ачкачылык жарыялашына жана алардын саламаттыгына байланыштуу маселе парламентте көтөрүлгөн эмес. Абактагы үч саясатчынын жакындары алардын үнү угулбай жатканын белгилеп, бийликтин кайдыгерлигин айыпташкан.

Тасмада: Камактагы саясатчылардын тарапташтары өткөргөн митинг. 5-февраль

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Камактагы саясатчылардын тарапташтарынын талабы

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.