Башкы прокурорду тоскон МАИ кызматкери сотто утту

Иллюстрация

Бишкектин Биринчи май райондук соту мамлекетти 2012-жылы жумуштан четтетилген МАИ кызматкери Азамат Осмоновго 500 миң сомдон ашык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

2012-жылы МАИ кызматкерлери ​Бишкекте “Лексус” автоунаасын айнегин караңгылатып алганы үчүн токтотууга аракет кылышкан. Бирок ага карабастан токтобой кеткенде артынан кубалап, асманга эскертүү иретинде ок да чыгарышкан. Кийин маалым болгондой, автоунаанын ичинде ошол кездеги баш прокурор Аида Салянова бараткан. Окуядан көп өтпөй МАИ кызматкери Азамат Осмоновго Кылмыш кодексинин "кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси боюнча иш козголуп, жумуштан айдалган. Иштен мыйзамсыз алынганын айткан Осмонов ушул кезге чейин соттошуп келе жаткан болчу.

26-мартта Биринчи май райондук соту Осмоновдун пайдасына чечим чыгарып, мамлекетти ага 524 миң сом материалдык компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошол эле кезде сот Азамат Осмоновдун кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, ал үчүн 1 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүсүн сураган экинчи арызын канааттандырган жок.

Соттун чечимине ылайык, кенемтени Каржы министрлиги төлөп бериши керек. Бирок министрликтин өкүлү Гүлмира Түгөлбаева ал үчүн мамлекеттик бюджетте акча каралбаганын айтты:

- Алгач Башкы прокуратура соттун чечимине даттанышы керек. Эгер даттанбай, чечимге макул болсо, анда кенемте Башкы прокуратурага бөлүнчү бюджеттин эсебинен чегерилет. Буга республикалык бюджеттин тиешеси жок, прокуратуранын өзүнүн каражаты берилиши керек.

Мыйзамга ылайык, Башкы прокуратуранын соттун чечими боюнча даттанууга бир айлык мөөнөтү бар. ​Бирок жарым айга чукул убакыт ичинде прокуратура апелляциялык арыз жаза электиги маалым болду. Башкы прокуратуранын өкүлү Алмамбет Абдраманов азыркы учурда бул маселе мекеменин кароосунда турганын "Азаттыкка" маалымдады.

Мурдагы МАИ кызматкеринин сотто экс-прокурорду утуп алышын саясий кырдаалга байлагандар да болууда. Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, Аида Салянова учурда оппозицияда жүргөндүктөн, сот ушундай чечим чыгарды:

Динара Ошурахунова

- Өлкөдө канчалаган милиция, МАИ кызматкерлери чоңдорду токтотуп, ишине кийлигишкени үчүн кызматтан төмөндөп, жумуштан кеткен. Колунан келсе биздин соттор алардын бардыгына акыйкат чечим чыгарсынчы. Менимче, Салянова оппозицияда жүргөнү үчүн бийликтегилер көзүн жумуп, сот коркпой чечим чыгарды. Болбосо, бардык жумушунан айдалган милиция кызматкерлери сот аркылуу кайра ордуларына келип албайт беле. Канча деген жумуштан мыйзамсыз кеткендер азыр сот аркылуу акыйкатка жетпей жүрбөйбү.

Ал эми юрист Өмүрбек Рыскелдиев Кыргызстандын Эмгек кодекси кызматтан мыйзамсыз четтетилген адамдарды жакшы коргой турганын белгилейт:

- Бизде Эмгек кодексинен тышкары "Жарандык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам бар. Анда мамлекеттик кызматкерлердин ишинин базалык тартиптери так жазылган. Алсак мамлекеттик кызматка келгенден кийин тийиштүү чечимдерди коркпой чыгарышы керектиги жазылган. Ал эми кызматкерлер ишти так аткаруу үчүн мамлекеттен ыйгарым укук жана кепилдиктер берилген. Ошону менен бирге алардын жоопкерчилиги да каралган. Эгерде соттон жеңип чыккан мурдагы МАИ кызматкеринин ишин алып карай турган болсок, анын ордуна башка адам болсо деле прокурордун унаасын токтотмок. Мындай учурларда жогоруда мен айткан мыйзамдар арыздануучу тарапка чоң көмөк болот.

Ушул өңдүү окуя 20-мартта Бишкектин Манас жана Киев көчөлөрү кесилишкен жерде катталган. Анда Патрулдук милиция өкүлү Эсен Кыргызбаев "жол эрежесин бузду" деген негизде BMW унаасын токтоткон кезде айдоочу айым патрул кызматкери менен жаңжалдаша кеткен. Окуядан бир жума өтпөй Кыргызбаевдин иш орду которулуп, унааларды текшерүү укугунан ажыратылган. Бул аракетке кандай баа берилери азырынча белгисиз.

Статистика боюнча 2010-2014-жылдар аралыгында мыйзамсыз кызматтан алынганы үчүн арызданып, сотто утуп алган милиция кызматкерлерине сегиз миллион сомдой компенсация төлөнүп берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.