Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

Башкы прокуратура: Кыйноого шектелген үч милиционер камалды


Кыргызстанда кыйноого шектелген милиция кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Чүйдүн Москва райондук прокуратурасынан кыйноо үчүн соттолуп жаткан мурдагы милиционерлер жабыркагандарга басым жасап, айыптоолорунан баш тарттыруу үчүн аларды коркутуп-үркүтүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын буйругу менен 6-апрелде соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушу берилген.

Райондук сот бул сунушту канааттандырып, баш коргоо чарасы өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкаттан камакка алууга өзгөртүлдү.

Учурда алар Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2015-жылдын 13-январында Москва райондук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн үч кызматкери үч адамды эки күндөй мыйзамсыз кармап, кыйнаган. 2015-жылдын 3-апрелинде Кылмыш кодексинин 305-1 (кыйноо) беренеси менен козголгон иш Москва райондук сотунда каралууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, соттолуучу жарандар милициядагы кызмат ордунан четтетилген. (RK)

XS
SM
MD
LG