Жогорку Кеңеш бир айдан бери карабай келген "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу маселесин парламент күн тартибинин башына коюп, беш саатка жакын талкуулады. Бул маселе Сооронбай Жээнбековдун басма сөз жыйынына туш келгендиктен, коомчулуктун көңүлү президенттин иш-чарасына бурулуп, "Коопсуз шаардын" талкуусу көз жаздымда калды.
Өкмөттө талаштуу долбоорго жооптуу болгон биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, "Коопсуз шаардын" алгачкы этабы ишке ашырылганы турат. Долбоор боюнча сынактан жеңүүчү болуп табылган орусиялык "Вега" компаниясы менен бирге жаңы жылдан тартып Бишкектин көчөлөрүнө көзөмөл камералары орнотулат.
- 2012-жылдан бери болбой жаткан жумушту биз алты ай ичинде ишке ашырдык десек болот. 37 аппараттык комплекс келип түштү. Биринчи этапты сынактан утуп чыккан компания менен бирге май айына чейин толук ишке киргизели деп турабыз. Жаңы жылдан кийин орното баштайбыз, - деди министр.
Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания аны 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырууга макул болгон. Бул каражатты "Вега" компаниясы долбоорго салып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузууга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат. Орусиялык компания долбоорго жумшаган акчасынын ордун ушундай ыкма менен толтуруп, пайда көрмөкчү.
Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтымында, долбоор ишке киргенде көзөмөл камералары жолдогу жети мыйзам бузуу фактысын каттап, анын негизинде айдоочуларга айыппул салынат.
- Көзөмөл камералары жети жол эрежесин бузуу фактысын каттайт, - деди Бакыт Шаршембиев. - Конкурска дал ушул талаптар коюлган болчу. Атап айтсак, автоунаанын ылдамдыгы чектен ашса, жол чырактын кызыл жарыгынан өтүп кетсе, жөө жүргүнчүнү өткөрбөй койсо, тротуар менен автоунаа айдаса, жол эрежесин бузуу менен автоунаадан ашып өтсө жана тиешелүү чийинден өтүп кетсе каттап, айыппул салынат.
Бирок долбоордун ишке ашырыларынан айрым депутаттар шек санап, өкмөттү сындап чыгышты. Маселен, депутат Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча "Вега" концерни менен түзүлгөн келишимдин мыйзамдуулугу боюнча суроо көп экенин белгиледи:
- Жеке пикиримде, бул "Коопсуз шаар" эмес эле кооптуу адамдар катышкан, кооптуу долбоор болчудай болуп калды. Бул конкреттүү долбоор эмес, коммерциялык гана максатты көздөп жатат. Алдамчылардын каражатын көбөйтүүгө гана багытталчудай. “Сынакка катышкан компания 1,5 миллиард сом пайда табыш үчүн эмне себептен 2,5 миллиард сом салууга макул?” дегенге жооп жок болуп жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Рыскелди Момбеков “бул долбоор боюнча сынакты өткөрүүдө өкмөттөгү айрым жооптуу адамдар өз кызыкчылыгын ойлоп, орусиялык компанияга жан тартып койду” деген жүйөнү айтууда. Бирок өкмөт мүчөлөрү мындай дооматты четке кагып, ал вице-премьер Боронов менен Момбековдун кайым айтышына чейин жетти.
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенко алты жылдан бери "Коопсуз шаар" ишке ашпай келгени үчүн өкмөттөгү тиешелүү адамдардын жоопкерчилигин карап, аткаруу бийлигинин бул багыттагы ишин канааттандырарлык эмес деп табууну сунуш кылды:
- Эгер "Коопсуз шаар" боюнча Кыргызстанда “мен ыраазымын” деген бир адамды тапсак, анда “өкмөттүн иши бул багытта канаттандыраарлык эмес” деген маселени алып салсак болот эле. Тилекке каршы, абал таптакыр башкача. Өкмөттүн ичинде эки мамлекеттик орган бул маселе боюнча соттошуп, азыркыга чейин чечилбесе кантип бул боюнча өкмөткө оң баа беребиз?
Жыйындын жүрүшүндө депутат Никитенконун бул сунушун парламент колдогон жок.
“Бишкек, Ош шаарларына жана өлкөдөгү кан жолдорго көзөмөл камераларын орнотуп, жол кырсыктарын азайтууга шарт түзөт" деген долбоор жети жылдан бери ишке ашпай келген.
Негизи "Коопсуз шаар" долбоору акыркы жылдары ар бир өкмөттүн ишин, тагдырын аныктоочу көрсөткүчкө айлангандай. Алгач ирет аны 2012-жылы Өмүрбек Бабановдун өкмөтү ишке ашырууга белсенип, андан бери алты жолу сынак өтүп, бирок "багы ачылбай" келген.
Быйыл жазда ишке кирген Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү бул долбоорду алты ай ичинде ишке ашырууга убада берген. Анын негизинде 4-сентябрда “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөн бешинчи тендерде орусиялык “Вега” радиокуруу концерни" утуп чыккан.
Кийин сынакка катышкан дагы бир орусиялык "Маалымат тутумунун коопсуздугу" ишканасы "“Вега” концерни бир катар маалыматтарды жашырган" деп арыз жазган. Бул арызды Мамлекеттик сатып алуу департаментинин карамагында түзүлгөн комиссия карап, тендерде утуп алган орусиялык "Вега" компаниясы "талапка жооп бербейт" деген чечим чыгарган. Буга макул болбогон Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети сотко кайрылган.
1-ноябрда Бишкектин район аралык соту “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көз каранды эмес комиссиянын чечимин жокко чыгарган. Бул аркылуу сот орусиялык “Вега” концернин жеңүүчү деп эсептеген тендердик комиссиянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.
Эми кыргыз өкмөтү келаткан жылдын июнь айына чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун алгачкы этабын аяктап, кийинки баскычын ишке ашырууга сынак жарыяланарын билдирүүдө.