Танапистен кийин Жогорку Кеңештин жыйындар залында онго жетпеген депутат жана күн тартибине киргизилген маселелер боюнча чакырылган өкмөт өкүлдөрү гана отурду. Алардын катарында социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев, финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов бар.
Жыйынды башкарып жаткан вице-спикер Асел Кодуранова кворумдун жоктугуна байланыштуу дагы 15 мүнөт танапис жарыялоого аргасыз болду. Жагдайды сессияга кечигип келген депутаттардын бири Эмил Токтошев мындайча түшүндүрдү:
- Кворум болбой, жыйынды 15 мүнөткө жылдырышты. Бир депутаттын каза болгон апасына куран окутуп, баары ошого чыгып кетишти. Азыр келишет.
Депутат Сайдулла Нышанов кесиптештеринин куран окутканга кеткенин билген эмеспи, айтор, “Азаттыктын” кабарчысын зекип алганга үлгүрдү:
-“Кечигип калды” деп айткыдай сен тергөөчүсүңбү? Биз Жогорку Кеңештин имаратында турабыз, кечиккен жокпуз. Башка маселелер да бар. Андай тергөөчүлүк саясатты токтоткула! Эгер суроо берсеңер журналист катары суроо бергиле! Бирөө жолугушууда болду, бирөө башка маселе менен жүрүп калды. Бирок имараттын ичинде да. Бул жак биздин иш ордубуз. Мага эки киши келди. Биринин Саламаттык сактоо министрлигине тиешелүү маселеси бар экен. Министрге дароо айттым. Сен азыр “Нышанов келип айттыбы?” деп сурап көрчү. Бирөөнүн болсо баласы Ички иштер министрлигинде иштейт экен. Ошонун жетекчисине арызданып келиптир. Ишенбесең азыр кабинетке барып, кагазын көргөзөм.
“Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков депутаттар куран окутууга, башка иштерге байланыштуу кечиккенин моюнга алды:
- Албетте, кворум болбой калганы туура эмес. Менин билишимче депутаттар бир кызматташыбыздын көзү өтүп кеткен апасына куран окутканы барышкан. Депутаттар сүйлөшкөндө “куран окутууну Жогорку Кеңешке эң жакын жерде кылып, түшкүгө дайындайлы” деген сунуш болгон. Ошондуктан парламентке чукул эле кафеде окуткан. Бирок депутаттар кандайдыр бир себептерден улам кечигип калышты окшойт. Ушул кичине туура эмес, уятыраак нерсе болуп калды. Өкмөт мүчөлөрү үчүн да ыңгайсыз абал болду.
"Легендарлуу парламенттин" депутаты Жамин Акималиев парламенттин бул жолку ишине төмөнкүдөй баасын берди:
- Жогорку Кеңештин жыйынын массалык маалымат каражаттары чагылдырып жатса, депутаттардын танапистен кийин жыйынга келбей бир саат күттүрүп койгону маданиятсыздык жана наадандык. Бийликтин орчундуу бутагы болгон Жогорку Кеңеш ушинтип жатса, башкаларды эмне кылабыз? Азыр президент айтып жаткан максат, милдеттерди кантип ишке ашырабыз? Анын үстүнө парламенттин жогору жагында айылдан келген жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар отурганын көрдүм. Алар көрүп алып: “Булар эмне деген депутаттар?” деп айтып барат да. Булар Жогорку Кеңешти жаманатты кылып жатышат.
Эл өкүлдөрү жалпы жыйындарга, комитеттин отурумдарына катышпай кворум болбой калган учурлар маал-маалы менен катталып турат.
Мамлекеттик түзүлүш маселеси боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов депутаттар куран окутуу, той-топурга баруу сындуу жеке катыштарын коомдун кызыкчылыгынан жогору коюп жатканын сынга алды.
Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев эл өкүлдөрүнүн өкмөткө койгон талаптары менен өздөрүнүн аткаруу бийлигине кылган мамилесин салыштырды:
- Кээде парламентке премьер-министр өзү келе албай министр же анын орун басары барып калат. Ошондо депутаттар: “Эмнеге өзү келбейт, эмнеге кечигип жатат, эмнеге бизди сыйлабайт?” деп чаң-тополоң кылып жатышпайбы. Негизи сый деген парламент, өкмөт тарабынан да болушу керек.
22-ноябрда күн тартибине жалпысынан сегиз маселе кирген. Алардын бешөө каралып, “Коопсуз шаар” долбоору сындуу маанилүү маселелерди талкуулоо жумуш убактысы бүтүп калганына байланыштуу кийинки жумага калтырылды.
Талкууланып бүткөн долбоорлор боюнча добуш берүүдө да депутаттар бул күнү келбей калган кызматташтары үчүн чуркап добуш берип жүргөн учурлар көңүлдү бурду.
Регламент боюнча депутаттар кызматташтарынын ордуна каттоодон өтүп коюуга уруксат берилет. Бирок мыйзам долбоорлоруна депутат өзү гана добуш бериши керек.
Дагы караңыз Депутат кайда болбосун "колу" кнопкадаЭл өкүлү Исхак Масалиев мындай көрүнүштү жаңы жобо иштеп чыкмайынча чечиш кыйын деп эсептейт.
- Биринчи депутаттарды бармак аркылуу каттоодон өтө тургандай кылсак, ошондо жок дегенде каттоого келмек, - деди депутат. - Экинчиси - биз көпчүлүк жумушту фракцияга жөнөтүшүбүз керек. Эгер фракция кайсы бир маселе боюнча бир пикирге келсе, фракциянын өкүлү “биз ушул маселени талкууладык, биздин фракция макул же каршы” деп айтат. Анда залда отуруунун кажети жок.
Регламент боюнча 120 депутаттын 61и жыйынга катышса, кворум бар деп эсептелет. Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 2015-жылы ишин баштаган. Парламентте жалпы 120 депутат, алты фракция, тогуз комитет бар.