Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:14

Президенттин учагы депутатты уялтты


Сооронбай Жээнбеков. Анкара, 9-апрель, 2018-жыл.
Сооронбай Жээнбеков. Анкара, 9-апрель, 2018-жыл.

Моралдык жана техникалык эскилиги жеткенден улам ТУ-154-үлгүсүндөгү президенттик бортту жаңылоо боюнча демилге көтөрүлдү.

Бирок мамлекеттик бюджетте тиешелүү акча жок болгондуктан парламентте жана Жарандык авиация агенттигинде Кыргызстандын президентине жаңы учак белек кыла турган демөөрчү издөө маселеси коюлду.

ТУ-154 учагын мындан он эки жыл мурун Москва белек кылганын эске салган орусиялык басылмалар "Кыргызстан Путинден дагы учак үмүт этет" деген мааниде жазып чыгышты.

Ошол эле кезде парламентте бир эле президенттик борт эмес, Кыргызстандын авиапаркы учакка муктаж экени жана алардын да эскилиги эбак жетип калганы боюнча кеп козголду.

Учактын эскилигинен уялган депутат

Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев №1 борт моралдык жана техникалык жактан эскиргенин айтып, президентке жаңы учак алып берип, анын коопсуздугун камсыздоо маселесин алып чыкты.

Таабалды Тиллаев.
Таабалды Тиллаев.

Таабалды Тиллаев президенттин эски учак менен чет өлкөлөргө учканы мамлекеттин аброюна таасир этерин жана коопсуздук үчүн кооптуу экенин эскертти:

- Биз жакында президент менен расмий делегация Түркмөнстанга бардык. Мына ошондо беш түрк тилдүү мамлекеттин башчылары бардыгы заманбап үлгүдөгү учактар менен учуп келишти. Ошол жерде эң эле эски учак биздин президенттики болду. Президент - биздин мамлекеттин жүзү. Президент кайсы мамлекетке иш сапары менен учуп барса да алгач аны учактан күтүп алат экен. Ошондо аябай уялат экенсиң. Биз албетте, бюджетте мынчалык чоң каражат жок экенин түшүнөбүз. Бирок өкмөт биздин өнөктөш, дос мамлекеттер менен сүйлөшүп, бортту жаңылоо боюнча иш алып барса болмок.

Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт

Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт

Өкмөт авиация тармагында кемчиликтерге жол берген аткаминерлерди аныктап, чара көргөнү жатат.

Кыргызстандын президентинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан. Орусиялык медианын маалыматы боюнча президент Владимир Путин бул учакты 2006-жылы ошол кездеги Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге белек кылган. Бул учактын Кыргызстанда №1 борт катары кызмат өтөгөнүнө 12 жыл болуп, анын жалпы пайдалануу мөөнөтү 25 жылдан ашты. ТУ-154 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу учак СССРдеги орто жана узак алыстыкка учуучу эң коопсуз учак катары белгилүү. Анын алгачкы үлгүсү 1968-жылы Самара авиазаводунда иштелип чыккан. Бирок соңку жылдары бул үлгүдөгү учактар кулаган учурлар көп катталып, ушундан улам Орусияда былтыр аны пайдалануудан чыгаруу тууралуу сунуш түшкөн. Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги жакында өкмөткө президенттин учагын жаңылоо тууралуу сунуш киргизди.

Жарандык авиация агенттигинин өкүлү Алымбай Абакиров учакты сатып алууга мүмкүнчүлүк жок экенин айтып, ошондуктан аны белекке алууга ниеттенип жатышканын кошумчалаган болчу:

- Бул бортту алмаштырууга убакыт жетти. Бул учак эбак эле өндүрүштөн чыгарылган. Ошондуктан коопсуздук үчүн №1 бортту алмаштырып алсак жакшы болмок. Мурда Кавказда иштеген бул бортту 12 жыл мурун Путин белекке берген. Бирок дагы бир жолу учак белекке берилсе жакшы болмок деген үмүт бар.

Орусиялык ири маалымат агенттиктери "Кыргызстан мамлекет башчысы үчүн дагы бир жолу жаңы учак белекке алууну көздөйт" деген мааниде жазып чыгышты. Ошол эле кезде анда КМШдагы көпчүлүк мамлекет башчылары Батыш үлгүсүндөгү учактар менен учары белгиленген.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев буга чейин Орусия белек кылса, эми учакты Кытайдан, араб өлкөлөрүнөн же Түркиядан белекке алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүнү Транспорт министрлигине сунуш кылды:

- Буга чейин азыркы №1 бортту Орусиянын президенти белекке бериптир. Азыр эми араб өлкөлөрү, Түркия, Кытай турат. Биздин президент жөнөкөй адам болгондуктан катардагы жарандар менен бирге учуп жүрө берсе, биз ага сүйүнбөшүбүз керек. Бул жерде мамлекеттеги саясий туруктуулукту жана коопсуздукту биринчи кезекте ойлонушубуз зарыл. Ошондуктан биз президенттин коопсуздугун камсыз кылып, заманбап үлгүдөгү учакты алуу маселесин бай мамлекеттер менен сүйлөшүү керек. Өзбекстандын президенти деле жаңы жана заманбап үлгүдөгү учакты белекке алды. Себеби ага бюджеттен каражат каралган эмес.

"Мамлекет кайырчы болбошу керек"

Интернеттеги сооциалдык тармактарда кайсы бир бай мамлекеттен президентке жаңы учак белекке алууга үмүттөнгөн билдирүүлөр чоң сынга кабылды. Жарандык активист Уланбек Турдалиев чоң маселелер чечилбей турганда ушундай маселени көтөрүүнүн өзү туура эмес деп эсептейт:

- Бизде эми азыр саламаттык сактоодо, билим берүү тармагында толтура көйгөйлөр турса, "президенттин учагын жаңылап берели" деп чыгышканы туура эмес. Ошол аткаминерлер менен депутаттар кыйын экен, "мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгын жогорулаталы, билим берүү менен медицинанын сапатын көтөрөлү" деп чыгышпайбы. Президент эми 2-3 жолу катардагы эле авиакаттам менен чет мамлекеттерге чыгып жүрбөйбү. Ошентип эле жөнөкөй мамлекет башчысы катары башкалардан өзгөчөлөнүп, жүргүнчүлөр каттамы менен эле сыртка барып-келип иштеп турса болот да.

Учурда №1 бортту жаңысына алмаштыруу идеясы өкмөттөн колдоо тапканы менен, бирок аны белекке алуу же сатып алуу маселеси чечиле элек. Жаңы үлгүдөгү заманбап учактардын баасы учурда 100-120 миллион доллар турат.

Мындай каражат Кыргызстандын бюджети үчүн өтө чоң акча экенин айткан транспорт министри Жамшитбек Калилов президенттик бортту жаңылоо зарылдыгы бар экенин ырастап, жаңы учак сатып алыш үчүн каржы булагын издөөгө парламент менен өкмөт колдоосу керек экенин айтты:

Жамшитбек Калилов.
Жамшитбек Калилов.

- Чындыгында ТУ-154 учагы 1993-жылдан бери учуп, иштеп келатат. Моралдык жактан эскирди. Бирок анын техникалык жактан учуу ресурсу дагы эле бар. КМШ мамлекет башчыларынын арасында чынында ТУ-154 учагы биздин президентте эле калды. Бирок эми барып-барып эле каржы маселесине такалып калып жатпайбызбы. Эгерде сиздерден колдоо болсо, анда биз бул маселени бардык жагынан карап туруп, чечүүгө аракет кылабыз.

Ошол эле кезде парламентте Кыргызстанда жалпысынан 22 авиакомпания катталганы менен, учурда анын үчөө гана иштей турганы белгиленди. Транспорт прокуратурасынын маалыматы боюнча, ал үч авиакомпаниянын бирден-экиден гана учагы иштейт, жалпысынан 11 учак жараксыз.

Кыргызстандагы эл аралык каттамдардын көпчүлүгүн Орусиянын, Түркиянын жана Казакстандын авиакомпаниялары жүргүзөт. Ошондуктан парламентте жалаң эле президенттик бортту эмес, жалпы эле авиапаркты жаңылоо зарылдыгы турганы айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG