2010-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Иномжан Абдурасулов Ошто эң бай жана таасирлүү адам катары таанымал болгон. “Азаттык” ага таандык делген ири ишканалар табышмактуу жагдайларда "Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан Шаршенбек Абдыкеримовдун “Аю” фирмасына өтүп кеткенин иликтеп чыкты.
“Эргеш-Ата” кийин “Аюга” кантип өткөн?
Оштун Кара-Суу районунда Иномжан Абдурасуловго таандык ишканаларды элдин баары эле жакшы билет, сурасаң дароо көрсөтүп да беришет. Азыр Кашкар-Кыштак айылындагы пахта заводу кадимкидей иштеп жатат.
Өзүн Хамидулла Юлдашев деп тааныштырган адам ишкананы кандай шартта, кимдер иштетип жатканын учкай гана "Азаттыкка" айтып берди. Ишкананын эң чоң жетекчиси деп Алмаз Бакчековду атады:
- Мен бул жерде жетекчи болуп иштейм. Бул жерде негизи башка ишкана бар экен. Банкка күрөөгө коюлган экен. Банк аркылуу алып, акционердик коом түзүп кирдик. Бул завод Иномжан Абдурасуловго эч кандай тиешеси жок экен. Бул акесинин мүлкү экен. Ал аркылуу акционердик коом болуп түзүлдүк. Биздин жетекчибиз - Алмаз Бакчеков. Азыр ал бир иш менен Кара-Сууга кетти. Бүгүн кечирээк келип калат же эртең менен келип калат. Акционердик коомду ошол жетектейт.
Кашкар-Кыштактагы пахта завод июнь коогасына чейин Иномжан Абдурасуловдун атасынын атынан, тактап айтканда “Эргеш-Ата” деп аталчу. Азыр болсо Cotton Textiles Factory ачык акционердик коому болуп калган. Бул ишкана “Аю” фирмасына карайт. Биз “Аюнун” жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримовдон заводду кимден, качан жана кандай жагдайда алганын, акционерлер тууралуу сурайлы деген аракетибизден майнап чыккан жок.
Cotton Textiles Factory ишканасынын жетекчиси Алмаз Бакчеков да маалымат берүүдөн баш тартты:
- Бул маселе боюнча директорлор кеңешинин төрагасы гана жооп бере алат. Ошол чечет. Ал киши октябрдын 20ларынан кийин келет. Ошол киши маалымат берет. Мен бере албайм. Ошол кишиден сурасаңыз, мен азыр батада жүрдүм эле.
Cotton Textiles Factory тууралуу азыноолак маалыматты “Аю” фирмасынын расмий сайтынан таптык. Ал жерде Кыргызстандагы пахтаны кайра иштетүүчү ири ишканалардын бири экени, 2013-жылы түзүлгөнү жазылган. Пахтадан була гана даярдалбастан, май, жем, линт, жууркан-төшөккө салына турган кебез, самын жасалары, Орусия менен Түркияга экспорттолору көрсөтүлгөн.
Ушул тушта Иномжан Абдурасуловдуку делген ишканаларда анын бир туугандары иштешет. Кашкар-Кыштакта жашаган бир тууган агасы Пайзулло Абдурасуловдун үйүнө барганыбызда анын келини кайын атасы пахта завод иштетерин тастыктады:
- Мен бул үйдүн келини болом. Азыр алар иште. Атам пахта заводдо.
Ошол айылдын четиндеги мал-жан кармалган сарайды жана анын айланасындагы көлмөсү бар бак-шактуу жерди жергиликтүүлөр “Иномжан Абдурасуловдун “ранчосу” деп тергешет экен. Ал жерден анын бир тууганы инисин кездештирдик. Ал агасынын мүлктөрүнүн баары сатылып кеткенин гана айтты:
- Акем мүлктөрүнүн баарын сатып бүткөн. Эч нерсеси калган жок. Азыр мүлкү жок. Үйү эми аялына катталуу болсо керек. Бул жер деле ага карабайт. Бул ишканага карайт. Кайсы ишкана экенин чоң акем билет.
Ошто жүргөнүбүздө Иномжан Абдурасуловдун агасы Пайзулло Абдурасуловго жолуга алганыбыз жок.
Мүлктөрдүн "мүшкүлү" жана прокуратуранын аракети
Абдурасуловдун мүлктөрүн конфикациялоо боюнча маселени башынан баяндайлы. Ага июнь калабасы боюнча 2010-жылы 14-июнда “улут аралык кастыкты козуткан, калайман баш аламандык уюштурган, мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга аракеттенген" деген айыптар менен кылмыш иш козголгон. Кылмыш ишти Ош шаардык сот карап, былтыр октябрда өкүм чыккан.
Судья Байымбек Осмонов анда үй-мүлкү конфискациялансын деген чечим чыгарганын тастыктады:
- Ушул коюлган бардык айыптар боюнча соттолуучу Иномжан Абдурасулов Ош шаардык соттун 2014-жылы 23-октябрда өкүмү менен ал белгилүү бир кызмат ээлөө укугунан ажыратылып, биротоло өмүр бою эркинен ажыратылган жана үй мүлкү мамлекеттин пайдасына конфискациялансын деген өкүм чыккан.
Бул кылмыш иш Ош облусттук сотто каралган жана анда шаардык соттун чечими күчүндө калган.
Кара-Суу районунун сот аткаруучусу Рыспек Бектурсуновдун ырасташынча, текшерүү учурунда Абдурасуловдун эч нерсеси жок болуп чыккан:
- Машиналары тууралуу облустук МАИден, ал эми кыймылсыз мүлктөрү боюнча Мамлекеттик каттоодон сурайбыз. Ал жерден сураганыбызда кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыккан. Анан мүлктөрү жок деген маалымдамаларды шаардык сотко жөнөткөнбүз. Бизге мүлктөрүн тактоо боюнча ушул жылдын февраль айында кат келген. Ошол учурда сураганыбызда жок деп беришкен.
“Азаттык” бул иликтөөнү даярдап жатып Иномжан Абдурасуловдун кылмыш ишине байланыштуу прокуратурадагы жана соттогу материалдар менен таанышып чыккандан кийин бир топ суроолор жаралды.
Эң негизгиси - Иномжан Абдурасуловдун мүлктөрүн аныктоо боюнча документтер кылмыш иш козголгондон кийин бир жылдан соң, тактап айтканда, 2011-жылы июнь айында гана тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн. Анда Абдурасуловдун Кашкар-Кыштакта үч жерде 60 сотыхтан ашык жеринен башка эч нерсеси жок деген маалымдамалар алынган. Бирок ошол жерлер деле мамлекеттин карамагына өткөн эмес.
Прокуратура, сот тармагын жакшы билгендер Иномжан Абдурасуловго оор айып тагылып, кылмыш иш козголор замат эле үй-мүлктөрү аныкталып, дароо камакка алынышы керектигин айтып беришти. Оштогу эң бай деген адамдын мүлктөрү тууралуу прокуратура кылмыш иш козголгондон бир жылдан кийин гана кызыга баштаганы бир катар күдүк ойлорду жараткан.
Эл арасында кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн иш атайылап бир жылга созулуп, мүлктөр жең ичинен башка бирөөлөргө каттатылып, сатылышы ыктымал деген сөздөр чыкты. Бул кылмыш ишти Башкы прокуратура тергеген экен.
Ал мекемеге кайрылганыбызда иш боюнча жооптуу тергөөчү Бектурсун Абдулакимовго кайрылуубузду сунушташты. Бирок биз Абдулакимов менен телефондон байланыша алган жокпуз.
Ал эми Ош шаардык прокуратуранын кызматкери Нематжан Гудуков буларды айтты:
- Ал иш боюнча сотко мен мамлекеттик айыптоочу катары катышкам. Мага кандай материал беришсе ошол материалдар менен катышкам. Муну Башкы прокуратура тергеген. Алар анын [Абдурасуловдун] болгон мүлктөрүн камакка алган. Менин билишимче, анын айрым бир мүлктөрү дагы деле кайсы бир кампаларда турат. Ушундай имиштер бар. Эми анын баарын тиешелүү органдар аныктайт да. Мен сотто болгон материалдар менен эле айыптоону колдогом.
Мамлекеттик каттоо кызматтын мурунку жетекчиси Эрлан Сапарбаев тиешелүү органдар мүлктү камакка алгыча сатып-алуу иштери мыйзамга ылайык келерин тастыктады:
- Тийиштүү органдардын чечими менен мүлктөрдү сатып-алууну токтотуп коет. Эгер ошондой чечим болсо ал мүлктү сатуу, кайра каттоо мүмкүн эмес. Эгер соттун ошондой чечими чыкканга чейин сатып жиберсе, анда ал ак ниет кардар болуп калат. Бирөө сатты, дагы бирөө аны алды. Бул жерде мыйзам бузуу болбойт. Мүлкү камакка алынса анда Мамкаттоого дароо ал тууралуу маалымдама жөнөтүлөт. Эгер прокуратура да, сот да камакка алуу тууралуу чечим чыгарбаса анда сатып-алуу боло берет.
2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Иномжан Абдурасуловдун мүлктөрүнүн убагында камакка алынбай калганы тууралуу мындай деди:
- Ошол убактагы укук коргоо органдары иштеши керек эле. Мисалы, ошол учурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев 2010-жылы сентябрда иштен кеткен. Ачык эле айтып коеюн, ошондон кийин эч кимдин үй-мүлкү камакка алынган жок. Камакка алынгандар, тескерисинче, чыгарыла баштады. Ошол баш прокурор кеткенден кийин бир дагы жаңы иш козголгон жок. Ошол эле Иномжан Абдурасулов, Кадыржан Батыров, Салахидиновго окшогондордун мүлктөрүн аныктоо иштери жүргөн жок. Ыңкылаптан кийин улутташтыруу, коррупциялык схемаларды бузуу бизге эле керекпи? Мындай нерселер биз кетсек эле токтоп калат. 2005-жылы деле биз 5 ай, 13 күн иштедик. 2010-жылы болсо 6 ай,13 күн эле иштедик.
2010-жылы июнь коогасы учурунда атайын кызмат Иномжан Абдурасулов жана анын жакындарынын үйүн тинткенде ок-дарысы менен курал-жарактар чыкканын жарыялаган. Ал эми ага таандык деген ишканалардан урушка даярдалган, сооттолуп-чопкутталган унаалар, кол салууга даярдалган ар кандай темир, жыгач таяктар алынган.
Күч түзүмдөрүндөгү "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, эл аралык издөөдө жүргөн Иномжан Абдурасулов ушул тушта Өзбекстандын Анжиян облусунда жашайт. Ал "Ош демилгелери" деген коомдук бирикмени жетектеп, июнь коогасына байланыштуу ар кандай билдирүүлөр менен чыгып келгени көпчүлүккө кеңири маалым.
P.S. Бул материалга байланыштуу "Аю" ишканасынын маалыматын угууга "Азаттык" даяр.