Мамлекеттин карамагына алынды делген менен ал мүлктөрдүн тагдыры азырынча белгисиз.
Сот тарабынан мамлекеттин пайдасына алынган жер тилкелери менен мал-мүлктүн көпчүлүгү жеке колго өтүп, андан ары үчүнчү бир тараптарга сатылып кетип жактан фактылардын бети ачылууда.
Ошол эле кезде укук коргоо органдары арадан беш жыл убакыт өткөнүнө карабастан аталган адамдардын чет өлкөдөгү банк эсептери менен мүлктөрүн камакка алып, мамлекеттин пайдасына кайтара алышкан эмес.
Чекесинен сатылган жер тилкелери
Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан сот өкүмү угузулган Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловдун мүлкүн конфискациялоо чечими 2011-жылы эле чыккан болчу. Анын негизинде Кадыржан Батыровго жана анын өмүрлүк жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объектке камак коюлуп, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.
Бирок жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү Батыровго таандык жер тилкелери, айдоо аянттары, мал чарба фермалары, автоунаалары, айыл чарба техникасы жана курулуш шаймандары соттун чечиминде так тизмектелип, көргөзүлбөгөнүн айтып чыгышкан. Анда анын бир катар мал-мүлкү менен жер тилкелери жеке колго өтүп, үчүнчү бир тараптарга сатылып кеткен учурлар катталган.
Бул боюнча учурунда Батыровдун “Аль-Каб” жана “Экрос” ишканаларына таандык мүлктөрдү жалган документтердин негизинде үчүнчү бирөөгө сатуу фактысы боюнча 2014-жылы кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абаддагы укук коргоочу Анарбай Орозов быйыл апрель айында камакка коюлган Батыровго таандык айдоо аянттары чекесинен сатыла баштаганын ачыктады:
- Сузактын Таш-Булак айыл аймагында камакта турган Батыровго таандык жер аянттарын айыл аймагынын башчысы Музаффар Исаков чекесинен сатып жатат. Ага мындай укукту ким берди? Биз бул тууралуу Сузактын акимине, облустун прокуроруна арыздандык. Арызды карап, иштин жагдайын териштирүүнүн ордуна облустук прокуратура менен район жетекчилиги айыл аймагынын башчысын коргоого өтүштү. Бардыгы биригип алып, таштак категориядагы жер аянты деген чечим чыгарып, ошонун негизинде сатууга уруксат берип жатышат. Бул жерде бардыгынын кызыкчылыгы төп келди. Көз көрүнөө мыйзам бузуулар турса да Музаффар Исаков тергөөгө барбайт. Буларды бир тескеген жетекчи барбы?
Бул ишке жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте эле, акимчилик жана прокуратуранын катышы бар деген доомат азырынча документ түрүндө тастыкталган жок. Анткени аталган жер тилкеси Батыровдун ишканаларына таандык жер тилкеси катары атайын тизмеде бар экендиги документалдык далилди талап кылат.
Ошол эле кезде Жалал-Абад облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу Нурлан Дарданов укук коргоочунун айткан дооматтарын четке какты:
- Ал киши жалган маалымат берип жатат. Кадыржан Батыровдун мүлктөрү толук мамлекетке өткөн. Анын бардыгы Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына берилген. Анын алдында элдик мамлекеттик ишкана түзүлүп, ошол ишкана аркылуу конфискацияланган мүлктөрдү башкаруу иши жүрүүдө. Бул жерде мына ошол тизмеге кирген жер тилкелери сатылып кетти деген туура эмес.
Талаш жараткан жагдайлар
Ошол эле кезде Батыровдун мүлкүнө орусиялык “Вацет” компаниясы да доомат арткан. Анткени аталган компания Батыров ага бир миллион доллар карыз экенин айтып, 2012-жылы Жалал-Абад район аралык сотунан утуп алган. 2014-жылдын 5-июнунда Жогорку Сот бул маселени карап чыгып, кайра облустук соттун кароосуна жөнөткөн. Ошондон бери камактагы мүлктөрдүн башы ачылбай турган.
Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Санжар Абжалов бул маселе боюнча эбак эле соттук териштирүүлөр аягына чыгып, талаш-тартыш бүткөнүн белгиледи:
- 28 объект боюнча маселе чечилген. Алардын бардыгы учурда мына ошол Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өткөн объекттер үчүн ошол мамлекеттик орган жооп берет. Прокуратура органдары мыйзам чегинде аталган мүлктөрдү камакка алып, алардын бардыгын мамлекетке сот аркылуу кайтарып берди. Мындан аркы анын бүтүндүгү үчүн ошол мамлекеттик орган жооп берүүгө тийиш.
Бирок ошол мамлекеттин карамагына өткөрүлдү деп аталган 28 объект кайсылар экени азырынча коомчулукка ачык жарыялана элек. Бул тизмеде кайсы жер тилкелери, кандай мүлктөр жана ишканалардын баалуу кагаздары бар экени тууралуу негедир бир дагы бийлик органынан тактап биле албай койдук. Бул маалымат эмнеге мынчалык жашыруун экени туурасында сурообузга да тыңгылыктуу жооп болбоду.
Жалал-Абаддагы саясат талдоочу жана журналист Жалил Сапаров мүлктөрдү пайдаланууга берүүнүн создугушу жана маалыматтын жетишсиздиги шек жаратып жатканын айтты:
- Элге ошол мүлктөр туурасында ачык жана так маалымат берилбей жатат. Мисалы, ошол конфискацияланган мүлктүн баланстык баасы канча? Ошол тизмеге кайсыл объекттер же жер тилкелери кирди? Эч ким так маалымат бере элек. Мына ошондуктан бул жерде жең ичинен кандайдыр бир иштер жүрүп жатат го деген каңшаарлар күчөп жатат. Болбосо тиешелүү мамлекеттик органдар ачык жарыялап, тизмектеп берүүгө тийиш эле да. Ошондой ачык маалымат болбогондуктан элде Батыровдун мүлктөрүн ич ара бөлүшүп алышты деген маалыматтар тарап жатат.
Тизмеге кирбей калган завод-фермалар
Ошол эле кезде Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Иномжан Абдирасуловго таандык болгон мал-мүлк туурасында тиешелүү бийлик органдары менен прокуратурадан жетиштүү маалымат ала алган жокпуз. Ош облусунун прокурорунун орун басары Маматкерим Айтикулов бул маселе боюнча суроолорго кагаз жүзүндө берилген суроо-талаптын негизинде гана, мыйзамда каралган мөөнөттө жооп бере турганын айтып, Иномжан Абдирасуловдун бул жакта калган мүлкүнүн тагдыры туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.
Ошол эле кезде өзүнүн атын ачык айтуудан тартынган Кара-Суу районунун тургуну Иномжан Абдирасуловдун мүлктөрү мамлекетке өтпөгөн менен кайсы бир жеке колдун карамагында экенин айтты:
- Иномжан Абдирасуловго таандык пахта тазалоочу завод менен анын мал чарба фермалары иштеп жатат. Бирок кожоюндары алмашкан. Ал жерде менимче бийликке жакын бир адамдар иш алып барып жатат окшойт. Пахта тазалоочу заводдун аты мурда “Эргеш ата” болчу. Азыр аны Cotton Textile Factory деп өзгөртүп коюшкан. Бул объекттер мамлекетке өткөн эмес. Башка бир жеке адамдардын колуна өткөнү же бир ижарага берилгени белгисиз. Бул объекттер конфискацияланган мүлктөрдүн арасында да жок. Менимче мурдагы кожоюндары менен кийинки кепилдик берген бирөөлөр келишип алган болсо керек.
Кыргызстандагы жана чет жердеги мүлктөрдүн тизмеги
Ошол эле кезде Кадыржан Батыровго 2011-жылы чыккан сот өкүмүндө анын мал-мүлкү толугу менен мамлекетке алынары көрсөтүлгөн. Бирок кийин расмий түрдө Жалал-Абаддын Сузак районундагы чакан жер тилкеси гана ага катталган болуп чыгат. Батыров атындагы "Эл достугу" университети, "БатырАвиа" компаниясына таандык ИЛ-76 жана ЯК-40 тибиндеги төрт учак, “Достук” акционердик коому, “Айыл чарба химиясы” ишканасы, медициналык клиника, Жалал-Абаддагы “Шабдалызар” базары, эки миң баш кой-эчки менен үч жүздөн ашуун кара мал кармаган фермалары менен гектарлаган жер тилкелери иликтөө учурунда Батыровдун жакын туугандарынын атына жазылгандыгы аныкталган.
Мындай мисалдар ондоп саналарын айткан изкубарлар Батыровдун мүлктөрүн анын ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз каттоого алууга жергиликтүү жана борбордук бийлик өкүлдөрүнүн катышы болушу мүмкүн деп шектенишет.
Бул объекттер мамлекетке өткөн эмес. Башка бир жеке адамдардын колуна өткөнү же бир ижарага берилгени белгисиз.
Мындан сырткары чет элдик маалымат агенттиктеринде Батыров менен Абдирасуловдун чет өлкөдөгү бизнестери тууралуу дагы маалыматтар жарыяланган. Анда Кадыржан Батыровго Москвадагы “Аллстрой-Текс”, “Холор”, “Арк-Транс” жана “Савин” сыяктуу ири ишканалар таандык экени көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Батыров Москвадагы “ДГЛ-Групп” компаниясына жана Курск шаарындагы “Новость” деген аталыштагы тамеки фабрикасына ээлик кылары жазылган. Москвадагы “Экрос” акционердик коомунун, Ферганадагы мунай заводдун жана Өзбекстандагы темир жол тетиктерин сатуучу мекеменин теңшерик кожоюндарынын бири экендиги аныкталган. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары алардын чет өлкөдөгү мүлктөрүнүн бирине дагы камак коюп, сот аркылуу мамлекет пайдасына конфискациялай алган эмес.