Аселдин үйүнө таң атпай бардык. Бул убакта жолдошу менен короодо жаңы туулган козуларын карап, араңжан туулгандарын энесин кармап эмизип, тиричилик менен алек болуп жүргөн экен.
- Козуларды эмизип келдик, менсиз малга чыгышпайт, кошо жүрөбүз. Уюбуз байып кеткен, азыр саабай калдым...
Аселдин түйшүгү таң агара электе башталат. Сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын ишин кылат. Кыздарынын чачын өрүп, сабакка даярдайт. Кир жууйт, кечкиге тамак жасап, кайра тыштагы ишти бүтүрөт. Деги койчу, Аселдин жумушу чачтан көп.
Ишин жеңилдете турган заманбап кир жуугуч машинеси, ашкана техникасы деле жок. Балдардын жөлөкпулу, мал менен тиричилик кылган бул үй-бүлөдө баары колдун күчү менен бүтөт.
- Дем алыш күнү кир жууйм, кыздарымды киринтем. Азыр дагы мончо ачылып жакшы болуп калды. Бирок мончого барганда деле бирден жуунтуп чыгам. Анан кийимдерин жууп, окууга кийген кийимдерин үтүктөп, чачын өрүп, айтор таң эмне болуп атып, эмне болуп кеч киргенин деле сезбей калам.
Уул күткөн эне
Аселдин алты кызы, бир уулу бар. Улуу кызы мектепти былтыр бүткөн. Азыр Бишкектеги жогорку окуу жайда окуйт, кичүүсү төрткө чыкты. Үчөөнүн ортолору бир жаштан болсо, кийинки төрт кызынын ортолору эки жаштан. "Эркек балалуу болгум келип, жылда төрөй бердим", - дейт Асел:
- "Эркек болот" деп кыз төрөй берип Баатыр эне болуп калдым... Эркек болуп калса жакшы болмок, жетинчи кызымды төрөгөндө аябай кыйналдым. Бир ай төшөккө жатып калдым. Кыздарымдын атын ырымдап Бурул, Жаңыл деп койгон жокпуз. Улуу кызымдын аты Таттыбүбү, андан кийинки уулумдун аты Адилет, кийинкилери Азима, Назира, Аделина, Батина жана Раяна. Дагы бир уул төрөп алгым келет, бирок ата-энем "уулуң жок болсо бир жөн, өзүңдү кара, уул төрөйм деп кыйналып жатып ары карап кетсең кыздарыңдын чайын ичпей каласың" деп урушканынан муюп калдым.
Асел өзүн толугу менен балдарга, үй-бүлөгө арнап койгон. Атыр-упа сүйкөнүп, боюн караганга маани бербей калганы көрүнүп турду. "Кайдагыны айтасың да... Боёнмок тургай башкасына алым келбей калды", - деп жылмайып койду.
Асел 17 жашында мектепти бүтөрү менен эле турмушка чыгып, бир жылдан кийин тун кызын төрөптүр. 20 жашында үч баланын энеси болуп калган.
Азыр эми минтип түйшүк басканда убагында билим албай, шаар көрбөй калганына өкүнөт:
- Биздин убакта заман башка болчу да. Улуулар "босогону аттап кетпейсиң, барган жериңде кал, таш түшкөн жеринде оор" деп тарбия беришкен. Мени ала качып кетти, "тагдырым ушул экен" деп отуруп калдым. Азыр кээде жолдошумду тамашалам калам: "Сен мени жулмалап келип эле отургузуп койгонсуң" деп. Азыркы кыздар болсо ак көйнөгүн кийип алып, шаан-шөкөт менен күйөөгө чыгып атышпайбы. Алар бактылуу экен. Бизди болсо жулмалап алып келип эле көшөгөгө алып кирип жоолук салып койсо эле “күйөөгө тиет деген ушул турбайбы” деп ойлочубуз да. Көрсө биздин убакта элдин түшүнүгү башкача тура. Мектепти жакшы окугам. Андан кийин окуумду улантсамбы деп ойлоп жүргөм. Мугалим болууну кыялданчумун. Азыр мени окуткан мугалимдер айтып калат, “сен окуп, иштешиң керек болчу” деп. Ал үчүн турмушка чыкпай коюш керек болчу. Анан мен турмуш жолун тандагандан кийин жолдошума бактымды байладым да.
Асел азыр кыздарын кимдир бирөө ала качып кетишин каалабайт:
- Кыздарыма “эрте турмушка чыкпа, мына мендей болосуң” деп айтып турам. Эрте келин болсо түйшүккө малынарын айтам. Маңдайына жазганын көрөт дечи. Нике кайып эмеспи. Бирок түйшүктөн алыс эле болушса деп ойлойм. Андан көрө окуп, иштеп өзүнө тың болсо дейм. Билимиң жок болсо өзүң каалагандай баса албайсың, өзүң каалаган нерсени ала албайсың. Акча таппай үйдө отурсаң кайдан...
Унутулган белек
Асел балдардын атасына таарынбайт деле, анын жакшы сөзү, жылуу мамилеси эле жанга кубат дейт. Күйөөсүнөн гүл же бир башка романтикалуу белек-бечкек алуу оюна да келбейт:
- Жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кылып койсо эле андан өткөн белек барбы? Биз андайга көнгөн эмеспиз да. Баарын өзүн кармайсың, өзүң билесиң дегендей. Бирок жолдошум деле "кем-карчыңды ал" деп турат. Мага берген белегинин ордуна “бул кызымдын телефону жок эле, бул кызымдын сөйкөсү жок, андан көрө ошолорго алалы” дейм. Чынында азыр силер айтсаңар оюма келип атат, буга чейин өзүмдү ойлоп, "мага белек берсе" деп эч ойлобоптурмун. Азыр эми белекти жолдошумдан эмес, уулумдан күткөн убак келди го.
Анткен менен Аселдин күйөөсү Бакыт Жамансариев балдардын энесин колунан келишинче сыйлап турарын айтты:
- Жайлоого барып бээнин сүтүн ичип келебиз. Эки жылдан бери үй-бүлөбүз менен Көлгө барып жатабыз. Теңтуштар менен анда-санда кафеге барып, эс алабыз. Келинчегиме көңүл бурганга аракет кылам. Балдарымдын энесин кантип капа кылайын? Эми "куда-сөөк күтсөк жашыраак көрүн" деп тамашалап, "өзүңө кара" деп жатам.
Асел үчүн дүкөн кыдырып жеке өзүнө кийим-кечек тандоо маанилүү эмес, чач тарачка, кайсы бир сулуулук салондоруна баруу оюна деле келбейт. Дегинкисин элет жеринде бул көпчүлүк эле кожойкелерге мүнөздүү көрүнүш.
Аселдин өзүн ойлогонго жакын арада чамасы деле жетчүдөй эмес. Кыздары чоңойгону алардын себин камдоо менен алек боло баштаптыр. Ушул жайда кийиз жасап, шырдак шырыганды мелжеп турганын айтты:
- Азыр кичинекей да, билинбейт. Чоңойсо алты кызга сеп беришибиз керек. Кайненем менен кошо үч кызымдыкын даярдап бүттүк. Эми дагы үч кызымдыкын даярдап жатам. Алардыкы деле даяр болуп калды. Түйшүк бүтпөйт экен да. Алар турмушка чыкса небере багам.
Жети баласынын экинчиси – эркек. Адилет 11-класста окуп жүрөт. Анын "эр жетсем апамды багам" деген тилеги бар:
- Бизди багам деп жүрүп апамдын жаштыгы өттү. Кээде үйдө атам жок болуп калат, кээде мен жок болуп калам. Апам андай күндөрү үйдүн да, тыштын да ишин бирдей жасайт. Ошол убакта аяп кетем. Бишкекке алып барып, дүкөн кыдыртып, чоң концерттерге киргизсемби деп ойлойм. Атам экөөнү ажыга алып барып келсемби деген тилегим да бар.
Асел болсо "Адилетим жалгыз болуп калбасын" деп, дагы бир эркек бала төрөп алуу кыялынан баш тарта элек.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.