Нарын: карыларды убайымга салган чечим

Карылар үйүндөгү адам.

Нарындагы карылар үйү жабылуу алдында турат. Буга чейин карылар үйү атайын долбоорлор менен иштеп келсе, эми минтип алардын мөөнөтү аяктап, жергиликтүү бийлик карылар үйүнө зарылчылык жок экенин билдирди.

Учурда карылар үйүндө багаар-көрөрү жок үч кары адам калган. Эми аларды Бишкек шаарындагы карылар үйүнө которобуз дегенден бери санаасы санга бөлүнүп турган чактары.

Карылар үйү жабылат деген кепти уккандан бери аталган үйдө башпаанек кылып жүргөн 77 жаштагы Арык ата ичинен түпөйүл тартып жатканын айтат. Себеби аны алыс туугандарынын балдары алып кетебиз дешкен. "Алардын карагыдай алы жок, ушул жерде эле жашай турсам болмок, үй-бүлөм кырсыктан каза таппаганда мынчалык кор болбойт элем" деп үшкүрүнөт:

- Жалпысынан ушул жерде жүргөнүмө 8 жыл болду. Азыр бирөөнүн үйүнө камаганы атышат. Алар мени сүйүп туруптурбу. Бишкекке барганга эч шартым жок. Ал жактан кан басымым көтөрүлүп, колдорум капкара болуп кетип, ушул жерге келип араң айыктым. Табарсыгыман эки жолу операция болгом. Ушул жерге араң келсем, жөн эле коюшса болмок.

Нарындагы карылар үйү 2006-жылы “Улуттук кызыл ай” коомунун колдоосу менен ачылган. "Буга чейин долбоорлордун негизинде каржыланып келген бул карылар үйүн мамлекет өз карамагына алышы керек болчу" дейт аталган коомдун өкүлү Мунира Калиева.

- Буга чейин "Улуттук кызыл ай" коомунун донорлорунун негизинде карылар үйү каржыланып келген. Эми өкмөт карамагына алуудан баш тартып жатат. Айла жок жапканга туура келди. Учурда алты кары адам бар. Төртөөнү туугандарына берип, экөөнү Бишкек шаарындагы карылар үйүнө которуп жатабыз.

Карылар үйүндө такай жашаган беш-алты гана адам болсо, үй-бүлөсүндө кризистик абалга туш болуп, убактылуу төрт-беш айга башпаанек издеп келген 30дан ашык адам бар. Карылар үйү жабылса, алардын барар жери жок, селсаякка айланып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтат аталган үйдүн кызматкери Анара Сүйүналиева:

- Убактылуу жашап кеткен аталар көп. Эми биз жабылсак, кандай болот? Алар селсаяк болуп кетиши мүмкүн. Барар жери жок болсо, айла жок да. Жардам беребиз эле дешет. Бирок карыларды колдогондун ордуна жаап жатат.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова карылар үйүнө акыркы жылдары жаңы адамдар кошулбагандыктан бул үйдү кармоонун кажети жок деп эсептейт:

- Бүгүнкү күндүн негизги урааны - эч качан ата-эне кароосуз калбашы керек. Карылар үйү болбошу керек. Азыр бизге зарылчылыгы жок. Ошол жакта жашап жаткан карыларды Бишкектеги интернаттарга өткөрүп беребиз. Биздин заманда зордук-зомбулук болбошу керек. Тек гана кеңеш берчү борборлорду ачып, балдарына кары адамдарды кароосуз таштабоо кеңешин беришибиз керек.

Бул карылар үйү жаңы ачылганда 30га жакын адам жашаган. Жалпысынан карылар үйүндө жашап кеткендердин саны 78ге жетти дешүүдө. Ал эми Нарын облусунан Бишкек шаарындагы карылар үйүнө башпаанек сурап баргандар да жок эмес.