Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Кардар колун караган карылар


“Эркиндик” бульварында карылардын кол эмгегинен чыккан буюм-тайымдардын жармаңкеси өттү.

Өзүн Валя деп тааныштырган 78 жаштагы карыя башкалаанын Бөкөнбаев жана Үсөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгиндеги бетонго ар кандай эски буюмдарды, кийимдерди жана китептерди тизип алып, кардар күтүп отурат. Ага бүгүнкү карылар майрамынын ысык-суугу деле жок. Соодасы жакшы жүрсө болгону.

Ал күндөгүдөй эле таң эртеден бери бирөө-жарым буюмдардан алып калаар бекен деген үмүт менен кечке чейин отурат. Эски-уску кийимдерди, Совет заманынан калган китептерин жыйыштырып жаткан Валя байбичени кепке тартып, таржымалын сурадык.

- Балдарым чет өлкөдө. Алар мага жардам бермек тургай өздөрүнүн жанын араң багып жүрүшөт. Азыр жалгыз жашайм. Мен үйдө эмне ашыкча болсо ошолорду сатып жан багам. Бул жакта кыздарымдын, неберелеримдин кийимдерин алып чыктым. Негизинен мен китеп сатам. Андан тышкары ар кандай майда-чүйдө буюмдар да бар. Менин негизги кардарларым – студенттер.

Бишкекте Валя байбиче сыяктуу эски-уску буюмдарды сатып жан баккандар четтен чыгат. Деген менен карылар күнүнө карата башкалаанын “Эркиндик” бульварында карылардын кол эмгегинен пайда болгон буюм-тайымдардын жармаңкеси өттү. Түшкө чейин уланган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Светлана Баштовенко “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Жармаңке 8 жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жакка карылар менен иштешкени уюмдар жана карылардын өз ара жардамдашуу топторунун баары чогулду. Алар өздөрүнүн кол эмгегинен жаралган буюмдарды сатып жатышат. Түшкөн акча аз да болсо алардын пенсиясына огожо болот деп ойлойм. Карылар өздөрү ар кандай кийимдерди тигишет, сайма сайышат.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, шаңдуу башталганы менен буюмдарын сатыкка койгон карылар жармаңкеде эл аз болгонуна нааразы. Жумагүл Турсунова 68 жашта. Ал өз ара жардамдашуу тобунда өзү курдуу улгайган адамдар менен кийим-кече тигип иштейт. "Азыркы заманда карыдым-арыдым деп жатып алсам ачка калбаймбы" деген карыяны кепке тарттык.

- 4700 сом пенсия алам. Ал эч нерсеге жетпейт. Небере-жээндер аз келгенсип 50 жаштагы балдарды да багып жатабыз. Жашы өткөн кишиге иш да табылбайт экен. Ушундай жармаңкелерде бир аз тыйын жасап алабыз. Кээде буюмдарыбызды үйдөн деле сатабыз. Анчалык көп таппасак да эптеп жан багып жатабыз.

Жармаңкеде Татьяна Романова 940 сомго соода кылган. Ал бир жумада түйгөн жүн байпагын 150 сомго сатса да топук кылып жатканын жашырбайт. Ал акчанын жарымы эле жип-шууга кетет экен.

- Албетте эл жармаңкеге аз келди. Бирок соода жаман болгон жок. Миң сомдой акча таптым. Бул деле бир топ тыгын болот. Мындайча айтканда бул сумманы бир айда да таппайбыз. Жармаңкеге өңчөй улгайган адамдар келип, соода кылып жатышты. Жаштар деле келет, бирок алар эч нерсе сатып алышпайт.

Уюштуруучулардын айтымында, карылардын жармаңкеси жылда эки жолу октябрь жана май айларында уюштурулат. Бүгүнкү жармаңкеге жүздөй карыя чыгып, колго жасалган буюмдарын сатыкка коюшту.

XS
SM
MD
LG