Чыккынчылык үчүн соттолгон Муралиев жатак абакка чыкты

Алтынбек Муралиев.

2016-жылы Алтынбек Муралиев Кыргызстанга чыккынчылык кылган деген айып менен соттолгон.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиевдин уулу түрмөдөн бошонуп, жатак абагына которулду.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, соттолгондордун тергөө абагында отурган бир күнү эки деп эсептелет:

- Жогорку сот анын мөөнөтүн 10 жылга чейин түшүргөн экен. Бизде отурган күндөрүнүн баарын эсептегенде үчтөн экисин отуруп койду. Ошонун негизинде октябрдын ортосунда жатак абакка которулду.

Сабатарова белгилегендей, Алтынбек Муралиевдин жаза мөөнөтүнүн дагы үч жыл эки айы калды. Ал Чүйдүн Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда отурган.

Муралиев абакка отурганга чейин өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген.

2016-жылы чыккан «Дело №» гезитине Алтынбек Муралиев өкмөттө жооптуу кызматта жүрүп, чет элдик чалгын кызматын төрт жүзгө чукул жашыруун документ менен камсыздаганын баяндаган макала чыккан. «Жашыруун» жана «өтө жашыруун» деген гриф коюлган документтердин көпчүлүгү Кыргызстандын тышкы саясатына тиешелүү болгон. Анын арасында коңшу өлкөлөр менен болгон татаал мамилеге байланыштуу маалыматтар дагы камтылган.

Мунун натыйжасында мамлекетке олуттуу зыян келтирилгени көрсөтүлгөн. Сырлар ачылып калып, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаган учурлар мисалга алынган. Башында Алтынбек Муралиевге жеңилирээк жаза мөөнөтүн караган «кызматтык сырларды ташыган» деген айып коюлуп, бирок кийин ал «мамлекеттик чыккынчылык» деген оор беренеге которулган.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев уулуна коюлган айыптоодо күмөндүү жагдайлар бар экенин айткан:

Амангелди Муралиев.

- Менин уулум иштеп жаткан учурда ошол жерде бир саясий оюндар болгон экен. Бул жанагы топтордун ортосунда тебеленип кеткен менин уулум болду окшойт. Башында кармаганда эле тергөөчүлөр «биздин сценарий боюнча көрсөтмө берсең сага жеңил болот» деп анын башын айландырышкан экен. Алгач кармаганда ага «бала-чакаңа, аялыңа зыяны тийет» деп псхиологиялык басым жасалыптыр. Ошондуктан тергөөгө мен жалдаган адвокаттарды дагы бир айдан ашуун жолотушкан жок. Анан калса тергөө амалдарын жүргүзүүдө психотроптук каражаттарды колдонгон окшойт, уулум башы айланып, алар эмнени кааласа, ошондой кылып видео тасмага сүйлөп бериптир. Бирок иште түздөн-түз далилдеген кандайдыр бир материалдар жок. Акча алганы деле тастыкталган эмес. Банктын кутучасынан алынган акча ал уулумдун апасынын, анан үй-бүлөсүнүн чогулткан каражаты экен. Анан бул жерде атайын кызмат өзүнүн ишин көрсөтүш үчүн эле ага «мамлекетке чыккынчылык кылды» дегенди илип жатат.

Бирок тергөөнүн материалдарына таянган басылманын таржымалында Алтынбек Муралиев кайсы мамлекеттин пайдасына иштегени аталган эмес. Басылма Алтынбек Муралиев 1999-2004-жылдары Түркияда окуп жүргөн учурда чет элдик атайын кызматтын көзүнө илингенин белгилеген. Бирок анын «эски тааныштары» он жылдан ашуун убакыттан кийин гана ага байланышка чыгып, кызматташууну сунушташкан. Ошентип анын тыңчылык иши 2010-жылы төңкөрүштүн астында кырдаалды чет элдик чалгынчыга кабарландырып туруудан башталган. Алтынбек Муралиев жашыруун маалыматтарды атайын жабык программалык камсыздоо аркылуу чет элдик чалгын борборуна жөнөтүп турганы айтылган.

Таржымалда Кыргызстандын атайын кызматы Алтынбек Муралиевдин чет элдик чалгын менен байланышын 2010-жылы эле байкаганы көрсөтүлгөн. Анын чет элдик чалгынчылар менен жашыруун батирлерде жолугушуп, жаңы тапшырмаларды алып турганы кылмыш ишинде белгиленген. Бирок бул жагдайды эмнеге атайын кызмат алдын алган эмес деген суроо таржымалда жоопсуз калган. Анткени төрт жылда чыгып кеткен жашыруун сырлардын айынан мамлекет канча зыян тартканы эмнегедир айтылган эмес.

Бирок УКМКнын мурдагы төрага орун басары Токон Мамытов бул жагдайды төмөндөгүчө түшүндүргөн:

Токон Мамытов.

- Бул жерде эмне анын артынан төрт жыл сая түшүп, анан кармады дегенди туура түшүнүү керек. Анткени буга окшогон операцияларды жүргүзүү үчүн көп убакыт талап кылынат. Анын кандайдыр бир байланыштары жаңы байкалган учурда эле, ал толук далилденгенге чейин эле тыңчылыкка айыптап, баса калып кармаганга мыйзам жол бербейт. Азыр баягы 37-жыл эмес да. Ошондуктан чекисттер бул ишти кылдат иликтеп чыгып, анын чынында эле тыңчылык менен алектенип жатканын далилдей турган илинчектер чогултулгандан кийин гана кармашкан. Бул ишти ачуу үчүн өзгөчө талаптар жана өзгөчө ыкмалар зарыл. Бул жагын эске алыш керек.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.

- Жазык кодексинде түрмөгө кесилген адамдын жүрүм-туруму жакшы болуп, ал жаза өтөп аткан жердин администрациясы «ал адам оңолуу жолуна түштү» деп тыянак чыгарып берсе жана кесилген адам келтирген зыяндын жарымынан кем эмесин толтурса мөөнөтүнөн мурун боштулат, - деди ал. - Алтынбек Муралиевдин окуясына келсек, ал өзгөчө оор берене менен кесилген. Мындай учурда соттолгон адам жаза мөөнөтүнүн төрттөн үчүн өтөшү керек. Мөөнөтүнөн бошотуу көп учурда адам жаза өтөп жаткан мекеменин администрациясына көз каранды. Абакта отурган адам жатак абакка которуу же мөөнөтүнөн мурун бошотуу тууралуу өзү арыз жазганы менен сотко ал жаза өтөп жаткан мекеме бошотсо болот же болбойт деп мүнөздөмө берет. Кесилген киши жаза мөөнөтүнүн көп бөлүгүн өтөп бүтсө да ага терс мүнөздөмө берилсе түрмөдөн чыгарылбай калат.

«Азаттык»: - Кайсы беренелерге мунапыс колдонулбайт?

Клара Сооронкулова.

Клара Сооронкулова: - Жашы жете элек балдардын өмүрүнө же жыныстык кол тийбестигине кол салгандыгы үчүн, кыйноо үчүн, аскер кылмыштары боюнча, уюшкан кылмыштуу топтордун курамында болуп кылмыш кылса, терроризм актысын жасап же экстремисттик уюм түзгөндөр менен өмүр бою эркинен ажыратылгандарга эч кандай жеңилдик берилбейт.

«Азаттык»: - Абактагыларга берилген жеңилдиктер канчалык калыс болуп жатат?

Клара Сооронкулова: - Бул мамлекеттин гумандуулугу. Бирок ал ырааттуу жүрүш керек. Себеби «абакта адам көбөйүп кетти» деген негиз менен да бошотулуп жаткандар бар. Гумандуулук болуп жаткандан кийин ал жеңил кылмыш жасагандарга, аялдарга, өспүрүм балдарга колдонулушу керек.​

Таржымалда 2010-жылдан тартып жооптуу аткаминердин тыңчылык акысы айына миң доллардан болуп, кийин кызматтык тепкич менен жогорулаган сайын анын «гонорары» эки миң АКШ долларына чейин көтөрүлгөнү көрсөтүлгөн.

Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, анын тергөө иши эки жылга чукул созулган. 2016-жылдын башында Биринчи май райондук соту Алтынбек Муралиевди 12 жылга кескен. Бишкек шаардык соту ал жазаны катаалдатып, 22 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөө өкүмүн чыгарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.