17-майдагы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен Алтынбек Муралиев Кылмыш кодексинин 292-беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айыптуу деп табылды.
Кыргыз өкмөтү менен жогорку кызматтагы жетекчилер мамлекеттик сырга аяр мамиле жасашабы, чет өлкөлүктөрдү Кыргызстандын эмне маалыматтары кызыктырат? Бул суроолорго мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жооп берди.
“Азаттык”: Абдырахман мырза, кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Алтынбек Муралиев 12 жылга кесилип, ал башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылган деп соттолду. Ушундан улам айтсаңыз, биздин өкмөттөгү маалымат коопсуздугу канчалык сакталат?
Абдрахман Маматалиев: Бул маселе ар дайым мамлекеттик кызматтарда көңүл борборунда болуп келе жатат. Ушул фактынын да табылып, ачыкка чыгып, иш сотто каралгандыгы - чындыгында өзгөчө көңүл бөлүнүп жаткандыктын белгиси. Анткени биз демократиялуу мамлекетпиз, сөз эркиндиги, адам укугу деп атабыз. Бизде көптөгөн сырттан каржыланган уюмдар бар, андыктан башка мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн кызматкерлер жок эмес. Ошол сыяктуу эле өкмөттүн аппаратына же мамлекеттик кызматка ушундай адамдар келип калышы мүмкүн. Ошондуктан чындыгында эле өзгөчө көңүл бурулушу керек. Мындан ары да ишти күчөтүү керек, себеби кырдаал курчуй бериши мүмкүн.
Мамлекеттик маалыматтык коопсуздукту сактоо үчүн эки багытта иш алып баруу зарыл. Биринчиси - биздин атайын кызматтарда маалымат коопсуздугун камсыз кыла турган атайын структуралар бар, ошолорду күчөтүү керек. Аларга жетиштүү санда адамдарды алып барып, шарт түзүү абзел. Ошондой эле айлык маселеси жана материалдык- техникалык базаны күчөтүү зарыл. Экинчиден, эң жогорку кызматтагы орундарга кызматкерлерди алып жатканда критерийлерди өзгөртүп, эң негизги талап - мамлекеттин кызыкчылыгын сактоо деп алуу керек. Кээде төмөнкү баскычтарды басып өтпөй дароо эле жогорку кызматка келип калгандар азгырыкка алынып кетиши мүмкүн. Ошондуктан өтө кылдаттык менен кадр тандоо маселесин жүргүзүү зарыл.
Эң жогорку кызматтагы орундарга кызматкерлерди алып жатканда критерийлерди өзгөртүп, эң негизги талап - мамлекеттин кызыкчылыгын сактоо деп алуу керек.
“Азаттык”: Эл аралык уюмдарды өкмөттөгү эмне маалыматтар айрыкча кызыктырышы мүмкүн?
Абдрахман Маматалиев: Маалыматтар көп. Өлкөнүн экономика, коопсуздугу боюнча ар түрдүү маалыматтар жогорку жетекчилер аркылуу өтөт. Андыктан бул жашыруун маалыматтарга кызыккандар көп.
“Азаттык”: Бүгүнкү күндө өкмөттө же башка министрликтерде жашыруун маалыматтар дагы деле тышка чыгып жатышы мүмкүнбү?
Абдрахман Маматалиев: Ар бир бийлик органдарында атайын бөлүмдөр бар. Анда мамлекеттик сырды камтыган документтерди алуу үчүн атайын даярдыктан өтүшү керек. Ал документтер оңой менен колго берилбейт. Бирок Кыргызстан демократиялуу мамлекет болгондон кийин бизге жана документтерге кызыккан адамдар биздин арабызда эле жүрөт. Ошондуктан атайын структураларга өзгөчө көңүл буруп, жашыруун документтердин сыртка чыгып кетпешине каршы иштеп жаткандардын санын көбөйтүп, колдоого алуу кажет.
“Азаттык”: Сиз жогорку кызматтагы жетекчилерди атайын критерий менен тандоо зарыл деп жатасыз. Ошол эле учурда партиялык система менен алганда, көпчүлүк жетечилер партиялар тарабынан көрсөтүлүп жатпайбы. Мындай учурда кызматка келген жетекчи биринчи кезекте партиянын кызыкчылыгын алдыга коюп жаткандай.
Абдрахман Маматалиев: Муну башынан баштоо керек. Керек болсо Борбордук шайлоо комиссиясы дагы ар бир талапкерлерди кылдат карап чыгышы керек. Ар бир кызматкердин басып өткөн жолун, анын репутациясын, тарыхын изилдешибиз керек. Чындыгында буга мамиле солгун болуп жатат, себеби жогорку кызматтагы жетекчилер арасында башка мамлекеттин жарандары да чыгып калып жатпайбы. Ошондуктан өкмөттүн структурасын түзгөн партиялар жана фракциялардын лидерлери да өз талапкерлерине жоопкер болушу керек.