Баткендеги аскердик машыгуу

Машыгууга Баткен жана Лейлек райондорундагы такоолдогу (резервдеги) аскерлер чакырылды.

Машыгууда чек араны мыйзамсыз бастырып кирген куралчан топторду калктуу конуштарга жеткирбей жок кылуу даярдыгы сыналды.

Аймактын бүтүндүгүн сактоо үчүн тоолуу шартта оор техникаларды жана артиллерияны колдонууда жоокерлердин даярдыгы көрсөтүлдү.

Машыгуу учурунда колдонулган аскер техникасы.

Машыгуу аскер бөлүктөрүндөгү өздүк курамдын күжүрмөн аракетин эле сыноо эмес, резервдеги роталардын абалын да карап чыгуу максатын көздөдү.