Баткен: бир жылда эле 27 мигранттын сөөгү келди

Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көпчүлүгү курулушта иштейт.

Жыл башынан бери четте иштеген баткендиктердин 27си ар түрдүү себептерден улам өмүрүнөн ажыраган.
Баткенден азыр сыртка жумуш издеп кеткендердин так санын эч ким айта албайт. Облустук миграция башкармалыгы расмий түрдө аймактан 18 миң адам сыртка чыкканын айтууда. Бирок аймактын айылдарындагы ар бир үйдөн эле кеминде бир киши Орусияда жүргөнүн эске алсак бул сан бир канча эсеге көбөйөт. Чынында эле Баткендин айылдарын араласаң көпчүлүгүндө азыр жалаң кары-картандар менен жаш балдар гана калганын байкайсың. Жумушка жарамдуу калктын көпчүлүгү жумушсуздук айынан чет өлкөлөрдө, жок эле дегенде Бишкекте жүрөт.

Чет жерден акча эмес, ажал таап...

Канткен менен сыртка жумуш издеп кеткен мигранттардын баары эле жыргап кеткен жери жок. Айрымдары ден соолугунан ажырап, оору арттырып келсе, чет жерден өзү эмес сөөгү келгендер да бир топ. Курулушта иштегендер кокустукка кабылып ажал тапса, айрымдары өтүшүп кеткен ооруудан көз жумган. Киши колдуу болгондору да жок эмес. Минтип каза таап, мекенине сөөгү келгендердин саны акыркы он жыл ичинде жалпысынан жүзгө чукулдаганы айтылууда. Быйыл эле жыл башынан бери Баткенге 27 мигранттын сөөгү келгенин аз күн мурда облустук бийликтин маалымат кызматы кабарлады.

Алардын бири - Бужум айылынын 23 жаштагы тургуну Арзыбек Каримов. Курулушта иштеп жүрүп, бир ай мурда 8-кабаттан түшүп кетип каза болгон бул жигиттин атасы Эгемберди Каримов чырактай уулунан ажыраганына сай сөөгү сыздап турат.

- Быйыл март айында Орусияга кетти эле иштеп келем деп. 6-ноябрь күнү 8-кабаттан түшүп кетиптир. Экинчи уулум эле... Сөөгүн алып келүү үчүн каражатты Москвада иштеген балдар жыйнап, анан иштеген фирма да колдоо көрсөтүптүр. Кыргыз өкмөтүнөн каражат да сураганыбыз жок. Билбесек эми, чыны кандай болгонун, этият болбой ошентип түшүп кетти деп айтышты бизге...



29 жаштагы Максут болсо Орусияга каражат табуу үчүн барып, ден соолугу начарлаганынан кеткен жол чыгымын да актай албай келген. Ал Орусияда мигранттар үчүн эч кандай жардам жок экенин, ооруканалар чет өлкөнүн жараны болгон үчүн көп каржат сураарын айтат:

- Ал жерде жер төлөдө жашадым эки ай. Шарт жок да. Эки ай эле иштеп, анан ооруп калгандан улам бирге иштегендерден жол киреге карыз акча алып кайтып келе бердим.

Минтип каражат табуу үчүн иш издеп кетип, кайра карызга батып келгендер да көп эле кездешет Баткенде.

Мыйзамдуу иштегенге шарт барбы?

Облустук ишке жайгаштыруу жана миграция башкармалыгынын башчысы Абдилатип Эгембердиевдин айтымында, четке кеткендердин бир азы гана аталган мекемеге кайрылып, кеп-кеңеш алышат. Көпчүлүгү болсо ал жактагы кездешчү көйгөйлөрдү эске албай кетип, ар кандай жагымсыз абалга тушугушат. Анан да кайтыш болгондордун жакындары болсо талап кылынган докменттердин көптүгүнөн мамлекеттен берилчү тиешелүү компенсацияларды ала албай калышууда:

- Бизде өкмөттүн токтомуна ылайык, кайтыш болгон мигранттын сөөгүн алып келүүгө жол чыгымы төлөп берилет. Бирок ал жакка баргандар легалдуу болсо, мыйзамдуу иштесе берилет. Анткени бир топ документтер талап кылынат. Бизде азыр буга чейин 27 ушундай учур катталса, алардын бирөөсү гана ошондой акча ала алды да. Себеби баардык чыгымдар боюнча документтер керек. Аны каза болгон мигранттын жакындары толук камсыздай албайт, анан ала албай калышат.



Ошентип кагаз иштеринин көптүгүнөн жана укуктук түшүнбөстүктөрдөн улам кайтыш болгон мигранттардын жакындары кыргыз өкмөтү төлөп берчү тиешелүү каражатты алган эмес. Көпчүлүгү ага аракет да кылган эмес. Анын үстүнө иш издеп сыртка чыккандардын баары эле келишим түзүп, мыйзамдуу иштегенге шарты да, шаасы да жок болсо керек.