Жаңы жылдан кийин мигранттарга мыйзамдардын катаалдануусу жана рублдин наркынын төмөндөшү кыргызстандыктарды мекенине кайтууга мажбурлоодо. Калининграддагы кыргыз диаспорасынын башчысы Марат Аманбаев “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Калининграддагы мекендештер Орусия бийлигинин мигранттарга карата мыйзамдарын катаалдантуусун кандай кабыл алышты?
Аманбаев: Кыргызстандыктардын 30% өз алдынча соода-сатык менен эмгектенишет, ошончо пайыздайы орус жарандыгын да алып алышкан. Ошондой эле курулуш тармагында, кызмат көрсөтүү жагында жалданып иштеген мигранттар да бар, короо шыпыргандар да жок эмес.
Бизде иштеген мигранттардан патент сатып алып, мыйзамдуу иштегени азыраак. 50% деп койсом да болот. Калгандары башка бирөөлөрдүн документтери менен иштешет. Патенттин бир жылдык баасы 15-16 миң рубль, бул ортомчулардын кошкон акчалары менен кошо. Андан тышкары ай сайын миң рублден төлөшөт.
Орус мыйзамдары боюнча 90 күндөн кийин сыртка чыгып келиш керек болсо, аны деле аткарбагандары бар. Анткени "чыксам жолдон кармап алып, депортация кылып жиберет" деп чочулашат. Калининграддагы кыргыздар жаңыдан өзгөртүлгөн мыйзамдардагы талаптарга даяр эмес.
“Азаттык”: Кыргыздардын ынтымагы, жергиликтүү бийликтин силерге жасаган мамилеси кандай?
Аманбаев: Кыргыздар ынтымактуу. Жакшылык-жамандыктарда биримдиктүү иш алып барышат. Чогулуп, жыйындарды өткөрүп турабыз. Жамандык болуп, бир мекендеш кайтыш болсо, биргелешип акча жыйнап, жардамдашып, сөөктү Кыргызстанга жеткирүүгө көмөктөшөбүз. Жергиликтүү бийлик менен да мамилебиз жакшы. Майрамдарда кыргызстандыктардын диаспорасы катары маданий программаларды даярдап, иш-чараларына катышып турабыз.
“Азаттык”: Калининградда орточо айлык акы канча?
Аманбаев: Негизинен биздин мекендештердин иштеп тапкан айлык акысы орто эсеп менен 400 доллар. Ошондуктан мигранттар өздөрүнүн иштөө мөөнөтүнө ылайыктап дагы башка жумуш таап алышат. Ошентип жалпысынан бир айда 700-800 доллар табууга болот.
Бирок акыркы айларда рублдин куну төмөндөп кеткенине жана экономикалык кризиске байланыштуу жумуштан кыскартуулар көп болуп жатат. Ушундан улам кыргызстандык мигранттардан “мекенге кайтсак” деген сөздөрдү көбүрөөк уга баштадым.