Улуттук госпиталдын Урология бөлүмү 23-октябрдан 1-ноябрга чейин эркектердин саламаттыгын акысыз текшерүү жумалыгын уюштурду.
Иш - чарага күнүгө бир жарым миңден ашуун киши барып, акысыз көрүнүп жатат. Бактыгүл Чыныбаева баяндайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Алсыздыгын жашырып, кенебей жүрө берчү эркектер балалуу боло албай калганда гана ачыкка чыгат. Эркектердин жыныстык саламаттыгынын азыркы абалы тууралуу Оштон кабарчыбыз Ыдырыс Исаковдун баянында.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Догдурга айына канча жолу кайрыласыз? Уролог, сексопатолог дарыгерлерге саламаттыгыңызды текшертип турууну зарыл деп эсептейсизби?
Мына ушул өңдүү суроолор менен кабарчыбыз Альбина Сулайманова Талас облусунун ар кыл курактагы тургундарына кайрылып көрдү...
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Акыркы беш жылда Борбор Азия мамлекеттеринен, анын ичинде Кыргызстандан Түркияга келип мыйзамсыз иштеп жүргөн эркек мигранттардын саны өсүп жатат.
Негизинен алар кара жумуштарда иштеп, медициналык камсыздандыруусу жок болгондуктан, саламаттыгына толук кандуу көз сала албайт. Кепти Түркиядагы кабарчыбыз Элвира Будайчиева улайт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дарыгерлер Кыргызстанда кырк жашка чейинки эркектердин көбү тукумсуздук илдетинен жабыркайт деп айтып келет.
Оорунун себептери, кесепеттери, анын алдын алуу жолдору тууралуу кабарчыбыз Нуржан Токтоназарова медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов менен маектешти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.