Кыргыз медицинасы ушул тапта тукумсуздук дарты менен күрөшүү үчүн алсыз болууда. Ошол себептүү бала жытын искегиси келген аялдар жакынкы Казакстан же Орусияга, акчалуусу Түркияга барууга аргасыз. Жасалма уруктандырууну ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек?
Уулжандын окуясы
Кыргызстанда акыркы мезгилде тукумсуздукка кабылган жубайлар жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болуу жолун тандап алышууда. Биздин каарманыбыз Уулжан да ушул кадамга барган. Азыр наристесине алты ай толду:
Эки энеден туулган бала
2016-жылы 6-апрелде эки эне, бир аталуу наристе Мексикада дүйнөгө келди. Иорданиялык Абдрахим Хасан донор аялдын генетикалык кодун пайдаланып төрөлгөн дүйнөдөгү биринчи бала.
- Үч жыл балалуу боло албай жүрдүк. Дарыгерлерге текшерилсек, күйөөмдө проблема бар экен. Ошол убакыт ичинде ар кайсы догдурларга барып, сурап, кеңештерди алдык. Акыры жасалма жол менен уруктандырууну чечтик. Жумуртка клеткаларын чогултканда кичине ооруйт экенсиң. Аны да жалпы наркоз менен кылышат тура. Гормоналдык дарыларды ичип, эмбрионду мага салгандан кийин эле боюмда болгон. Мына азыр балам төрөлүп, алты айдан ашып калды.
Жасалма жол менен уруктандыруу, адатта Кыргызстанда "ЭКО" деген ат менен белгилүү. Уулжан коңшу Казакстан же Орусиядан шыпаа издеп отурбай, түз эле Түркияга барган.
Үч аялга энелик бакыт тартууладык
Ал арада Кыргызстандагы улуттук репродукция борборунда бул тармакты өнүктүрүү каралганы менен толук кандуу иш жүрбөй келет. Аталган борбордун башкы дарыгери Абдрашид Юнусов мындай деди:
- Иш жүзүндө биздин борбор былтыркы жылдын июль айынан бери иштеп жатат. Ушул убакыт ичинде бизде 38 аял жасалма жол менен уруктандырылды. Булардын ичинен биологиялык түрдө боюна бүткөндөр же канында кош бойлуулук бар деп чыккандар жетөө болсо, алардын ичинен үчөөнүн боюнда бар.
Адис тартыштыгы кендирди кесет
Юнусов Кыргызстанда бул иш кыйынчылык менен ишке ашып жатканын кошумчалады. Буга чейин өлкөдө эмбриолог адистер жок болгондуктан, эненин жумурткасы менен атанын сперматозоидин бириктирип, андан тирүү эмбрионду чыгаруу ишин чет элден чакырылган адис гана аткарчу.
- Биз жаңы эле баштаганда эмбриология илими тууралуу эч ким айткан эмес. Бейтаптар менен түздөн-түз иштегенде гана ал жасалма уруктандыруунун өзөгү жана ийгилик башаты экенин аңдадык. Тилекке каршы, бизде Кыргызстанда эмбриолог адистер дээрлик жок. Бизде генетиктер бар, дагы башка тар чөйрөгө багытталган адистер болгону менен эмбриология тууралуу окутулбайт дагы экен. Деги эле Кыргызстандагы репродуктологдор үчүн аялдарды жасалма уруктандырууга даярдоодо көп билим жетишпей жатат. Өз каражатыбызга Казакстан, Орусияга барып үйрөнүп келүүдөбүз. Мына мен деле өткөн жумада ушундай окуулардын биринен кайтып келдим, - деди Юнусов.
Ошондой эле дарыгер Абдрашид Юнусовдун айтымында, Улуттук репродукция борборунда дарыларды кошпогондо жасалма уруктандыруу процессине ар бир аял 85 миң сом төлөйт. Ал азыркы тапта Алматы шаарындагы менчик репродукциялык ооруканалардын кардарларынын 30 пайызын кыргызстандык кыз-келиндер түзүп жатканын кошумчалады.
Тукумсуздукка дабаа издеген кыргызстандыктар
Жасалма жол менен бойдо бүтүрүүнү каалаган кыргыз аялдары Орусия, Түркияга чейин жүз миңдеген акча коротуп барышууда. Ал арада Кыргызстандагы дарыгерлерге бул багытта акысыз лекция окуганы Стамбулдагы ооруканалардын биринин репродуктологу Жем Демирел келип кетти.
Элет көзүнөн учкан төрөткана
Кыргызстандын аймактарындагы төрөтканаларды кыскартып, ирилештирүү жараяны төрөт курагындагы элеттик энелердин өмүрүнө коркунуч жаратып, жакындарын оор түйшүккө салууда.
Демирел ондогон кыргызстандык аялдын Түркияда ийгиликтүү дарыланганын айтып берди:
- Жумуртка клеткаларынын өнүкпөгөнү, жатын түтүктөрүнүн бүтөлүп калуусу, жумуртка клеткасынын эрте эле түгөнүп же азайып кетүүсү кыргыз аялдарында көп кездешет экен. Айрым аялдарда эндометриоз оорусу да чыгып жатат. Баса белгилей кетүүчү нерсе, силерде тукумсуздук оорусуна кабылган эркектер Түркияга салыштырмалуу азыраак экен. Айтор, мен текшерген бейтаптар арасынан күйөөсүндө проблемасы болгондор сейрек болду.
Жогорудагы эки дарыгердин айтымында, уруктандыруу үчүн алгач жубайлардан кан, заара анализдери алынып, гормондору текшерилет.
Эркектин урук бездеринин кубатын текшерүү үчүн спермограмма жасалат. Аялдын ден соолугу да текшерилет. Жугуштуу оорулар жок, таза чыкса аял бир нече айлык гормоналдык терапиядан өтүп, прогестерон гормонун көбөйтүүчү дарыларды ичет. Андан кийин жумуртка клеткасын топтоо жалпы анестезия же наркоз менен ишке ашат. Жыйынтыгында аялдын жумуртка клеткасы менен күйөөсүнүн уругу бириктилип, бир нече күндөн кийин эненин жатынына салынат.
Жасалма уруктандырууда колдонулган каражаттар жогорку тазалыкты талап кылгандыктан лабораториялар да заманбап болуусу шарт. Ушундан улам анын баасы да бир топ кымбат. Маселен, Түркияда орто эсеп менен 3 миң АКШ долларынан өйдө акы алынса, Казакстанда бул баа 2 миң доллардан жогору. Бирок бейтап дароо эле кош бойлуу болот деген кепилдикти дарыгерлер бере алышпайт.
Дүйнөлүк рейтинг боюнча АКШда 2009-жылы жасалма уруктандырылган аялдардын 47 пайызы кош бойлуу болуп, эң чоң көрсөткүчкө жетишкен.
Эл аралык мыйзамдарга ылайык, мындай жол менен бойго бүтүрүүдө болочок баланын жынысын тандоого тыюу салынган.