Пансионаттарда коопсуздук ойдогудай эмес

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жыл башынан бери 80 киши сууга чөгүп каза тапты. Алардын 58и жайкы туристтик сезон башталгандан бери катталган учурлар.

Ал ортодо көлмөлөрдө, пансионаттарда куткаруучулар менен суучулдардын жетишсиздиги жана пансионат жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу маселе көтөрүлүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, сууга чөгүп каза болгондордун басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган. Кийинки орунда Ысык-Көл менен Ош облустары турат. Туристтик сезон башталгандан бери каза болгон 58 кишинин 20га жакыны балдар.

Балдардын атайын адистешкен "Ынтымак" олимпиадалык резерв мектебинин жетекчисинин орун басары Ильвира Жогина көп учурда балдардын да, чоңдордун да сууда сүзүүнү билбегени негизги себептердин бири болуп жатканын белгиледи.

- Бассейндер жетишсиз. Республика боюнча бардык бассейндер жеке менчик. Мектептерде бассейн жок, жаңы салынып жаткан мектептерде да ал каралган эмес. Бардык жерде акы төлөш керек. Көп ата-энелердин ага мүмкүнчүлүгү жок. Аймактарда да ушундай көрүнүш. Спорт сарайындагы бассейн 15 жылдан бери мышык ыйлай турган акыбалда турат.

Уланбек Эгизбаевди жерге берүү. 24-июль, 2018-жыл.

Маалыматка караганда, өткөн жекшембиде эле төрт киши көлгө чөгүп кеткен. Алардын катарында "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев да бар. Анын өлүмү боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылганы менен Ички иштер министрлиги экспертизанын алгачкы жыйынтыгына таянып анын сууга чөгүп өлгөнүн билдирди.

Ушундан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-июлда өлкөнүн көлмөлөрүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, курорттук мезгилде суудагы кырсыктар көбөйгөнүн белгилеген. Өкмөт башчы мамлекеттик органдар тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн жана пансионаттар менен эс алуу үйлөрүнүн ээлери коопсуздукка шалаакы мамиле кылгандыктан улам жарандардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келип жатканын айткан. Ошону менен катар бардык жайкы эс алуучу жерлерде тийиштүү жабдуулары бар куткаруучулардын бар-жогун текшерип чыгып, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жооптуу адистер окутулуп жатканын билдирди.

Нурболот Мирзахмедов.

- Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча 300 пансионат жана эс алуучу үй бар. Бирок алардын 80инде гана окутуудан өткөн жана тиешелүү сертификат алган куткаруучу бар. Учурда алгачкы жардам көргөзүүнүн ыгын билген 174 адис даярдалды.

Өкмөт башчы суудагы коопсуздукту күчөтүүнү тапшырган менен аны көзөмөлгө алуу жана текшерүү иштерине ким жоопкер экени белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар менен суучулдарды окутуп берүүгө гана жоопкер экенин белгилеп жатат. Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын транспорт коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Гүлсада Ибраимова кемелердин коопсуздугуна жооп берерин айтты.

- Биздин иш милдетибизге суудагы кемелердин техникалык жана базалардын коопсуздугун кароо кирет. Посттор тууралуу сөз болуп жатпайбы, биз ошол постторду суу эрежелери боюнча текшеришибиз керек. Катталган үч гана база бар. Алардын бирөө талапка жооп бербегени үчүн жапканбыз. Кемелер башаламан сүзүп, жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирип жатат. Коркунучтун даражаларына жараша биз текшерүү жүргүзүп жатабыз.

Ал ортодо көлмөлөрдө, пансионаттарда куткаруучулар менен суучулдардын жетишсиздиги, көлдөгү кооптуу деп эсептелген чуңкурларга белги коюлбаганы жана пансионат жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү тууралуу маселе көтөрүлүп жатат. Кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев көз жумган "Акун" пансионатынын кожоюну Чыныбай Турсунбеков көлдө пайда болгон чуңкурларга белги коюларын айтты.

Чыныбай Турсунбеков.

- Ал жерди текшеришти. Эки жерде жалпы деңгээлден ылдыйраак чуңкур бар экен дейт. Демек, ага эскертүү белгиси коюлат. Ал жерге катерлер келет, суу астында канаттары айланып, ошол жерден чуңкур болуп калышы ыктымал. Экинчиден, эскертүү белгисинин өзүн табыш кыйын. Буйлар Кыргызстанга келбейт. Аны кол менен жасаш керек.

Жарандык активист Жылдыз Бекбаева эс алуу жайларында куткаруу иштери, коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу маселелер көңүл сыртында калып жатканын белгилеп жатат:

Жылдыз Бекбаева.

- Чоң каналдарда, кароосуз жерлерде, дарыяларда киши агып кетсе, чөгүп кетсе да түшүнөт элек. Анан атайын эс алуучу жерлерге, пансионаттарга атайын акча төлөп ошол жерге барып жаткандыктан, коммерциялык объект болгондуктан коопсуздукка катуу көңүл буруш керек. Куткаруучу деген адам атайын жилет кийип, алдын-ала эскертип жүргөнүн ушул убакка чейин көрө элекмин. Кээде "куткаруучу" десе жөн эле жакшы сүзгөн адамды коюп коюшу мүмкүн. Ал куткаруучулук менен кароолчулукту бир аткарып жатышы мүмкүн. Андай болбошу керек. Акыркы кайгылуу учурларда, чөгүп бараткан адам тирүү болгон учурда да биринчи жардам кесипкөй деңгээлде көрсөтүлбөй калып жатат. Уланга удаалаш эле канча адам чөгүп кетти?

Эс алуу жайларында киши сууга чөккөн учурда ким жооп берери мыйзамда так көрсөтүлгөн эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул жагдайда пансионат жетекчилигинин жоопкерчилиги да каралышы зарыл деп эсептейт:

Дастан Бекешев.

- Куткаруучулар ошол жерден жылбай же кезектешип иштеши керек, атайын коркунучтуу жайлар боюнча линияларды түзүү боюнча пансионат жетекчилерин мыйзам аркылуу милдеттендириш керек.

Кыргыз өкмөтү туризмди жогорку деңгээлге чыгарып, бул тармакка өзгөчө көңүл буруларын белгилеп келатат. Анткен менен адистер коопсуздук болбосо туризм, туристтердин агымы туурасында сөз кылуу кыйын экенин белгилешет. Жарандардын суудагы коопсуздук маселеси өкмөттүн координациялык кеңешинин 3-августка белгиленген отурумунда да талкууланмай болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.