Көңүл чордонунда турган коронавирус

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус Кытайдан башка өлкөлөргө да жайылганына байланыштуу өзгөчө абал жарыялап, бирок эл аралык каттамдарды чектөөгө олуттуу себеп жоктугун билдирди.

Ошол эле кезде Кыргызстанда өкмөткө караштуу түзүлгөн вирустун алдын алуу боюнча республикалык ыкчам штаб күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, өлкөнүн чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл жүргүзүү үчүн дарыгерлердин 22 тобу уюштурулганын жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 30-январга карата Кытайдагы короновирустан көз жумгандардын саны 213 адамга жетип, андан айыккандардын саны 187 киши болгонун жарыялады.

Ушул мезгилге карата коронавирусту жугузуп алгандардын 9 776 учуру катталган. Ооруну жугузуп алгандардын көбү анын жайылып чыккан чордону болгон Кытайдын Хубэй провинциясында байкалган. Ал жакта бул коркунучтуу илдеттин 5 806 учуру катталып, 204 адам каза тапкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Кытайдан башка 21 өлкөдө коронавирус жуккандардын саны жүздөн ашкан.

Күчөтүлгөн тартиптеги көзөмөл

Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жороев республикалык ыкчам штаб күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүп, Кыргызстанда вирустун алдын алуу чараларын көрүп жатканын билдирди:

- Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялаганына байланыштуу бардык чек ара бекеттеринде күчөтүлгөн тартипте медициналык көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул боюнча улам бир маалыматтарды алып, тактап жатабыз. Вирусология лабораториясында оору жуккан учур аныкталса, анда биз кандай иш алып барышыбыз керек деген эрежелердин үстүндө алектенип жатабыз. Вирусту так аныктоо боюнча тест-системаларды Орусиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Зарыл болгон дары-дармектер жана тиешелүү медициналык шаймандардын кандай өлчөмдө керек экенин аныктап, алар менен камсыз кылып жатабыз.

Дагы караңыз Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү


Ыкчам штабдын маалыматы боюнча Кыргызстанга башка чет өлкөлөрдөн, айрыкча Кытайдан келген жүргүнчүлөр медициналык көзөмөлгө алынып, 31-январга карата чек ара бекеттеринде жаңыдан уюштурулган санитардык-карантиндик пункттардан 14 445 киши өткөн. Алардын арасынан 46 адам кылдат медициналык текшерүүгө алынган. Андан соң анын ичинен 18 адам иргелип, алар бейтапканаларда убактылуу кармалып, кийин алардын көпчүлүгү үйлөрүнө коё берилген.

Абдыкадыр Жороев эгерде жолоочулардын арасынан дене табы бар адамдар аныкталса, алардын саламаттыгы 14 күн бою медициналык көзөмөлдө турарын билдирди:

- Эгерде текшерүү учурунда кимдир-бирөө суукка урунуп, жөтөлүп калса же дене табы көтөрүлсө, аларды кылдат текшерип жатабыз. Алардын жөн эле суукка урунганын же тумоолоп турганын аныктаганга чейин биз аларды убактылуу бейтапканаларга жаткырып, байкоого алып, көзөмөлдөп турабыз. Республика боюнча 46 адам медициналык текшерүүдөн өтүп, алардын арасынан 18 киши андан ары медициналык көзөмөлдөө үчүн убактылуу изоляторго жаткырылган. Тогуз кишинин саламаттыгы жакшы экенине ынанган соң алар үйлөрүнө жиберилди. Ал эми калган тогуз студент учурда саламаттык сактоо органдарына караштуу бейтапканаларда убактылуу медициналык көзөмөлдө турат.

Бул вирус өткөн жылы декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында жайыла башталган. Көптөгөн өлкөлөр аталган шаардагы жарандарын чыгарып кетип, андан соң кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтоткону белгилүү. Кытайда болжол менен 60 миллион адам жашаган ал провинциядагы бир нече шаар карантинге жабылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бектурсун: Уханда тоз-тополоң жок


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Кытайга сапарга чыкпай турууну сунуштап, анын аймагындагы кыргыз жарандарынын саны такталып, алар менен байланышуу аракеттери жүрүп жатканын жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нуран Ниязалиев вирус тараган Ухань шаарындагы кыргызстандыктарды чыгарып кетүү жолдору изилденип жатканын айтты:

- Биздин элчилик Ухань шаарындагы 15 кыргызстандык менен байланышып турат. Алардын арасында тумоолоп, ооруп калгандар жок. Бардыгынын саламаттыгы жакшы. Биз алар менен дайыма байланышта болуп, телефон аркылуу абалын сурап турабыз. Азыр аларды Ухань шаарынан алып чыгып кетүү боюнча маселе чечиле элек. Анткени бир дагы башка мамлекет өз жарандарын чыгарып кете элек. Себеби Кытай бийлиги ага уруксат бере элек. Бирок бардыгы азыр өз жарандарын аталган шаардан чыгарып кетүүнүн жолун ойлонуп жатышат. Биздин өкмөт да биздин жарандарды кандай жолдор менен чыгарып кетүү керектигин изилдеп, маселени тактап жатабыз.

Беткап таңкыстыгы

Ошол эле кезде Кытайдагы коронавирустун жайылуу коркунучуна байланышкан коомчулуктагы кээ бир дүрбөлөңдөн улам Бишкектеги бир катар дарыканаларда медициналык беткаптардын баасы көтөрүлүп, анын таңкыстыгы байкалды. Мындай маалыматты ырастаган дары-дармектер менен камсыздоо департаментинин өкүлү Жылдыз Жумагулова өлкөдө беткаптардын запасы жетиштүү экенине карабастан кошумча ташып келүү маселеси чечилип жатканын белгиледи:

- Дүйшөмбү күнү бир фармокомпания менен сүйлөшүп, Кыргызстанга 500 миң медициналык беткап ташып келүү тууралуу макулдашылды. Кытайда өздөрүнө жетишпей жатыптыр. Орусия менен Казакстанда да дүрбөлөң болуп, таңкыстык байкалып, ошонун натыйжасында сыртка экспорттоого тыюу салынды. Ошондуктан биздеги бир фармокомпания чет өлкөдөгү бир завод менен келишимге келип, буга чейин медициналык беткап алып келүү милдетин өзүнө алды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу жарыялаган өзгөчө абал соңку он жылдыктагы эл аралык маанидеги алтынчы чукул кырдаал болуп калды. Буга чейин Африкада Эбола жана Зика вирустары чыгып, глобалдык эпидемия кырдаалы жарыяланган. Бирок анда илдеттин очогу алыс болгондуктан анын таасири Кыргызстанда байкалган эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​