Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстан коронавируска каршы чараларды күчөттү


Гонконгдогу метродо беткап тагынып бараткан жүргүнчүлөр. Гонгконг, Кытай. 23-январь, 2020-жыл.
Гонконгдогу метродо беткап тагынып бараткан жүргүнчүлөр. Гонгконг, Кытай. 23-январь, 2020-жыл.

Тышкы иштер министрлиги Кытайдын коронавирус чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар экенин билдирди. 

Өпкөнү сезгентүүчү 2019-nCoV аттуу вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдар күн санап көбөйүп, 27-январда 80 кишиге жетти. Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузгандар катталган жок.

Кыргызстан Кытайга кошуна мамлекет болгондуктан оорунун алдын алыш үчүн чаралар көрүлүп, чек ара өткөрмө бекеттеринде санитардык карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, оорунун алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

Ар бир учуп келген авиа каттамдар, темир жол жана кара жолдор, Кытайдан алынып келип жаткан бардык өндүрүм катуу көзөмөлдөн өтүп жатканын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Аэропорттордо адамдын дене табын текшерүүчү тепловизорлор колдонулууда. Кошуна мамлекеттер менен чек арада кошумча 22 көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде санитардык көзөмөл пункттары уюштурулду. 23-январдан баштап Кытай менен каттам токтоду. «Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттери Кытайдагы Жаңы жылга байланыштуу жабылат, бирок биз чектөөнү күчөттүк. Ал жерде адамдардын кыймыл-аракети да, өндүрүм ташып келүү да токтоду.

Саламаттык сактоо министрлиги өкмөткө көп киши чогулган жерлерде көзөмөлдү күчөтүп, жарандарды беткап кийип жүрүүнү жана тамак-аш колдонууда бардык санитардык нормаларды сактоону сунуш кылып жатат.

Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

- Саламаттык сактоо министрлиги жүз миңден ашык атайын маалымат баракчаларын чыгарды. Бул маалымат баракчалары чет жактан учуп келген жүргүнчүлөргө, бейтапканага келген жарандарга таратылып, маалымат жана сунуштар берилет. Учурда Кыргызстанда коронавирус менен ооруган киши катталган жок. Социалдык тамактарда ар кандай жалган маалыматтар тарап жатат. Анын баары туура эмес. Коронавирус ошондой эле кошуна Казакстанда менен Өзбекстанда да катталган жок, - деди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. ​

Министр учурда кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар экенин билдирди. Ал чек ара бекеттеринде коронавирусту аныктоочу 13 тепловизор иштеп жатканын жана алар жетишсиз экенин да кошумчалады:

- Бизде 13 тепловизор бар. Ошонун баары адамдар көп каттаган чек арага коюлду. Жетпеген тепловизорлор боюнча иш алып баруудабыз. Беткап, шприц, антибиотиктер базарда бар. Кампаларда 3,5 миллиондой беткап бар. Жеке коргонуу каражаттарынан 1468 атайын халат, көз айнек эпидемиологдорго таратылып берилди, алар даяр турат. 22 санитардык көзөмөл өткөрмө пункттары такталган. Бажы биримдигине киргенде биздин ички чек аралардагы санитардык пункттар жоюлган экен. Жакын аранын ичинде биз он чакты санитардык пукнтту кайра калыбына келтирип иштетип жатабыз. Аталган пункттарда 170 эпидемиолог иштеп жатат.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар экенин билдирди. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

Нуран Ниязалиев.
Нуран Ниязалиев.

- Кытай бийлиги Ухандагы чет өлкөлүк жарандарды кантип алып чыгып кетүү боюнча чечим кабыл ала элек. Азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрүнүн Уханда жашап жаткан жарандарын алып кетүү иштери каралууда. Биздин жарандарыбыздын ичинде коронавируска чалдыккандар жок, - деди тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев.

Анын айтымында, аталган шаарда жалпы жонунан 50 кыргызстандык болгон. Каникулга байланыштуу алардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келишкен же Кытайдын башка шаарларына чыгып кетишкен.

Кытайдагы кыргыз студенттери

Кыргызстандык студент Темирлан Оторбаев жашап жаткан Чжэцзян провинциясынын Ханчжоу шаары Ухань шарынан 700 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул шаарда да коронавирусту жугузуп алгандар катталган. Бирок эч кандай тынчсызданууга себеп жок экенин айтып, Темирлан буларга токтолду:

Азыр Кытайдын жаңы жыл майрамы болуп, эч жер иштебейт. Бул вируска байланыштуу эмес. Жыл сайын жаңы жылда ушундай.


- Бизде баары тынч. Эч кандай ызы-чуу жок. Азыр Кытайдын жаңы жыл майрамы болуп, эч жер иштебейт. Бул вируска байланыштуу эмес. Жыл сайын жаңы жылда ушундай. Мен жашаган шаар ооруну жугузуп алган адамдардын саны боюнча үчүнчү орунда турат. Алардын саны 43 киши болуптур. Бирок бизде абал туруктуу. Кабатыр болгонго негиз жок. Бизди мугалимдер күндө текшерип жатышат. Эгер бөлмөбүздөн дүкөнгө же сыртка чыга турган болсок каттоого алышат. Канчада чыгып бара жатканың, кайра канчада келгениң жазылат. Бир жума мурун бизде окуган африкалык студент бала Ухань шаарына саякаттап барган экен. Мугалимдер ал азыр карантинге алынганын айтышты. Менин дос кызым болсо үйүндөгүлөр тынчсызданганынан Кыргызстанга учуп кетти. Мен жашаган шаарда аэропорттор иштеп жатат. Бирок көзөмөл күчтүү. Биз бул жакта маалыматтарды карап турабыз. Баары ачык-айкын. Каза тапкандардын көпчүлүгү жашы улгайгандар болуп жатат. Анткени алардын иммунитети начар болуп, вирус аларга бат жугат экен.

Темирлан окуган университетте кантип вирусту жугузбоонун эрежелери түшүндүрүлүп, өздүк гигиенаны сактоо боюнча маалыматтар берилген.

Темирлан Оторбаев.
Темирлан Оторбаев.

- Биздин декан өзү бизге маалымат берип, кантип гигиенаны сакташ керек экенин айтты. Менин түшүнүшүмчө бул вирус аба аркылуу жукпайт. Ал оорулуу менен кол кармашканда же коомдук жайларда оорулуу кармаган кармоочтордон жугушу мүмкүн экен. Андыктан сыртка чыкканда беткап, мээлей кийип, көчөгө чыгып келгенден кийин колду жакшылап жууш керек экенин эскертишүүдө. Күндө кечинде колубуздун эн белгисин тапшырып, абалыбыз тууралуу маалымат берип турабыз. Эң кызыгы - биздин жана Орусиянын маалымат каражаттары аябай ызы-чуу көтөрүп жатышат. Бизде баары туруктуу. Уханда окуган студенттер абал туруктуу экенин айтып, кечээ кат калтырышкан. Тынчсызданууга негиз жок экенин билдиришкен.

Ухань шаарынын Кытайдын Геология илимдери боюнча университетинде төрт кыргызстандык студент бар. Алардын бири Алибек учурда шаарда беткаптар аз экенин жана кымбаттаганын айтты. Ал шаарда абал туруктуу, эч кандай ызы-чуу жок экенин «Азаттыкка» айтып берди:

- Ухань шаарында учурда карантин жарыяланып, коомдук транспорт ишин токтоткон. Аэропорттор жана вокзалдар жабык. Эл көчөгө көп чыкпай эле. Чыкса да баары беткапчан жүрөт. Вирус башталганда тамак-аш бир аз кымбаттады. Андан сырткары Кытайдын жаңы жыл майрамы болгондуктан баары алдын-ала сатып алып коюшту. Беткаптар да кымбаттады. Кээ бир дарыканаларда беткаптар жок. Болсо да кымбат сатылууда. Баары мурдагыдай эле, болгону көчөгө аз чыгып калдык. Шаарда эч кандай ызы-чуу жок. Бизге университет колдон келген жардамын көрсөтүп, күнүнө экиден беткап берип жатат. Көчөгө сөзсүз беткап кийип чыгуу шарт. Кире бериште дайыма температураны өлчөгөн аппараттар менен текшерип турушат. Кимдин температурасы 37 градустан өйдө болсо ооруканага жөнөтүшөт. Коркунучтуу деле эч нерсе жок. Болгону коопсуздук чараларын сактап жатабыз. Вирус кээде аба аркылуу, кээде тамак-аштан жугушу мүмкүн деген маалыматтар айтылып жатат. Эң башкысы - тамак-ашты колдонордо жууп-тазалап, өздүк гигиенаны сакташ керек экенин эскертишүүдө. Окуу качан башталары белгисиз.

Буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Кытайдан эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Ушундай эле чаралар Борбор Азиянын Кытайга коңшулаш жашаган башка мамлекеттеринде да көрүлүп жатат.

Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында коронавирус аныкталган шартка даярдалып, атайын үч палата орнотулганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

27-январда эл аралык маалымат агенттиктери Кытай бийлиги ички жана сырттан келгендерге туристтик каттамдарды токтотту деп жарыялады. Ошол эле учурда Кытайдагы коронавируска байланыштуу кыргызстандык туристтер буга чейин алган жолдомолорунан баш тартып жатканын жергиликтүү туристтик агенттиктер кабарлашты.

"Кытай багытындагы туристтерди башка өлкөлөргө которуп жатабыз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:02 0:00
Түз линк


Ал арада Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Өпкөнү сезгенткен вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2300дөй киши ооруга чалдыгып, 80ден ашык киши каза тапты.

Вирус жуккандар Кытайдын сырткары АКШда, Таиландда, Вьетнамда, Сингапурда, Жапонияда, Түштүк Кореяда, Тайванда, Непалда, Францияда жана Австралияда да катталды.

Алгач Кытайда коронавирус биринчи катталган Ухань шаарынын тургундарына сыртка чыкпоо жөнүндө көрсөтмө берилди. Миллиондогон киши жашаган бул калаада коомдук транспорт тыптыйпыл токтоду. Бийлик темир жол вокзалы менен аэропортту да убактылуу жапты жана туристтерди Ухандан оолак болууга чакырып жатат.

"Кыргызстанда коронавирус катталган жок"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:28 0:00
Түз линк


Андан соң Хубэй провинциясында Ухандан башка дагы ондон ашык шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Мамлекеттик маалымат каражаттары Личуань, Чиби, Сяньтао өңдүү шаарларда да коомдук транспорттун каттамына чектөө киргизилгенин жазышты. Баш калаа Бээжинде жаңы жылдык иш-чаралар өткөн жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG