Пахта: мээнет текке кетүүдө

  • Ырысбай Абдыраимов
Жалал-Абаддын дыйкандары пахта баасынын арзандыгына кабатыр. Андыктан алар жыйнаган түшүмүн үйлөрүнө ташып, пахта баасынын кымбатташын күтүшүүдө.
Күздүн келиши менен облус дыйкандары пахта жыйноого киришти. Бирок анын баасы мурунку жылдардагыдан кыйла арзан болуп, пахтачыларды ойго салды.

Ноокендик дыйкан Эргешбай Жуманов пахта кабыл алуучу заводдор анын бир килограммын 28 сомдон сатып ала баштаганын айтты. Жуманов бул баага макул болбой, пахтасын талаадан үйүнө ташып жатат.

Дыйкандын айтымында, бул баа жер айдоодон тартып, түшүм өстүргөнгө чейинки чыгым түгүл, 25-30 сомдон сатып алынган үрөндү да актабайт. Демек пахтачылардын мээнети талаага кетиши ыктымал. Андан калса, бир гектар пахта өстүрүү 30 миң сомго турду. Пахта былтыр 42, мурдагы жылы 60 сомго сатылган экен:

- Пахтанын баасы мурдагы жылга караганда үч эсе арзан болуп, көтөрүлбөй атат. Бир гектар жер сатып алып, пахта эккем. Азыр эми бала-чакам менен үйүмө чогултуп атам. Кымбаттаганда сатам да. Баасы көтөрүлөбү, же жокпу, аны билүү кыйын. Эч ким жооп айтпай атат го.

Жыл өткөн сайын жер иштетүү кымбатка турууда. Пахтаны түшүмгө жеткиргиче ага зарыл үрөн, суу, техникалык кызматтар, күйүүчү май, минералдык жер семирткич, зыянкечтерге каршы уу химикаттардын баалары кыйла көкөлөдү.

Облустагы “Кенч” дыйкан чарбасынын башчысы Акыбай Сооронбаев пахтаны кайра иштетип, андан кездеме, кийим-кечек чыгарууну сунуштоодо. "Ошондо гана анын баасын көтөрүлөт", - деди ал. Себеби түшүмдү кымбат сатуу дыйкандын колунан келбей калды. Анткени пахта баасын дүйнөлүк базар чечип калган кез. Чарба чет өлкөлөр менен келишим түзүп, 33 гектар аянтка жан-жаныбар менен жаратылышка да зыянсыз, 20 пайыз кошумча акы төлөнөр биопахта айдаган.

Акыбай Сооронбаев чыгымы менен түшүмү да аз болгон биопахтанын баасы жөнөкөй пахтадан беш-алты сомго кымбат болорун айтты:

- Азыр дыйкандардын эч кандай аргасы жок, же үйүнө ташыйт, же арзан сатат, мээнети талаага кетет. Өзүбүздө кайра иштетилгенде гана баасы көтөрүлөт. Пахтадан жасалган буюмдардын баасы түшкөн жок, алар кымбаттап атат, жылдан-жылга. Мисалы, Түркиянын, же Еврпопанын көйнөктөрү мурда 50 доллар болсо, азыр 70-100 доллар болуп калды. Ал эми чийки пахтанын баасы жылдан жылга түшүп атат. Мурдагы жылы 60 сомдон сатылган. Азыр эми 28 сомдон башталды. Эми мындан ары канча болорун билбейбиз. Баа дыйкандын колунда эмес. Биз биопахта өстүрөбүз. Берки пахтага караганда чыгымы да, түшүмү да аз болот. Биопахтаны алгандан кийин биздин Швейцария менен Голландиядагы кардарларыбыз 20 пайыздан кошумча акы төлөп берет.

Ноокен районундагы Шалка айылынан Чыңгыз Маманов пахтасын жардамчыларга тердирип жатат. Демек чыгымга чыгым кошулат. Анткени анын үй-бүлөсү бир жарым гектардай жердин түшүмүн жыйноого үлгүрө албайт:

- Мээнетим акталабы, же акталбайбы - муну билбейм. Өстүргөндөн кийин биз мээнетибиз акталгандан сырткары киреше алышыбыз керек эле. 28 сомдон сата турган болсок эмне менен жашайбыз? Чыгым өтө эле көп кетти. Жердин сотигин он сомдон айдатканбыз. Шоруна, суусуна, тракторго кетти. Чигитине эки жарым миң сом төлөдүк. Пахтамды тамак-ашын бергенден сырткары төрт сомдон тердирип атам, жардамчыларга. Азыр арзан болуп атат, сатпайбыз. Кымбаттаганда сатабыз. Мамлекет пахтачыларга караса болот эле. Элден сатып алып, Орусиянын текстиль заводдоруна жөнөтсө, же алар менен келишим түзсө болот эле.

Облуста пахтаны кайра иштете турган эч кандай ишкана жок. Пахта тазалоочу заводдор аны булага айландырып, сырт өлкөлөргө жөнөтүшөт. Мамлекет пахтаны сатып алса, дыйкан эмгеги корголор эле деп ойлогондор да бар.