Бишкектин тургуну Махабат балдарына кийим сатып алар алдында тогуз толгонуп, эмне кездемеден тигилгенине аяр мамиле кылат. Себеби буга чейин кызына деп сатып алган кийимдин айынан терисине жара чыгып, араң дегенде кутулган экен:
- Менин эки кызым бар. Бирөөнүн териси абдан эле сезимтал. Синтетика кийди дегиче аллергия болуп, атүгүл жарага чейин айланган учурлар болгон. Сатып алган кездеменин сапатына көз каранды экен. Мисалы, азыркы учурда сатылган кийимдердин 80 пайызы синтетика болсо, 20 пайызы эле пахта болуп жатат. Көпчүлүк учурда Кытайдан келген товарлар 100 пайыз пахта деп жазылганы менен, анын курамында синтетика жана башка аралашмалар болуп жатат.
Махабат айымдын окуясын уккан соң балдардын кийим-кечектерин саткан Бишкектеги базарлардын бирине бардык. Базардын ичинде да, сыртында да кыдырата тизилип, балдардын кийимин саткандар кийимдердин сапатына кепилдик бере албай турганын билдиришти. Алардын бири - Гүлгаакы аттуу сатуучу:
- Биз кийимдердин сапаттарына кепилдик бере албайбыз. Анткени биз чыгарбайбыз. Бирок өзүбүздүн туюмубуз менен курамын айта алабыз. Мисалы, курамы жалаң эле пахтадан турса болбойт. Ошондуктан 80 пайыз, калган 20 пайыз синтетикадан турган кийимдерди көрсөтө алабыз. Биз булардын баарын эле дүңүнөн "Дордой" базарынан алып келебиз. Кытайдан келген, Кореядан келген товарды алабыз.
Ошол эле кезде сатуучулардын айтымында, сапатка калктын өзү деле каныгып калган. Кийимдин баасына карап эле анын сапаты тууралуу билсе болот. Ошондуктан "сапатынын начардыгын билсе деле арзан оокатка азгырылган ата-энелер арбын", - дейт сатуучу Бактыгүл:
- Элдин баары эле азыр билип калышты. Кеминде 8-10 жылдан бери, Кытайдын товарлары кире баштагандан тартып эле билип калышты. Көпчүлүк учурда бизден ойногонго кие турган кийимдерди алып кетишет. Бирок толугу менен пахтадан эле тигилген, аллергия кылбай турган кийимдер деле бар. Бирок алар кымбат. Анча-мынча эле бала бакчага баргандар алышпаса, көпчүлүк учурда алышпайт.
Анткен менен сапатсыз кийимден жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны да көп катталууда. Бишкектеги тери оорулар боюнча оорукананын дарыгери Роман Богамоловдун айтымында, бул көйгөйдү чечүүнүн башкы жолу - ата-энелердин кылдат мамилеси менен мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл болушу керек:
- Мен мурдатан эле айтып келгендей мындай көйгөйлөр чындыгында эле бар. Бул тууралуу Орусиянын телеканалдары тарабынан даярдалган "Жашоо чөйрөсү" аттуу көрсөтүүдө деле айтылып жатпайбы. Европадан келген, же Кытайдан келген болобу, кийимдерге түс берүү үчүн колдонулган ар кандай боёктордогу формальдегиддер ымыркайлардын терисине аллергиялык дерматиттерди пайда кылат. Негизинен булардын сапаты текшерүүдөн өтүшү керек эле. Бирок бизде барбы, же жокпу, муну айта албайм. Менин оюмча бар болушу керек.
Ал эми Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Сабиржан Абдикаримов балдардын кийимдерин текшерип чыгуу үчүн шарттын жок экенин билдирди:
- Кийимдерди текшергенге биздин шартыбыз жок. Негизинен кийимдерди ким текшериши жөнүндө аныктап чыгышыбыз да керек. Бизде азыр кийимдерди текшере турган токсикологиялык гана лаборатория болбосо, кийимдердин химиялык курамын текшергенге мүмкүнчүлүгүбүз жок.
Кыргызстанда кийим тигүү бизнеси өтө тез телчигип келе жатканы айтылып келет. Бирок ага карабай калктын көпчүлүк бөлүгү тыштан келген сапаты тууралуу абдан көп суроолорду туудурган кийимдер пайдаланууда.

Кытайдан келген товарлар 100 пайыз пахта деп жазылганы менен, анын курамында синтетика жана башка аралашмалар болуп жатат.