Активисттер көлдүн жээгин тазалашты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Тоң жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүндө "Таза долбоор” демилгечи тобунун жаштары менен бирге жергиликтүү эл ишембилик өткөрүп, көл жээгин тазалашты. 200дөй киши катышкан акциянын максаты - айлана-чөйрөнү, өзгөчө туристтер көп келген жерлерди таза сактоо жана коомчулуктун көңүлүн тазалыкка буруу болуп саналат.