Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:12

Жаатташкан ошол айылым!..


Иллюстрация
Иллюстрация

“Күлкү кербендин” бул чыгарылышында жердешчилик жана атаандашуу жөнүндөгү азил катыкталган чакан аңгеме сунуш кылынат.

(Кетментөбөлүк Арслан иниме)

Оо, чырагым!.. Биздин бала чагыбызда эмнелер гана болгон жок! Эсимде өзгөчө калганы — айылыбыздын чакандыгына карабай, андагы экиге бөлүнүп жаатташуунун улам күчөгөндүгү болду бейм.

Азыркы чен-өлчөм менен аны “тепкедей айыл” деп койсо болот. Бирок ал кездеги дымак менен караганда Ыстамбул, Маскөө, Бээжинден кем калышпаган өтө чоң кыштактай, эли кымгуут болуп котолоп калгандай сезилчү жана аны тургундары “өйдө жак”, “ылдый жак” деп бөлүп алышкан. Алардын уруусуна келсек — кыргыздын эки-үч эле чоң уруусунан бутактанган экен. Бирок “эки-үч атадан тараган туугандар” экенин деле көзгө илбей, эмне болсо да “өйдө жактыктар”, “ылдый жактыктар” деп бөлүнүп-жиктелип чуркурап калышаар эле.

“Өйдө жак” дегени - айылдын четинен аккан өзөндүн башында тургандары, суунун этек жагында жайгашкандарды, албетте, “ылдый жак” дешээр эле. Жок дегенде ушул аталышка келгенде алардын талашы чыкчу эмес, жер кыртышы өзү эле аларды орток тыянакка байлап салган.

Башка да орток байлыктары бар болчу. Бөтөн жерлерде болбогондой сасык үпүптөрүнүн эле доошучу! Шылдыр аккан булактары! Жер жайнап чыккан чычырканак, жапайы карагаты!.. Шыбагынын жытын айт!..

Бирок айылдыктар бул жалпы нерселерди таназарына алчу эмес. Аларды таназарга алган чакта да өйдө-ылдый болуп бөлүнүшүп: “биздин сасык үпүптөр силердикинен сулуураак” деп да жатып калышчу.

Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Тээ 1930-жылдардын башында айылдыктар бири-бири менен атаандашканда “биз жактан көбүрөөк басмачы чыкты” деп да талашып-тартышчу экен. Анан бир-экөөн ээн ооз сүйлөгөнү үчүн сүргүнгө айдаганда, калгандары үчүн бул тема жабылыптыр.

Айылдын негизги чарбачылыгы мал менен байланыштуу болгондуктан, мындай мал киндиктүү жерде “биздин чабаныбыз көбүрөөк төл алды” деп да талаша кетишчү.

Кийинчерээк кеңеш бийлиги бул айылдын эрезеге жеткен тургундарын жана ортоңку жана жогорку класстарда окуган окуучуларын тоо ашырып барып, коңшу өрөөндө пахта жыйноого да салып жүрдү. Ошондо да аларда “өйдө жак” өзүнчө топ, “ылдый жак” өзүнчө топ болуп бөлүнүп алып, бири-бири менен атаандашып, “биздин топ көбүрөөк пахта жыйып, социалисттик мелдеште жеңди” деп бири-бирине кыр көрсөтүп келишчү. Кийин уксам, алардын жыйынтыгы ошол пахтачылык өрөөнүндөгү шамдагайлардын жыйынтыгынын жанында таптакыр шоона эшчү эмес деле экен.

Кийин “сакманчы”, “колхоз кыркыны” деген чыкты.

Буларды түшүнбөгөн балдарга айта кетейин: тээ бир кездери айылдар колхоз болуп уюшулуп, анан бара-бара мамлекеттик план улам жогорулатылып, кой туягы өзгөчө көбөйүп, анан калса жүнүнүн сапатын карап, кыргыздын кылымдар карыткан жергиликтүү койлорун “кылчык жүндүү экен” деп жерип, ал эми уяң жүн берчү жаңы түрлөрүн тим эле бешикке салынган бөбөктөрдөй бапестеп багып, алардын туяк санын жайлоонун мүмкүнчүлүгүнөн да көбүрөөк кылып арттырган заман башталып калды.

Кыргыздын өз койлору кышта жаңы туулган козусун ак карда ээрчитип чуркап кетээр эле, а булар болсо тим эле ак сөөк болчу. Алар козу тууй электе эле колхоздун чабандарына кошумча он чакты айылдашы келип, “киндик эне” болуп жардам кылышчу. Аларды “сакманчы” дешээр эле. (Башка жерде “сакмалчы” дешет экен, бизде негедир “сакманчы” деп коюшчу).

Ошондо да сакманчылыкка өйдө жактыктар өйдө жактын гана койчусуна барып, ылдый жактыктар ылдый жактан чыккан чабанга гана барып жүрүштү го, чиркин!

Анан жай келгенде ошол аздектелген койдун баалуу жүнүн кыркуу — калайыктын өзүнчө эле түйшүгү эле.

Жаздоо катары колдонулган бир бош өрөөнгө өйдө жактыктар келип, өйдө жактык чабандардын коюн кыркышчу. Ылдый жактыктар аларга жанаша сарайды ээлеп, үйдө орун жетпегендери боз үйлөрдү, чатырларды тигип алып, өздөрүнүкүн кыркаар эле. Анан “бул жактыктар күнүнө мынча жүн тапшырды, тигил жактыктарды артта калтырды!” деген атаандашуу башталчу.

Балким, ошол кездерде ушундай атаандашуу план үчүн күрөшкөн бийликтин да чырагына май тамызып турдубу, ким билсин?!.

Кыркынчылар тоолуу өрөөндө үч-төрт аптадай байырлап калчу. Алар апта соңунда түштөн кийин бир-эки саат эс алган маалда элдик күрөш уюштураар эле.

Там-тум басканынан тартып кыргыз күрөшүнүн ыкмаларын үйрөнө баштаган эркек балдар үчүн бул оюн өзүнчө эле бекер цирк болсо, чоңдор үчүн саясий атаандашуунун нагыз талаасы болчу:

“Бүгүн өйдө жактыктар жеңип салбадыбы, атаңдын көрү!”

“Ылдый жактык байкоостон чалып жиберди, анан биздин кургур “күп” этип түшпөдүбү!”

“Тигил эткээл эме экен, анан денесинен май чыгып, самындай жылбышып турат экен, болбосо аны биздики жеңмек! Шаарда жүрүп билдирбестен ак койдун майынан жеген да!..” (Мында “ак койдун майы” деп чочконун “сало” деген ат менен өзүнчө ыкма менен сакталган майын тергеп жатышкандыгы. Ага бул айылда жегенге тыюу салынган, кантсе да, мусулмандар эмеспи! Бирок атеисттик өкмөткө баш ийген кызыл аскерге кызмат кылып келгендердин бардыгы аны жегенин айтып мактанышчу).

Анан балаа басты!..

“Өйдө жактык” бир балбан катары менен бир нече жолу берки жактыктарды жеңип туруп алды. Балбандын аты Каамыт эле.

Бул ызага чыдай албай, кыркынга жардамга келген ылдый жактык окуучу балдар ыйлап да жиберишти. Алар өз ара күрөштө өйдө жактыктарды жеңип жатты, бирок чоң кишилер алардын “юниордук” мелдешинин натыйжасын эч көзгө илишкен жок. Буга да алар ызаланышты.

“Ылдый жактыктар! Эркек барбы, араңарда, деги!” — деп тигилер да күйгүзүп улам таң эртеден чогуу кыйкырып коюшат.

Бери жактан намыстанып улам бир киши күрөшкө чыгып жатты, бирок өйдө жактын балбаны Каамыт андайларды кээде дароо жыгып, кээде ойнотуп келип, ойкуштатып тегеретип туруп жыгып, эрмектеп, айтор, ар биринин эсебин берип жатты. Анын өнөрпоздугуна, балбандык чеберчилигине берки жактагылар деле куштарланып карап турушчу, бирок, саат басып” “өйдө жактык” болуп жатпайбы!

Көрсө, “ылдый жактыктар” деле бекер жатышпаптыр. Алар Кайып атабызды “тиши ооруп калыптыр” деп шылтоо таап, райондун борборундагы ооруканага жиберишкен. Тиш-миши оорубай эле, атабыз барып райборбордон жумурият борборуна чалышыптыр.

Бишкекте (ал кезде Фрунзе шаарында) иштеп жаткан бир ылдый жактык Ырысбек аттуу балбан жигитке Кайып атабыз телефондон жалыныптыр:

— Баш көтөрө албай калдык! Намысыбызды алып бер!

— Мени ишканадагы жумуштан кетиришпейт. Планды аткаруу керек!..

— План-сыланыңды мындай кой! Келбесең бүт ылдый жактыктар намысы үчүн өздөрүн харакири кылышмай болду!.. “Чоңуңа” айтып кой, менин чоң атам өлгөн жатат деп!..

— Чоң атам эчак өлгөн да! Анын таажиясына “чоңум” өзү катышкан.

— Анда менин атымды айт, “сонун досум бар эле, көрдүн оозунда жатат!” дегин. Айтор, тез кел! Болбосо мындан ары айылга эгерим жолобо! Башка сөз жок!.. — деп кайран атабыз телефонду таштай салып баса бериптир.

Бир күнү эртең менен ылдый жактыктардын атынан Кайып атабыз баары уккандай кылып үн салып калыптыр:

“Өйдө жактыктар! Барсыңарбы! Балбан чалышыңар барбы, араңарда!..”

Өйдө жактыктар шатыра-шатман каткыра жооп узатышты.

Анан түштөн кийин кызыкты көрмөккө калайык бүт чогулду. Ал түгүл айылдан кулагы чалып калган кемпир-чалдардан, жаш балдардан бери үйүлүп келишти.

Чечүүчү мелдешке ортого чыгаарда Каамыт ары-бери басып: “Көргүлүктү көрсөтөм!.. Ким алдыман чыкса да, сазайын берем!” деп кыйкырса, өйдө жактыктар “Айланайын, мерт кыла көрбө! Сабыр кыл!” деп атайын бер жактагы атаандашына сес көрсөтө үндөрүн катуу чыгара жалбарып, балбанын ортого узатышты.

Ырысбек да ортого шыдыр эле чыга койгон жок. “Мен азыр эле Каамытты жер менен жексен кылам!” деп ары-бери басып, жанындагылардын кара күчкө сала алып ыргытып опурулду.

“Бир ачууңду мага бер! Бир ачууңду мага бер! Ортого чыкканда эле сазайын көрсөт, азыр сабыр кыл!” деп кыйкырып жаалаган ылдый жактыктар да өз балбанын моралдык жактан колдон келишинче таптап, дароо ортого чыгара бербей маалкатып турушту.

Шаарда атайын спорт клубунда машыкканбы, же көчөмө-көчө уруштарга катышканбы, же тубаса балбандыгы бар беле, ким билсин!..

Айтор, Ырысбек ортого чыгып, өзүнөн албеттүү көрүнгөн Каамытты таптак көтөрүп, ары-бери айлантып келип, анан көз ачып-жумгуча төбөсү менен жер сайдырды.

Каамыт бир аз убакытка кыймылга келбей шибер жерде жатып калды.

Ылдый жактыктар ураан чакырып келип, Ырысбекти колго көтөрүп кетишти. Аны алкап жаткандар бар, сүйүнүчтөн көз жашы кылгандар да бар. “Чоңойгондо мен Ырысбек байкемдей болом!” деп мактанган тестиерлер канча!..

...Андан бери далай суу акты.

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Коңшу пахтачылык өрөөндөргө суу жеткирүү үчүн суу сактагыч куруу керек болду. Алиги ылдый жактагылар айылдын башына көчүрүлүп, бир азга өйдө жактык болуп калышты.

Ошондо да мурдагы эс-тутум менен аларды “ылдый жактыктар” деп атай беришти.

Андан соң жөн гана суу сактагыч эмес, ири ГЭС курабыз деп (балким, оболу ГЭС курабыз деп, анан суу сактагычты кошумчалашкандыр, эми анысынын аки-чүкүсүн билбейм), айтор, алиги айылдын калкын түп-тамыры менен кеңирсиген өрөөндүн таптакыр башка жагына көчүрмөк болушту эле, далайлары сунуш кылынган жайга көнбөстөн, райондун борборунан же башка шаарлардан конуш таап, тоолуу өлкө боюнча бытырап таркап кетишти.

Бир кезде өйдө жактыктар да, ылдый жактыктар да ортого келип, колхоз клубунун жанында аркы-терки сүйлөшүп калышаар эле. Клубдун жанында зым карагайда доошту чоң кылып чыгарган радионун калпак сындуу аспабы да илинип турчу.

Планетанын жаңылыгынан ички үй-бүлөлүк кабарга чейин эрмектеп талкуулаган чоң кишилердин ары-бери жагынан элесепет тээп, чикит чаап, же музоосун жетелеп, козусун айдаган же китеп баштыгын көтөргөн балакайлар ары-бери өтөөр эле.

Эми булардын бири жок. Айыл аймагы бүт суу астында калды. Ата-бабалардын сөөгү жаткан, өйдө жактыктыкы, ылдый жактыктыгы делген көрүстөндөр да суу астында ойрон болду.

Баягы Ырысбек менен Каамыттын чөбөрөлөрү үйлөнүшүп, эми алар чоң кудалар болуп калышты... Чөбөрөлөрү болсо бир кездери өз бабаларынын тепкедей айыл ичинде намыс талашып, бири-бири менен күрөшкөнүнөн деле кабарсыз... Ромео менен Жулиеттанын теңирден тескерисинче. Ошондуктан алар жөнүндө поэма же драма жазгандар деле учурабайт.

Азыр ошол “өйдө жак”, “ылдый жак” деп чуркураган калайык, экиге жаатташкан классташтарым, ортодогу аларды бириктирген мектеп, клуб, элдик оюндар түшкө гана кирет... Айылыбызды эми картадан да таппайсыңар... Бир айылдашым — чоң жазуучу, азыр Лондондо жашайт.

Өзүңүздү тааныштыр, дейсиңби, чырагым? Баамдагандырсың, мен жогорудагы Кайыптын уулумун. Менин атым...

Менин атымды деле унутаарсың, бирок ысымымдагы эң башкы маанини унутпагын. Бөлүнгөндү бөрү жейт, жаатташканды жоосу басат, чырагым!.. Менин атым — Ынтымак (Yntymak). Англисче ысымымды айтышың оор, которгондо көп сөз керек болот, бирок мааниси — “биримдикте болуу”. Кетмен-Төбөнүн гана эмес, бүткүл Кыргыз жеринин кулунумун. Бир небере келиним –— жапон кызы. Кыргызча суудай сүйлөйт...

Жок, мен мында — силердин Австралияда байырлап калган жокмун. Бул жакта убактылуу иштеп жаткан балабыз сейилдеп кеткиле деп чакырган, эми бүрсүгүнү Ала-Тоомо кайтам. Бала чактагы айылыма гана кайта албайм!..

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG