Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен үй-мүлкү конфискацияланды. Өкүм 30-октябрда чыкты. Ишти судья Дамирбек Назаров карады. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылды.