34 жаштагы Эмил Сааданбеков - мамлекеттик квота менен Венгриядагы университеттерде бекер билим алууга байланыштуу сынакка нааразы болуп жүргөндөрдүн бири.
Кыргызстандан компьютердик инженерия кесибине ээ болгон Сааданбеков чет өлкөдөн ишкерлик жаатында билим алгысы келген. Венгриядагы окуу боюнча Интернеттен маалымат алып, бардык тийиштүү документтерин тапшырып, 20-февралда Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн тандоо туруна катышкан.
- Мен кирип, учурашып, отурдум, - деди ал өзү катышкан тандоо тууралуу. - Эки аял, үч эркек киши отуруптур. Менин маңдайымда отурган аял өзүм жөнүндө айтып беришимди өтүндү. Мен ким экенимди, кайсы окуу жайын качан бүткөнүмдү, кандай кесипти окуганымды, эмнеге Венгрияга документ тапшырып атканымды, эмнеге ушул факультетти тандаганымды айтып бердим. Ал мени угуп, тактоочу бир нече суроо берди. Мен жалпысынан беш мүнөттөй сүйлөдүм. Анан алар «рахмат, жакшы барыңыз» дешти. Эртеси күнү эле 21-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында окууга өткөндөрдүн тизмеси чыгып калды. Бир түндө эле кантип талдап чыгышты? Магистратура менен докторантура эле кырктай адам болчу. Ал эми бакалавриатта толтура адам болчу. Алар тез арада тандап салышыптыр. Карасам окууга сунуштагандардын арасында мен жок экенмин. Орточо балл алыптырмын. Алар 10 эле адамды тандашыптыр.
Дагы караңыз Венгрияга окуу: күмөндүү сынакЭмил Сааданбеков Венгрияга сунушталгандарды комиссия кандай критерийлер менен тандаганын түшүнбөй жатат. Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине, парламент менен өкмөткө кат жазган. Кайрылуудан көп өтпөй Венгрия кошумча берген квотада анын фамилиясы окууга сунушталгандардын тизмесине кирип калган. Сааданбеков сынакта шек туудурган жагдайлар жыл сайын кайталанганы менен жөнгө салынбай келатканына таң калды:
- Кайсы критерий менен тандалат? Эмнеге негизделип баа коюлат? Оозеки жооп бергенде баарыбыз бирдей эле сүйлөдүк. Мындан билим деңгээлин кантип текшеришет? Эмнеге жылда кайталанган маселе чечилбейт?
Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги эки жылдан берки сынга байланыштуу бир нече чара көрүлгөнүн билдирди. Маселен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу тандоо турунда комиссиядагы кишинин саны бештен жетиге көбөйтүлгөн. Бирок бакалавриат программасы боюнча гана абитуриенттер үчүн онлайн тест тапшыруу киргизилип, калгандарын мурдагыдай эле атайын комиссия чечет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айзада Апышова тапшырган документтери эске алынып, комиссия мүчөлөрү менен беш мүнөттүк оозеки аңгемешүүдө талапкердин билим деңгээлин текшерүүгө болот деп эсептейт.
- Билимин аныктаганга аракет кылышты, - дейт министрликтин өкүлү. - Мотивациялык катты кайсы темада жазганын айтып берет. Эмне темада жазарын билбеген, аныктай элек балдар бар экен. Аларды мындай карасаң жакшы окуйт, баалары мыкты. Ар кандай критерийлер менен такташты.
Апышова комиссия мүчөлөрү билим берүү тармагында дасыккан адистер экенин билдирүүдө.
Жыл сайын Кыргызстандан отуздай кишини бекер окутуу боюнча эки мамлекет макулдашкан 2016-жылдан бери бул сынак чырсыз өтө элек. 2017-жылы Венгрияга окууга өткөн жаштардын арасында парламенттеги депутаттардын, министрликтеги жогорку кызмат адамдарынын уул-кыздарынын аты чыгып, коомчулукта Билим берүү жана илим министрлигине сын күчөгөн.
Бул парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн маселе боюнча териштирүү жүргүзүлөрү айтылганы менен анын жыйынтыгы белгисиз бойдон калып жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова бул сыяктуу кыңыр иштер ачылбай, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылбай калганы ушундай көрүнүштөрдүн уланышына шарт түзүп жатканын билдирди:
- Мындай окуялар мурда да болгон. Чоңдор өз балдарын киргизип алышканы далилденген. Бул маселе көп жолу көтөрүлдү. Азыр да ушундай болуп жатса, анда маселе терең иликтенген эмес.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда 2019-жылы Венгрияга жалпысынан 25 орун бөлүнгөн. Бирок азыр дагы 50 орун бөлүнүшү күтүлүп жатат. Жалпысынан министрлик аркылуу 200дөй студент окууга кетет.