Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:42

Венгрияга окуу: күмөндүү сынак


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда мамлекеттик квота менен Венгриядагы университеттерде акысыз билим алууга байланыштуу дагы нааразылык жаралды.

Бардык сынактан ийгиликтүү өткөн, тизмеде алдыңкы орунда болгону менен окуу жайларга бара албай калгандар күдүк жагдайлар көп экенине арызданып жатат. Куду ушундай эле көрүнүш былтыр да болгон эле.

Быйыл Венгрияда жогорку окуу жайларда акысыз окууга 75 орун бөлүнгөнү кабарланган.

Чынара Жамалбекова Венгриядагы "Stipendium Hungaricum" стипендиялык программасынын алкагында магистратурага сынактын эки айлампасынан тең ийгиликтүү өткөн. Бирок университетке кабыл алынбай калганын так окуу башталар маалда уккан:

-Мен тизмеде бешинчи болуп өткөм. Экинчи турда университет өзү онлайн тест уюштурду. Мен жыйынтыгын билбейм, бирок мага ал жактан "өттүңөр, эми стипендия берген "Темпус" деген уюм бар, ошонун жообун күткүлө" деген кат келген. Биз жоопту күтүп эле жатканбыз. Жооп кечиккенден башкалардан сурай баштасак, аларга жооп келгенин, визалары даяр экенин айтып калышты. Мага болсо жооп да келе элек болчу. Мага себеби, ким тараптан болгону белгисиз болуп калды. Чынап эле "Темпус" тандаган жокпу, алар эмнеге карап тандашат, алар дагы жооп бербей жатышат. Билим берүү министрлиги дагы "муну "Темпус" эле кылат. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт" деп жатат.

Бегимай Ашыркулова Венгриядагы жогорку окуу жайга магистратурага өттү деген тизмеде алган баллына карата үчүнчү болгон. Бирок ал дагы гранттык орунга илинбей калган. Бегимайдын атасы Кубан Ашыркулов жагдайды териштирүү үчүн Венгрияга кат жазган. Ал жактан себебин бир ыктай түшүндүргөн жооп ала алган эмес. Ашыркулов мындан эки жумадан ашык убакыт мурун Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлигине да расмий кайрылган. Анда Венгрия жөнөтүлгөн тизмени да сураган. Бирок азыркыга чейин жооп келе электигин айтып жатат:

-Менин кызым жакшы окуйт. Борбор Азиядагы Америка университетин дагы жакшы көрсөткүчтөр менен аяктаган. Биз эми башка жогорку окуу жайга тапшырганга убакытты өткөрүп жибердик. Жооп келбей, убакытты алып, аягында ушундай кылып койгону туура эмес болду. Балким бул биздин министрликтин катасы эместир. Бирок биздин Билим берүү министрлиги, же Тышкы иштер министрлиги Венгрия тарапка кайрылышы керек. Мындай кылышкандары туура эмес. Магистратурага тапшыргандар мейли эми өтпөй калса бир жыл иштеп туруп, дагы бир жылдан кийин кайра тапшырса болот. Бакалвриятка тапшыргандардын бир жылы жөн эле өтүп кетип жатпайбы. Мектепти жаңы бүтүп. ушинтип окууга өтпөй калган балдарга чоң эле сокку болот. Магистратурага тапшырган менин кызыма деле бул чоң шок болду.

Жагдай боюнча билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков комментарий берди. Анын айтымында, былтыр расмий Будапешт 25 орун бөлгөн. Бул жылы болсо жалпысынан 75 орун каралганын маалымдаган. Бирок аталган министрлик жөнөткөн 75 адамдан турган тизмеден 27син гана тандап алышкан:

-Көз карандысыз комиссия аныктаган 75 адамдан турган тизмени биз ТИМ аркылуу Венгрияга жөнөткөнбүз. Ал эми ошолордун арасынан 25ин өздөрү тандаган. Акыркы чечимди алар кабыл алат. Алар бизге өздөрү тандап алган 27 адамдын тизмесин бизге жөнөтүшкөн. Эң негизгиси - министрлик аларды иргеп-тандоого катышпайт. Онлайн байланыш, келишим аркылуу өздөрү гана тандашат. Ушул жерден бүдөмүк ой болбошу керек. Сынакка катышкандардын айрымдарында күдүк ойлор болушу мүмкүн, бирок биздин тиешебиз жок деп ишендирип кетет элем. Окуучулар, ата-энелер, өзүбүз деле татыктуу сынактарга катышып, ал жактан татыктуу утулуп калууга да, утууга да үйрөнүшүбүз керек. Коомчулукта бири-бирибизге ишенбестик болгондуктан ушундай күмөн саноо болуп жатат. Ата-эне эч качан баласын жаман дебейт, ошондуктан күмөн саноо, ишенбестик бар.

Расмий Бишкек менен Будапешт жыл сайын Кыргызстандан 25 адамды акысыз окутуп берүү тууралуу 2016-жылы макулдашкан. Былтыр квотага байланыштуу маселени былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев айтып чыккан. Сынак ачык-айкын өтпөгөнүн, тизмеге аткаминерлер менен айрым депутаттардын балдары кирип, карапайым элдин уул-кызы илинбей калганын сындап чыккан. Жанар Акаев быйылкы жагдайды да териштиргени жатат:

-Мен муну парламентте көтөрүп, тартипке салганга аракет кылганбыз. Ал жерде парламенттин депутатынын кызы, Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген эки чиновниктин кыздары өтүп, сынак адилеттүү болбой калганын айтып чыкканбыз. Министрлик муну тартипке салганын айтып келе жатат. Быйыл дагы мага Венгрияга окууга сынак адилетсиз болду деген беш ата-эне кайрылды. Мен министрликтин өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алар Венгрия тарапка шылтап жатат. Биз эми керек болсо Венгрияга чейин суроо-талап жөнөтүүгө даярбыз. Чынында эле кайрылуу көп. Министрликке бул маселени биз сөзсүз коебуз.

Ак үйдөгү "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, бул маселе Коопсуздук кеңешине да жетти жана ал жакта да иликтеп-териштирүү башталды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG