Кыргызстан: Узап бараткан жылдын урунттуу окуялары
8-мартта президент Роза Отунбаева АКШ Мамдепартаментинин аялдардын эл аралык "Каармандык үчүн" сыйлыгын алды.
Апрель окуясынын бир жылдыгы эскерилди. 7-апрель, 2011.
Киммо Кильюнен жетектеген эл аралык комиссия июнь коогасы боюнча иликтөөсүнүн тыянагын жарыялады. 3-май.
Июнь коогасы башталганына бир жыл. 10-июнь
Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгын белгиледи. 31-август.
Сентябрь. Президенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү башталып, жүзгө жакын талапкерден 18и калды.
Президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаев жеңишке жетти. 30-октябрь.
Жаш активисттер "Роза үчүн розалар" акциясын уюштурду. 1-ноябрь.
Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков "Чехия менен Словакия таланттарды издейт" сынагында баш байгени жеңип алды. Декабрь.
Алмазбек Атамбаев ант берип, президенттик кызматка киришти. Кыргызстанда биринчи жолу президенттик бийлик мыйзамдуу түрдө алмашты. 1-декабрь
Ахматбек Келдибеков парламенттеги ишмердигине байланыштуу катуу талкуулардан кийин спикерликтен кетээрин жарыялады. 12-декабрь.
Парламент спикерликке Асылбек Жээнбековду шайлады, 21-декабрь.
Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду шайлады, 23-декабрь.
Парламент өкмөттүн жаңы курамын бекитти, 23-декабрь.
Ошто Ту-134 учагы кырсыкка кабылып, бактыга жараша андан ажал тапкандар болгон жок. 28-декабрь.