Никенин кадыры кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалымат боюнча 2018-жылдын тогуз айында эле 7,5 миң үй-бүлө бузулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 2,5 миңге көп.

22 жаштагы Даражан 2017-жылы ата-энесинин чечими менен өзү каалабаган жигитке турмушка чыккан. Бирок ага башынан эле каршы болгондуктан бир айдан кийин эле ажырашууга туура келген. Жигит менен кыз тараптын ата-энелери күчкө салып эле «жашап кетет» деп эки жашты баш коштурганы менен үй-бүлө оту тутанган эмес.

- Мен тойду билген эмесмин, айтышкан да эмес. Той болорун мага иним айтканда гана билдим. Датасын да белгилеп коюшкан экен. Ал жигит менен сүйлөшкөн эмесмин. Мен "токтоткула" деп бир нече жолу аракет кылып, үйдөгүлөргө таарынсам да жыйынтык чыккан жок. Качып көрдүм, анда да кармалып калдым. Той өтүп, эртеси да болду. Бирок «тойду токтоткула» деп жүрүп экөөбүз бири-бирибизди жек көрүп калганбыз. Анан кантип жашоо болот? Ата-энелерибиз болсо «элдин астында уят, бир аз чыдап койгула» деп жатып бир айча жашап, анан эки жакка кеттик.

Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын 9 миңге жетет.

2017-жылы бул сан 9,5 миңден ашкан. Ал эми быйылкы жылдын 9 айында эле 7,5 миң ажырашуу катталган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Дамира Азимбаева үй-бүлө кургандар менен ажырашкандардын көрсөткүчү боюнча буларды билдирди:

- Автоматташтырылган маалымат тутумдарынын көрсөткүчтөрү боюнча 2018-жылдын тогуз айына карата туулгандыкты, никени жана ажырашууну каттоо былтыркыдан көбөйдү. Тактап айтканда, туулгандыгын каттоо былтыркыга салыштырмалуу 37 миңге көп болуп, 98 миңди түздү. Никени каттоо 2017-жылга караганда 16 миңге көбөйүп, 30 миңге жетти. Ошол эле учурда ажырашууну каттоо 7,5 миңди түзүп, былтыркыдан 2,5 миңге көбүрөөк болду.

Дагы караңыз Билимдүү аялдар көп ажырашабы?

Бул сот аркылуу ажырашып, Мамлекеттик каттоо кызматынан нике күбөлүгүн расмий жокко чыгаргандардын гана саны. Адистер никеге турбай үйлөнүп алгандар же соттун кийлигишүүсүз эле ажырашып кеткендер көп экенин айтышат.

Бишкек шаарынын тургуну Нурбек башынан бир турмушту өткөргөн. Ал үй-бүлөнүн бузулушуна негиз болгон айрым жагдайларды атады:

- Көбү материалдык байлык тартыш болгондуктан, ошого чыдабай ажырашып кетишет. Андан башка кызганыч да бар. Эми айта берсең мындайлар көп да.

Дагы караңыз Кыздарды кыстап турмушка бергендер көп

Бапырата той берип, жыл айланбай эки жолго түшкөн түгөйлөр, ак никенин касиети менен барк-баасы тууралуу шаар тургундарынан сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

- Мурда ата-энесин сыйлабаган гана кыз-уул ажырашчу. Ажырашуу деген өтө өөн учурачу. Азыр ажырашуу деген уят деле болбой калды.

- Азыркы жаштар никеге турбай эле үйлөнүп алышат. Анткени "аялым кандай чыгат экен" деп сынашат. Келечекти ойлошпойт.

- Бул жаштардын бирин бири түшүнбөгөндүгү. Адамдын тарбиясынан да болот. Ошондой эле кээ бирөөлөр материалдык байлыктын жетишсиздигинен ажырашат.

Айрым изилдөөлөргө караганда, ажырашкан түгөйлөр элеттегилерге караганда шаарда үч эсе көп катталат.

Психолог Гүлзина Мадраимова үй-бүлөдө жарака кетип, акыры ажырашып тынган түгөйлөргө ата-энелери, достору, тааныштары да себепчи болгон учурлар көп экенин белгилеп, буларга токтолду:

Гүлзина Мадраимова.

- Бул маселе үй-бүлөнү туура пландаштырбагандан келип чыгууда деген пикирдемин. Эки жаш бири-бирин жакшы биле электе эле "сүйүшүп калдык" деп ойлоп, баш кошкондун кесепети. Экөө чогуу жашап, чогуу оокат кылып, ар кандай маселелерди бирге чече баштаганда өздөрү ага даяр эмес экенин билип, ажырашып кетип жатышат. Материалдык жактан болобу, баланы тарбиялоодо болобу, жаштар даяр эмес экенин көрсөтүшүүдө.

Азырынча Кыргызстанда ажырашкан үй-бүлөлөр кайсы аймактарда басымдуулук кылат, алардын орто жашы канча - бул боюнча так көрсөткүчтөр жок. Адистер акыркы учурларда коом ажырашууну кадыресе көрүнүш катары кабылдай баштаганын да белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.