Текебаев менен Келдибеков президенттик жарыштан четтетилди

Өмүрбек Текебаевди жана Акматбек Келдибеков.

БШК Өмүрбек Текебаевди жана Акматбек Келдибековду президенттикке талапкер кылып каттоодон баш тартты. Ал арада көз каранды эмес байкоочулар Кыргызстандагы бул жолку президенттик шайлоо алдында басма сөз эркиндигине жана айрым талапкерлерге кысым жасалып жатканына кооптонуусун билдирип чыгышты.

Өмүрбек Текебаевди каттоодон баш тартууга анын топтогон колтамгалары эрежеге ылайык келбей калганы жана бир миллион сомдук күрөө коюлбаганы себеп болду. Камактагы саясатчы үчүн 30 миңден ашуун колтамганы чогултуу иши шайлоо фондунан каржыланган эмес деген негизде Боршайком анын баарын 17-августта жараксыз деп тапкан. Муну Жогорку Сот өзгөрүүсүз калтырган. 4-сентябрдагы жыйында кабыл алган чечиминде БШК ушуну негиз кылды.

Ал эми Акматбек Келдибеков талапкер катары соттуулугу жоюла элек деген негиз менен катталган жок. Коррупция үчүн соттолгон Келдибеков айыбы үчүн былтыр ноябрда мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Жогорку Сот жакында маалымат таратып, анын соттуулугу ошол күндөн туура бир жыл өткөндөн кийин, тагыраагы, быйыл 8-ноябрда жоюларын билдирген.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова соттуулугу жоюла элек жарандын президенттикке ат салышууга укугу жок деп билдирди:

- Биздин чечим Конституцияга жана мыйзамга негизделген. Дал келип, негизделип чыгарылган чечим.

Нуржан Шайлдабекова.

Келдибеков Боршайкомдун бул чечимин сотко берерин айтууда. Ал комиссия айрымдардын буйругун аткарууда деп эсептейт:

- Көрүнүп турбайбы, буйрукту аткарып... БШК төрайымы эч бир нерсени укпай, бир да беренени айта албай жатат. Эгер Конституциядан менин катталышыма уруксат бербей турган беренени көрсөтүп беришсе, мен макул болмокмун.

Акматбек Келдибеков шайлоо алдында бириккен төрт саясатчынын бири экени да белгилүү. Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев төртөөнүн союзу ажырады деген сөздөрдү Келдибеков четке кагып, жакын арада бирдиктүү талапкердин аты белгилүү болорун билдирди.

Акматбек Келдибеков.

Ал арада Кыргызстандагы көз каранды эмес байкоочулар административдик ресурс жана добуш сатып алуу менен катар журналисттерге жана айрым саясатчыларга карата жасалып жаткан кысым президенттик шайлоонун кооптондуруучу факторлорунун бири болууда деп айтып чыгышты.

“Жарандык платформа” уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекованын айтымында, административдик ресурсту колдонууга каршы мыйзамдуу чаралар жетиштүү болгону менен, шайлоочулардын добушун сатып алууну далилдөө, ага бөгөт коюу жагынан мыйзам уруксат берген чаралар жетишсиз.

Ошону менен катар, Айнура Усупбекова белгилегендей, маалымат жана саясий атаандаштар айдыңындагы абал да кооптондурууда:

- Маалыматтын бир жактуулугу азыр абдан байкалып турат. Альтернативдүү маалымат берген каналдар жабылууда. Бул – “Сентябрь” телеканалы. Журналисттер редактордук цензурага кабылып жатат. Талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлгөн жок. Текебаевдин окуясын алсак болот.

“Сентябрь” ишин коомдук тармактарда улантат

“Сентябрь” ишин коомдук тармактарда улантат

Көз карандысыз “Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин айтууда.

Оппозициялык “Сентябрь” телеканалы "экстремисттик маалымат тараткан" деген негизде өткөн айдын соңунда жабылды.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди орус жаранынан 1 миллион доллар пара алган деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал өзү бул айыптоону оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук деп атап келет.

Саясат талдоочу Марат Казакбаев шайлоо алдында кимдир бирөөлөргө атайылап куугунтук же кысым жасалып жатат деген ойлорго кошулбасын билдирди:

- Текебаевдин иши – бул коррупцияга каршы күрөш деп ишенем. Шайлоо таза өтсүн деп биометрика киргизилип жатат, ага көп каражат сарпталды. Ал эми добуш сатып алууга ким күнөөлүү? Талапкерлер жана эл өзү күнөөлүү. Бул моралдык механизм. “Сентябрь” жабылганы менен башка каналдар бар. Zanoza жабылды эле, Kaktus болуп чыгып эле жатпайбы. Окуп жатабыз баарыбыз.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Ушул күнгө чейин президенттикке жети киши талапкер болуп БШКда расмий катталды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.