Жогорку сот аны талапкер катары каттоо үчүн тапшырган кол жараксыз деген БШК чечимин мыйзамдуу деп тааныды. Борбордук шайлоо комиссиясы мына ошонун негизинде талапкерди каттоодон баш тартуу чечимин добушка коюп, расмий түрдө жоболоштуруусу гана айтылууда.
Бийликтин атаандашы катары курч сын пикирлери менен чыккан депутат Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ачык карама-каршылыгы туура бир жыл мурда ушул күнү башталган болчу.
Акыркы чекит...
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыялангандай, Жогорку сот 30-август күнү Өмүрбек Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызын карап, чечим кабыл алды. Жыйынтыгында Жогорку Сот Бишкек райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды. 7-августта Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин колдоо үчүн 38 миң 643 кишинин колу коюлган баракчалар БШКга тапшырылган болчу. Шайлоо органы "талапкер кол тамганы чогултууга чыгымдаган акчаны шайлоо фонду аркылуу төлөгөн эмес" деген негизде аларды жокко чыгарган.
Ага чейин БШК абактагы Текебаевдин мамлекеттик тилден сынак тапшыруусун камсыздай албайт деген чечим чыгарган. Бирок көп өтпөй абакка кирген "Кыргызтесттин" кызматкерлери андан сынак алып чыккан. Бирок БШК 18-июндан 17-августка чейин талапкердин шайлоо фондунун эсебине акча түшпөгөнүн жана кол тамга чогултуу үчүн коротулган акчанын булагы көрсөтүлбөгөнүн таап чыккан.
Текебаевдин ыйгарым өкүлү муну мыйзамсыз деп эсептеп, 19-августта Бишкектин райондор аралык сотуна даттанган. Бирок сот БШК чечимин мыйзамдуу деп тааныган. Жогорку сот болсо эми аны күчүндө калтырды. Мына ошентип Текебаев иш жүзүндө президенттик жарыштан четтетилди.
Анын ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз учурда БШКда эми муну расмий жоболоштуруу маселесин гана калганын билдирди:
- Эми мына ошондой болуп калды деп түшүнсөк болот. Бирок азыр талапкерди каттоодон баш тартууга байланыштуу акыркы расмий чечимди БШК кабыл алышы керек. Иш жүзүндө аны каттабай турганы ырас болуп калды. Себеби бул жерде талапкерди каттоо үчүн кол топтоо эрежеси негизги элемент болуп жатпайбы. БШК өкүлү топтолгон колдорду жаратпоого негиз берген жүйөлөрдү келтире албады. Бул жерде кол топтоо жобосуна ылайык, чыгарылган жыйынтыкты дагы бизге беришкен жок. Мында бизге кол топтоо иш-чарасы шайлоо фондунан каржыланган эмес деген кине коюлду. Ооба, биз талапкердин жеке каражаттарын шайлоо фондуна киргизишибиз керек эле. Бирок абакта жаткан талапкердин улуттук паспорту бизге берилбеген соң, биз аны кыла алган жокпуз.
Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, жакын арада Боршайком өзүнүн баштапкы чечимин ырастап берген сот чечиминин негизинде абакта жаткан Өмүрбек Текебаевди президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу маселесин добушка коюп расмий жыйынтыгын жарыялашы күтүлүүдө.
Бирок БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова сот БШК чечимин мыйзамдуу деп тааныган соң, эми маселени кайрадан кайталап карап, добушка коюп, талапкерди жарыштан четтетүү чечимин кабыл алууга негиз жоктугун айтты. Анын айтымында, БШК баштапкы токтому жана анын мыйзамдуулугун ырастаган соттордун чечими жетиштүү болот:
- Болду. Бүттү. Биз эми соттун чечимин кайра карабайбыз да. Сот биздин чыгарган чечимибизди мыйзамдуу деп чыгарып бербедиби. Ал эми өткөн биринчи жолкуда сот биздин чечим мыйзамсыз дегенде, аны оңдоо үчүн кайрадан кароого чогулганбыз. Бул жолу биздин чечим мыйзамдуу деп табылып, Жогорку соттун аны ырастамасы күчүнө киргенден кийин ал эми кайрадан дагы кайталап каралбайт. Мында кол топтогон кишилерге шайлоо фондунан төлөнбөй калды дейин десек, аны келишим боюнча кийин деле төлөп берсе болот. Бул жерде башка бир болбогон майда маселеден кетип калды. Бул кол тамгалар коюлган кагаздын акчасы шайлоо фонду аркылуу төлөнбөй калганы боюнча кемчилик кетип калган. Бул кемчилик боюнча БШК эскертүү менен чектелсе туура болмок.
Саясат талдоочулар арасында Текебаевдин камалышы жана анын талапкер катары катталбай калышы - тоскоолдук жаратчу, ыңгайсыз саясатчыдан арылуу аракети катары кабыл алынууда. Бирок бийликтин жактоочулары муну жасалган иш үчүн жоопкерчилик тартуу катары эсептешет.
Ошол эле кезде оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков сөз эркиндигине байланыштуу форумда Өмүрбек Текебаевдин президенттик жарыштан четтетилиши шайлоонун жалпы легитимдүүлүгүнө шек келтирерин билдирген.
Жыл айланган тирештин учугу
Бир кезде саясий санаалаштардан болгон депутат Өмүрбек Текебаев менен президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы ачык карама-каршылык былтыр Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине байланыштуу чыккан.
Текебаев президенттин бул демилгесин анын бийликтен кеткенден кийин дагы өлкөнү башкарууну уланта берүү амалы катары сындап чыккан. Мына ошондо президент Алмазбек Атамбаев былтыркы эгемендик майрамында Өмүрбек Текебаев баш болгон мурдагы саясий санаалаштарына каарданган эле:
- Элди алдап, койдой ээрчитип кетем деген саясатчыларга ачык айтаар элем. Жаап-жашырган кыңыр иштериңер эртели-кеч баары бир ачыкка чыгат. Акаев, Бакиевдей болуп силер дагы качып кетпегиле. Кыргыздын байлыгын, жерин ким сатканы бардыгы ачыкка чыгат. Азыр анын айрымдары ачыла да баштады, мародерлук да ачылат. Банк уячаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким түрткүлөп, ким качырганы да ачыкка чыгат. Кудай турат, баары ачылат. Эми бул кузгундар, бул сасык саясатчылар, бул текелер кайрадан бардыгы чогулуп алып, Акаев менен Бакиевден баштап Убактылуу өкмөткө чейин эми кайрадан мамлекетибизди тополоңго толсун деп турат. Эми ушулардын ыплас колдоруна, ууру-мародерлордун колуна мекенибизди кайрадан салып беребизби? Жок. Эми эч качан андай болбойт! Мен кыргыз эли бул бузукуларды эми ээрчибейт деп толук ишенем.
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев быйылкы эгемендик майрамында "убактылуулар", ууру-кески-коррупционерлер, олигархтар жана мурдагы качкын президенттердин бардыгы КСДП көрсөткөн талапкерге каршы бириккенин билдирди.
Президенттин айтымында, алар уурулуктуу, коррупцияны, баскынчылыкты жана талап-тоноочулукту ооздуктоо боюнча Атамбаевдин саясий курсунун улантылышына каршы экен.
Буга чейин мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү коомдук талкууларда президент Алмазбек Атамбаевдин саясатынын туура эмес жолго түшүп баратканын байма-бай сындап чыгышкан болчу.