Баланын шыгын каникулда ойгот

Иллюстрация

Ушул жумадан тарта Кыргызстандагы миңдеген мектеп окуучулары үч айлык жайкы каникулга чыкты.

Колунда барлар балдарын алыскы чет мамлекеттерден тарта өлкө ичиндеги айтылуу эс алуу жайларына жиберүүгө камданса, орто катмардагы үй-бүлөлөрдүн айрымдары эс алдыруу тууралуу ойлонууга чамасы да жетпейт.

Жайкы каникулда балдардын эс алуусун кантип уюштуруу керек? Мамлекеттик кандай мекемелер окуучулардын эс алуусун уюштурууга жооптуу? Жеке менчик эс алуу жайларында балдардын коопсуздугуна кандай кам көрүлөт? "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда мына ушул суроолорго жооп изделди.

Талкууга Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева, "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун аткаруучу директору, билим берүү боюнча эксперт Догдуркүл Кендирбаева жана "Билимкана" фондунун Bilimkana English лагеринин жетекчиси Дэвид Малана катышты.

"Азаттык": Гүлшан айым, ушул тапта Кыргызстанда канча мектеп окуучусу жайкы эс алууга чыкты? Алар кайда, кантип эс алышат? Өлкө боюнча балдардын эс алуусун уюштуруу боюнча кандай иш-чаралар белгиленген?

Гүлшан Абдылдаева: Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө эс алууну уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Ага бардык министрликтердин өкүлдөрү киргизилген. Эс алууну уюштурууга, анын ичинде жардамга муктаж жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарынын эс алуусу үчүн 5 миллион сом бөлүндү. Ал каражат эс алуу жайлары караштуу болгон Республикалык профсоюздар уюмуна берилди. Андан тышкары ар бир мектептин алдында лагерь уюштуруу милдети бар. Азыр 582 лагерь ачылды. Алар эртең мененки саат сегизден тарта иштейт. Андан тышкары жергиликтүү бийликтер да эс алуу жайларын уюштурат. Азыр республика боюнча балдар эс ала турган 14 лагерь бар.

"Азаттык": Догдуркүл айым, Роза Отунбаеванын демилгелери эл аралык фонду мындан бир нече жыл илгери айыл жериндеги мектеп окуучулары жайында ден соолугун чыңдоочу, аң-сезим, көз караштарын өстүрүүчү эс алуудан такыр куржалак калат деп, жайлоодо эс алуу лагерлерин уюштуруу аракеттерин көргөн эле. Быйыл абал кандай? Эксперт катары дагы айтсаңыз, өсүп келе жаткан баланын жайкы эс алуусун кантип уюштуруу зарыл?

Жайлоо бала бакча

Догдуркүл Кендирбаева: Албетте, балдарды эс алдыруу жаатында өкмөт өз аракетин жакшы эле көрүп келет. Ал эми биздин фонд үч жылдан бери “Жайлоо өнүгүү борборлорун” уюштуруп келе жатат. Ал үч функцияны – өнүктүрүү, шыктандыруу жана саламаттыкты сактоону аткарып жатат.

Эне-атасы мал баккан жана ал жакка иштегени барган ата-энелердин балдары үчүн өнүгүү курстары уюштурулат. Аны биз Жайыт комитеттери менен бирге уюштуруп жатабыз. Негизги максат - балдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн ачуу. Сабак берүү үчүн Бишкектеги эң чебер уздарды чакырабыз жана алар балдар үчүн мастер-класстарды өтүшөт. Былтыр мындай борборлордун саны 137 болгон. Быйыл ушул күнгө карата 97 борбор ачылды.

Борборлордо атайын сабак бере турган программаны Арабаев атындагы педагогикалык университеттин мугалимдери иштеп чыгып, окумуштуулар кеңеши бекиткен. Ошол программанын негизинде атайын тренингден өткөн мугалимдер сабак берет. Андан тышкары балдарга шыктандыруучу багыт бере турган сабактар өтүлөт. Аны өз кесиптик тармагында зор ийгиликке жетишкен адамдар барып өтөт. Мисалы, балдар сүрөтчү, модельер болгусу келет, демек андай каалоону шыктандыруу керек. Ал эми быйыл башкы темабыз - үлгүлүү ата-эне. Ушундай ата-энелерди таап, алардын тажрыйбасын башка ата-энелерге жайылтуу аракетин көргөнү жатабыз.

"Азаттык": Дэвид мырза, сиз жетектеген “Билимкана англис” лагери кандай максат менен уюштурулган? Ал жерде балдар англис тилин эле үйрөнөбү же башка дагы багыттар боюнча иштер жүргүзүлөбү?

Дэвид Малана: Биздин максатыбыз негизинен үчөө - коопсуздук, англис тилин жана айлана-чөйрөдөгү ар кандай шарттарда өзүн алып жүрүүгө үйрөтүү. Маселен шаардык балдар тоого чыгып, ат минип, ар кандай кырдаалдарга зарыл тажрыйбаларды үйрөнгөнү абдан маанилүү. Андан кийинки максат - англис тилин үйрөтүү. Себеби, балдар үч ай окубай калса окууну унутат. Тил өзү денеге окшош, эгер пайдаланылбаса, тез эле унутулат. Ошон үчүн балдарга оюн жана башка аракеттер аркылуу тилди үйрөтүү керек. Тил үйрөнгүсү келген балдарды бардык аймактан кабыл алабыз. Ал үчүн 12 миң сом төлөшөт. Ага жол киреси менен тамагы, жашаган жери толук кирет. Сабактарды өтүү үчүн Бишкектен жана чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу мугалимдерди чакырып жатабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.