Адистер бала туруп балалуу болуусуна сексуалдык сабатсыздык себеп дешет. Сексуалдык тарбия деген эмне? Европа жаштары жыныстык мамиле жөнүндө бала кезинен кантип билишет? Коомдо сексуалдык маданиятты калыптандыруу зарылбы?
“Азаттык плюстун” бул жолку берүүсүндө жаштардын сексуалдык сабаттуулугу жөнүндө сөз болду.
Улуттук статистика комитетинин акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстанда секелек кыздар арасында төрөттүн, ошол эле учурда бойдон алдыруунун саны өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйдү. Сексуалдык тарбия дегенде эле “бул Батыштын таасири” деген сөздөр туш тараптан айтылат. Дал ошол Батыш өлкөлөрүндө мектеп окуучуларына 4-классынан баштап сексуалдык билим берүү башталат.
Кыргызстандагы мектептерде 2015-жылдан бери “сергек жашоо мүнөзү” аттуу ачык сабактар 6-11-класстын окуучуларына бир айда бир жолу өткөрүлөт.
Сексуалдык сабаттуулук жөнүндө болсо адамдын үйрөнүп-үйрөнбөгөнүн эч качан биле албайбыз.Айканыш Эралиева
Коомдук активист Айканыш Эралиеванын айтымында, бул өспүрүмдөр үчүн жетиштүү эмес. Ал сексуалдык тарбия тууралуу мындай дейт:
- Бардык мектептерге мамлекеттик деңгээлде программа киргизилиши мүмкүн. Бирок бул жөнүндө бардык эле мугалимдер айтып берүүгө даяр эмес. Бул баягы эле тартынуунун айынан экени түшүнүктүү. Программа эки эмес, беш жылда да иштери күмөн. Анткени стандарттуу сексуалдык сабаттуулук тууралуу түшүнүк жок, милдеттүү түрдө окутушпайт. Мисалы, баланын математика сабагын өздөштүргөнүн кантип билсек болот? Биринчи классты аяктаган соң окуп, жазып, эсеп чыгарып калышы керек. Сексуалдык сабаттуулук жөнүндө болсо адамдын үйрөнүп-үйрөнбөгөнүн эч качан биле албайбыз.
Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы ушул жылдын өткөн айларында Өзгөн районунда 12-14 жашка чейинки өспүрүм кыздар арасында “репродуктивдүү ден соолук боюнча кабары барбы?” деген изилдөө жүргүзүшкөн.
Альянстын өкүлү Венера Насирова көрсөткөндөй, кыздар бул тууралуу кабардар эмес:
- Бул тууралуу кыздар ата-энелеринен билгиси келишет. Бирок биздин улуттук менталитетке байланыштуу нерсе үй-бүлөдө болобу, мектепте болобу талкууга алынбайт. Ошондуктан алар алгач досторунан билишет. 2014-жылы изилдөөнүн жүрүшүндө мектеп, медицина кызматкерлери аркылуу билген кыздар жок болчу. Кийинки изилдөөлөрдө кыздар мектеп мугалимдеринен көбүрөөк маалымат алып жаткандыгы билинди.