Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Интернет менен "ооруган" муун


Компьютердеги оюндар, планшеттеги изкубар баш катырмалар, социалдык тармактар жаңы психикалык дартты жаратты. Америкалык окумуштуулар интернетке байлануу баңгилик же аракечтик сыяктуу эле социалдык илдет экенин аныкташты.

"Жактыдан" рахат алгандар

Аскат азыр 13 гана жашта. Ошого карабай компьютердик оюндарды, социалдык тармактагы жашоону ийне-жибине чейин өздөштүргөн.

- 4-5-класстын окуучулары Minecraft деген оюнду ойношот, мен дагы ойноп жүргөм. 6-7-класстын окуучулары арасында Counter-Strike же Dota популярдуу. Буларды менин классымдагы 24 баланын он экиси ойнойт. Minecraft андан соң Terraria, Counter-Strike деп кете берет.

Аскат социалдык тармакка катталган окуучулар арасында "лайк" же жакты белгисин суранып койгузган адат барын жашырган жок:

- Менин тааныштарым бири-биринен "лайк басып койгула" деп сурана беришет. Бөлүшкөн нерсең көп кишиге жакса сүйүнөбүз. Кээ бирөөлөр оюн ойнойт, дагы бирөөлөр жалаң гана сүрөттөрдү көрүп же кыска тамашаларды окуп отурат. Илимий ачылыштарды, билим жаатындагы жаңы нерселерди көргөн, окугандар деле бар.

Ал эми Аскаттын апасы Дарика баласы интернетке байланып калганын, андан чыгаруунун жолун таба албай жаткан айтты:

- Чынын айтсам, аябай кыйналып кеттим. Эки-үч күндөп мектептен качат. Класс жетекчиси "келген жок" деп чалган күндөр болгон. Мектепке баратып жолдон компьютердик клубдарга кирип кетчү. Дарыгерлерге бардык, аларда бул жөнүндө түшүнүк да жок. Жарытылуу жооп, жардам алган жокпуз.

"Жылуулукту компьютерден издешет"

Республикалык психикалык саламаттык борборунда ушу күндө өспүрүм психиатриясы жаатында адистер жетишсиз. Борбордогу мектептерде психологдор болгону менен алар деле балдарды компьютердик көз карандылыктан дарылай албасын моюнга алышат.

- Бул көйгөйдү чечүү үчүн атайын адистердин жоктугу бизге кыйынчылык жаратууда. Мурда мээрим жетишпеген балдар көчөөгө чыгып, ар кандай туура эмес жолдорго барса, азыр ошол эле балдар үйүндө компьютер алдында көп убакыт өткөрүп жатат. Мунун негизинде ар кандай оюндарга берилип кетишет. Компьютер оюндарынын көпчүлүгү агрессивдүү болгондуктан балдар дагы аны туурайт, - дейт психолог Кундуз Оморова.

Кичинекей бала ошол компьютерден көргөн тасмалардын же кандуу оюндардын таасиринде калат. Акыл-эси ошонун негизинде калыптанат. Агрессияны жана кайдыгерликти үйрөнөт.
Зоя Конаненко

Бишкек шаардык билим берүү департаментинин башкы психолог-адиси Зоя Кононенконун айтымында, балдардын бул адатка байланышына ата-энелердин да күнөөсү бар.

- Ата-энелер планшети бала бакчага барган наристеге деле кармата берет. Кичинекей бала ошол компьютерден көргөн тасмалардын же кандуу оюндардын таасиринде калат. Акыл-эси ошонун негизинде калыптанат. Агрессияны жана кайдыгерликти үйрөнөт. Андай бала чоңойгондо зомбулукту кадыресе нерседей кабылдап калат. Бала менен дайыма баарлашып туруу керек. Андай болбосо компьютер же телефон дүйнөсүнө сүңгүп кетет.

АКШ: маңзаттан кийин планшет

Жакында эле New York Times басылмасына "Өспүрүмдөр маңзатты смартфонго алмаштырдыбы?" деген аналитикалык илимий макала жарык көрдү. Анда соңку мезгилде АКШдагы өспүрүмдөр арасында чылым тартуу, маңзат колдонуу же спирт ичимдиктерин ичүү өңдүү жаман адаттар азайганы баяндалат. Мезгилдик салыштыруудан кийин бул көрүнүш смартфон жана ааламтордогу социалдык тармактардын жайылуусу учуруна дал келгени байкалган.

Бирок окумуштуулар баңгичилик көйгөйүн электрондук дүйнө жок кылды деп кубанууга эрте экенин айтышат.

2015-жылы АКШда жүргүзүлгөн Pew борборунун изилдөөсү 13 жаштан 17 жашка чейинкилердин 24 пайызы интернетте тынымсыз отурарын, 73 пайызы болсо колунан смартфонду эч качан түшүрбөй жүрөрүн аныктады. 2004-жылдагы бул көрсөткүч 45 пайыз гана эле. 2007-жылы IPhone смартфонунун чыгуусу менен жалпак экранга байлангандардын саны кескин көбөйгөн. Тынымсыз смартфондо отуруу жеке эле психологиялык саламаттыкты бузбай, адамдын көрүү жөндөмүн да мокотуп, борбордук нерв системасына доо кетирерин Батыш окумуштуулары тынбай айтып келишет.

Ал эми Кыргызстанда канча өспүрүм интернетке байланып, психикалык дартка чалдыкканы азырынча белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG