Тыштан карыз алуунун жогорку чеги сунушталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыр ички дүң өнүмдүн 56 пайызынан ашты.

Эл аралык тажрыйбада мамлекеттин карызы 60 пайызга жетсе, аны андан ары өткөрүп жиберүүгө мүмкүн болбогон коркунучтуу "кызыл чек" катары кабыл алынган. Бирок Кыргызстандын өкмөтү бул чектөөнү 70 пайызга чейин мыйзам менен көтөрүп берүүнү парламентке сунуш кылды.

Жогорку Кеңеште мамлекеттик тышкы карыздын деңгээли жана анын негизги бөлүктөрүн төлөө мөөнөтүнүн жакындашы улуттук коопсуздукка коркунуч келтире тургандай абалга кептелгени тууралуу коңгуроо кагылды. Ошондуктан парламент депутаттары тышкы карызды жоюу же аны төлөө мөөнөттөрүн узартуу боюнча тез арада сүйлөшүү жүргүзүүнү өкмөткө милдеттендирди.

Чектөө 70% көтөрүлдү

Финансы министрлиги мамлекеттик карыздын деңгээлинин катышын ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашырбоо боюнча чектөөнү караган ченемди Бюджет кодексине киргизүүнү сунуш кылды. Анда жыл сайын бюджетти бекитүүдө анын таңкыстыгынын жана мамлекеттик карыздын деңгээлин чектөө боюнча так аныктама киргизилген.

Ага ылайык, бюджет таңкыстыгын ички дүң өнүмдүн үч пайызынан ашырбоо, бюджеттик резервди экиден үч пайызга чейин көтөрүү жана мамлекеттик карызды ички дүң өнүмдүн 70 пайызына жеткирбөө чеги коюлду. Буга чейин анын чеги 60 пайыз болчу. Бирок Бюджеттик кодекс кабыл алынганда, ал чектөө алынып салынган.

Финансы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик карыз тууралуу маалымат берди:

Адылбек Касымалиев.

- Мамлекеттик карыз 4 млрд. 395,2 миллион АКШ долларын түздү. Бул 2018-жылдын пландаштырылган ички дүң өнүмүнө салыштырганда, анын 56,4 пайызына барабар. Анын ичинен тышкы карыз - 3 миллиард 797, 38 миллион АКШ доллары. Бул ички дүң өнүмдүн 48,7 пайызын түзөт. Ички карыз болсо 597, 64 миллион долларга барабар. Бул ички дүң өнүмдүн 7,7 пайызын түзөт. 2018-жылга биздин бюджетте тышкы карызды төлөөгө 13 миллиард 81,2 миллион сом каралган.

Өкмөттүн планы барбы?

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, тышкы карыздын негизги бөлүгүн үстөк пайыздары менен төлөөнүн оорчулугу 2023-2027-жылдарга туура келет.

Бул аралыкта Кыргызстан өзүнө алган финансылык милдеттенмелери боюнча, тышкы карыздарынан кутулуу үчүн жыл сайын 400 миллион долларга чейин мамлекеттик бюджеттен акча бөлүүгө туура келет. Бул үчүн Кыргызстандын экономикалык өсүшү жыл сайын кеминде жети пайыздан кем болбошу керек экендиги финансылык божомолдо көрсөтүлгөн. Азыркы учурда Кыргызстандын ички дүң өнүмү Кумтөрдү кошкондо 5,6 пайыздын айланасында.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев "тышкы карызды төлөө боюнча так эсеби жок" деп өкмөттү сынга алды:

Аалы Карашев.

- Азыркы мезгилде жыл сайын бюджеттен 178 миллион доллардан тышкы карызды төлөөгө жумшалып жатса, анан бул сумма барып эки эсе көбөйүп, жакынкы жылдары 400 миллион доллардан ашып кетсе, аны биз бюджеттен кантип төлөйбүз? Ошол жылына 400 миллион доллардан тышкы карызды төлөш үчүн ички дүң өнүм жыл сайын канча пайыздан өсүшү керек? "Кумтөрдү" кошпогондо 3,2 пайыз экономикалык өсүш менен кетип баратсак, аны кантип төлөйбүз? Ошондо бюджеттен ошол каражатты ажырата алабызбы? Өкмөттүн алдын-ала так эсеби болушу керек эле. Анан жөн эле үстүртөн айта бергендин кереги жок. Ал карызды акыры кыргыз эли төлөйт.

Тышкы карызга жерин алдырган өнөкөт

Кыргызстандын тышкы карызынын 44 пайыздан ашууну Кытайдын Эксимбанкына туура келет. Кытайдын бул банкы Кыргызстандын суверендүүлүк кепилдиги үчүн жол курууга, энергетика жана жылуулук берүү тармактарын оңдоого 1 миллиард 700 миллион доллардан ашуун каражат насыя берген.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Кытайга карыз болгон айрым мамлекеттердин ачуу тажрыйбасын эске салды:

Мирлан Бакиров.

- Жакында Шри-Ланка мамлекетинде тышкы карыздын көйгөйү боюнча эл аралык жыйын болду. Шри-Ланка мамлекети Кытайга ири өлчөмдө карыз болуп калып, анысын төлөй албай, андагы чоң бир портторунун бирин ага берүүгө аргасыз болгон экен. Шри-Ланканын өкмөтү азыр сүткө оозун күйгүзүп, айранды үйлөп ичип, "эми эмне кылабыз деп" тышкы карыздын көйгөйүн иликтеп, талдап отурат. Убактысы келгенде биздин тышкы карыздын негизги бөлүгүн да төлөө учуру келет. Биздеги тышкы карыздын өсүшү жогору болуп жатканына байланыштуу маселе боюнча Дүйнөлүк банк коңгуроо каккан. Муну биз азыртан ойлонушубуз абзел. Кийин кеч болуп калбасын! Азыркы күндө тышкы карыздын өлчөмү киши башына бөлгөндө 1443 доллардан деп маалымат чыгып жатат.

Ал эми Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын тышкы карызын анын калкынын киши башына бөлгөндө 708 доллардан туура келет. Ошондуктан парламентте өкмөт тышкы карызды төлөөнүн шарттарын караган мамлекеттик программа иштеп чыгууга тийиш экени белгиленди. Анда тышкы карызды кечтирүү же төлөө мөөнөттөрүн кийинкиге жылдыруу аргасы боюнча маселе көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бул тууралуу мындай деди:

Каныбек Иманалиев.

- Кумтөрдөн алтын казуу азая баштаганда биздин тышкы карызды төлөөнүн өлчөмү көбөйө баштайт экен. Бул биздин бюджет үчүн абдан эле оор түйшүк жаратат. Биз кийинки жылдан тартып эле тышкы карызга төлөш үчүн 320-380 миллион доллардан акчаны каяктан алабыз? Биздин Финансы министрлигибиз Тышкы иштер министрлиги менен кошо бул үчүн тиешелүү насыя берген мамлекеттер менен кеңешмелерди жүргүзүп, иш алып барышы зарыл. Анан дагы өкмөт ошол тышкы карызды жоюу боюнча атайын программа же концепция иштеп чыгып, тышкы карызды кечүүнүн мүмкүнчүлүгүн же төлөө мөөнөттөрүн артка жылдыруунун шарттарын карап көрүшү керек. Болбосо тышкы карызды төлөө оор эле болот.

Дагы караңыз Саудиттер эми Кыргызстанга мектеп салат

Карызды жоюнун аргасы

Финансы министри Адылбек Касымалиев тышкы карызды төлөө шарттарын өзгөртүүгө же жеңилдиктерди суроого байланыштуу карыз берген тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Ошол эле учурда ал карызды кечип жиберүүгө барган насыя берүүчүлөр аз экенин кошумчалады.

Касымалиев тышкы карызга акча бөлүү кыйынчылыгы бар экенин айтып, бирок аны жоюу жагынан аракеттер жүрүп жатканын белгиледи:

Тышкы карыздын эң эле чоң өлчөмү 2027-жылы төлөнөт.

- Тышкы карызды төлөөнүн эң эле оор учурлары 2023-жылдан 2031-жылга чейин созулат. Тышкы карыздын эң эле чоң өлчөмү 2027-жылы төлөнөт. Анын суммасы жылына 400 миллион долларга жетет. Андан кийин азая баштайт. Биз учурда тышкы карызды кечүү же төлөө шарттарын артка жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып келе жатабыз. Бирок аны жөн эле кечип жиберүү оңой эмес экен. Германия өкмөтүнө биз учурда 90 миллион доллардан ашуун карызбыз. Аны менен сүйлөшүүнүн натыйжасында немис өкмөтү жыл сайын биздин карыздын 15 миллион долларын кечип бере турган болду. Биз бул үчүн бюджеттеги социалдык чыгымдарды көбөйтүшүбүз керек.

Парламент мамлекеттик карыздын деңгээлин ички дүң өнүмдүн жетимиш пайызынан ашырбоо боюнча чектөөнү караган ченемди бюджет кодексине киргизүүнү биринчи окуудан колдоду. Ошол эле учурда парламент өкмөттү тышкы карызды жоюунун шарттарын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну милдеттендирүү маселесин койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.