Саясий куралга айланган күйүүчү май

Кыргызстанга күйүүчү майдын негизги бөлүгүн орусиялык “Газпром-нефти-Азия” компаниясы ташып келет.

Күйүүчү майдан Орусияга көз каранды Кыргызстан бул багытта башка кошумча булактарды издей баштады.
Өз ара мамилелер татаалдашып кетсе расмий Кремль Кыргызстанга күйүүчү май берүүнү токтотуп койушу мүмкүн деген кооптонуулар бар. Мына ошондуктан Кыргызстандын бийлиги учурда өлкөнү мунайзаты менен камсыздоонун альтернативалуу жолдорун издеп жаткандай.

Күйүүчү майда “күйгүзүп” койчу күч барбы?

Кыргызстандын мунайзатына болгон керектөөсү жылына бир миллион тоннага жакын. Анын 700 миң тоннадан ашуунун орусиялык “Газпром-нефти-Азия” компаниясы ташып келет. 2005-жылдын аягында Кыргызстанга келген ал компания өзүнүн атаандаштарын рыноктон сүрүп отуруп, учурда өлкөдө монополиялык абалга жетишкен.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов күйүүчү майга карата көз карандылыкты Орусия өз кызыкчылыгына карата колдонуп жаткандыгына токтолду:

- Учурунда ушундай коркунучтуу абалга алып келип койгон экенбиз. Анткени мунайзатын ташып келүүдө монополиялык тизгинге мына ошол орусиялык компания ээ болуп алган. Жакында РБК деген орусиялык телеканал Кыргызстандын мунайга болгон көз карандылыгы боюнча сюжетти үч жолу кайталап көргөздү. Анда Кыргызстандын саясатын жамандап, “керек болсо буроону жаап, мунай ташып киргизүүнү токтотуп койобуз” деп ачык эле коркутуп жатышат. Бирок чыныдыгында эле ошондой чаралар көрүлө турган болсо ал өлкөнүн ичиндеги коомдук-саясий абалга таасир этээрин жокко чыгара албайбыз.

Энергетикалык шантаждын артында эмне бар?

Айрым серепчилер Орусия мунай жана газ ресурстары аркылуу өзүнүн союздаштарына басым көргөзүүнү өнөкөткө айлантып алгандыгын белгилешүүдө. Буга 2010-жылы 1-апрелде Кыргызстанга, андан кийин 1-майдан баштап Тажикстанга бериле турган мунайзатка экспорттук төлөм киргизген учурлары мисал боло алат. Мындай тоскоолдуктар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана алынып салынган.

Ушундай аракеттер кайрадан кайталанбаш үчүн Азербайжандан же Түркмөнстандан кошумча мунайзатын ташып келүү демилгеси көтөрүлгөнү менен аны жүзөгө ашыруу учурда сүйлөшүүлөрдүн деңгээлинде гана калып келатат.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Адил Турдукулов Орусия өнөктөш өлкөлөргө карата геосаясий кызыкчылыгын таңуулап жатканын белгиледи:

- Орусия тышкы саясатта энергетикалык шантажды негизги көзүр кылып кармап алгандыгы байкалат. Муну менен ал союздаштарын чочутуп, кайра өзүнөн алыстаткан жагдай орун алууда. Бизде кандай гана болбосун мунай менен камсыздоодо башка булактарды тартуу зарылдыгы турат. Болбосо муну ички иштерге кийлигишүүнүн куралы катары колдонуп, кандай гана монополист болбосун өзүнүн кызыкчылыгын таңуулай берет. Орусия ошол эле Украинага, ошол эле Молдовага карата ушундай чараларды колдонуп, көз каранды абалда кармоого аракеттенип, экономикалык маселени саясатташтырган учурлар болгон.


Атамбаевге Кремлдин жообу болобу?

Коомчулукта Орусия Кыргызстанга карата басым көрсөтүүнүн рычагдарын колдонушу мүмкүн деген кооптонуулар президент Атамбаевдин Москвага болгон иш сапарынан кийин көп талкуулана баштады. Анда ал Кыргызстандагы аскер объектилери үчүн Орусия ижара акысын төлөбөй келгендигин шардана кылган эле. Анын кыргыз-орус мамилелерине байланыштуу ачык билдирүүлөрү Орусиянын маалымат каражаттарынын сынына кабылды.

“Жашасын Кыргызстан” саясий партиясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева расмий Москва Атамбаевдин акыркы саясий кадамдарына карата өзүнүн мамилесин өзгөртүшү мүмкүн деген ойдо:

- Мунун таасири болбой койбойт. Атамбаевдин айткандарын жөн эле дал келүү же байкоостон айтылган сөз катары кароого болбойт. Мамлекет башчысы кандай гана маселе болбосун жумшак түшүндүрүп, маселени оң жагына чечүүгө аракет кылыш керек эле. Ал жактан сын пикирлер болуп жаткандыгын мындан ары биздин президентке жана Кыргызстанга карата Орусиянын мамилеси өзгөрүлүшү мүмкүн деп түшүнүү керек. Тышкы саясатта өтө кылдат нерселер көп. Мына ошого этияттык менен мамиле кылыш керек болчу.

Кошумча булактарды издөө

Кыргызстан отун-энергетикалык көз карандылыктан чыгуунун жолдорун издей баштады. Бул багытта Азербайжандын SOCAR компаниясы менен биргеликте Кыргызстанда мунайзатын кайра иштетүүчү завод ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Аталган компаниянын жетекчилиги Кыргызстандагы мунайдын запасын иликтөө максатында атайын иш сапары менен келди.

Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалымат катчысы Касиет Карачолокова бул боюнча буларды билдирди:

- Аталган компаниянын жетекчилиги бул жакка келип, Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү ишкана ачуунун шарттарын жана жагдайларын караган жолугушууларды өткөрдү. Анын жүрүшүндө негизинен өлкөдөгү мунай кендери боюнча толук маалымат берилди. Азербайжан тарап бардык мүмкүнчүлүктөрдүн шарттарын карап көрүүнү убада кылды.

Кыргызстанда ондон ашуун мунай чыгуучу жерлер бар экендиги аныкталган. Анын чалгындалган жалпы көлөмү 100 миллион тоннадан ашуун.