Советтин уран-мурасын кайда катабыз?

Кыргызстандагы уу зат калдыктарын зыянсыздандыруунун оош-кыйыштары коомчулуктун көңүл назарында турат.
"Арай көз чарай" талкуусуна “Өмүр дарагы” адамды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Калия Молдогазиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калдыктарды сактоочу жайлар менен иштөө агенттигинин жетекчи орун басары Анаркул Айталиев жана экология боюнча көз карандысыз эксперт Динара Кутманова катышты.

“Азаттык”: “Борбор Азиядагы уран калдыктарына байланышкан тобокелчиликти кантип азайтса болот?” Ушундай теманын алдында 24-октябрда Эл аралык Бишкек конференциясы өттү. Бул иш-чара бир жагынан Кыргызстандагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу канчалык маанилүү экенин эл аралык коомчулукка дагы бир ирет эскертип жатат.

Экинчи жагынан, албетте, суу башында турган Кыргызстан үчүн уу зат калдыктары аймак үчүн канчалык коркунучтуу экенинен кабар берип турат. Бул маселени Кыргызстан жалгыз чече албастыгын буга чейин президент Алмазбек Атамбаев айткан, ушул эле позицияны эл аралык конференцияда биринчи вице-премьер министр Жоомарт Отобаев да кармангандай болду. Проблеманын өзөгү эмнеде?

Анаркул Айталиев: Зыяндуу заттарды сактоочу жайлар көп жылдан бери көйгөй жаратып келатат. Анын зыяндуулугун азайтуу - башкы маселе. Ал эми биротоло жок кылуу – инженердик-техникалык чоң маселе катары каралышы керек. Бүгүн министрликтин каттоосунда Советтер Союзунан калган калдык сактоочу 58 жай бар. Анын 33ү уу зат калдыктар сакталган жай, 25и кенден бошотулган топурак-тоолор. Анын ичинен уран калдыктары сакталган жайлар – өтө көйгөйлүү.

Аларды тартипке келтирип турбаса жүздөгөн, миңдеген жылдарга сактала турган зыяндуулугу бар. Ошон үчүн Бишкектеги эл аралык конференцияда да уулуу зат калдыктарын сактоочу жайды зыянсыздандыруу Кыргызстандын жалгыз колунан келбеси айтылды. Ал эмес "Росатомдун" жетекчиси да башка мамлекеттердин тажрыйбасына муктажбыз деп айтып атат. Зыяндуу зат сактаган жайлар комплекстүү мамилени талап кылат.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Калия Молдогазиев: Бул Советтер Союзунан келаткан эски проблема. Бирок Советтер Союзу урагандан кийин ал биздин эле проблема болуп калды.

Айталиев мырзага мен кошулам: бул проблеманы биз жалгыз чече албайбыз. Ал заттар, согуш үчүн куралдарды жасоого зарыл радиациялык материалдар негизи жалаң эле Кыргызстандан чыккан эмес. Чехословакия, Германия сыяктуу ар кандай өлкөлөрдөн алынып келинген.

Бул жагынан конференциянын мааниси чоң. Уран калдыктары маселесин биргелешип чечпесек кошуна Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр да ушундай проблемаларга туш келип калат.

Динара Кутманова: Өткөндөн сабак алуу керек. Кумтөрбү, башкабы – бардык эле кендерди иштетүүдө өкмөттө көзөмөлдү күчөтүү керек. Азыр тескөөчү органдар көп эле болуп атат, өкмөттө. Эгер көзөмөлдү күчөтпөсө, маселе кат-кат болуп жыйнала берет. Маселен, эң ири кен “Кумтөрдөн” ушундай мурас калбашы үчүн азыртадан уу зат калдыктарын сактоочу жайда эрежелерди азыртан сактоо шарт.