Мөңгүлөр ыйлайт

Бишкекте "Мөңгүлөр ыры" аталыштагы акция өттү. Ташкенттен келген «Омнибус» тобу чогулган элге Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн тездик менен эрип баратканын музыка коштогон сүрөт аркылуу жеткирди.
Ак чокулар муңаят

Күүгө айланган табият добушу борбордун чок ортосунда жаңырды. Театр алдында илинген экранда мөңгүнүн сүрөттөрү ыргакка жараша алмашып жатты.
Акцияны уюштургандар чакмак муздан чакан пирамида курушкан экен. Ал акырындап эрип жатат, бул болсо азыркы мөңгүлөрдүн аянычтуу абалынан кабар бергенсийт.

Күндөн күнгө четинен кемип бараткан мөңгүнүн добушун элге көркөм өнөрдүн күчү менен жеткирүү идеясы германиялык “Гөте” маданий институтуна таандык. Аталган мекеменин Алматыдагы кеңсесин жетектеген Барбара Фрэнкел-Тонет бул ыкма кургак сөзгө караганда алда канча таасирдүү деген ойдо.

- Акыркы жылдары Борбор Азияда мөңгүлөр тездик менен эрип баратат. Бул көйгөйдү окумуштуулар айтып эле жатышат. Бирок алар берген маалымат супсак, сандар менен чектелүүдө. Ошол себептүү, биз тоо башында болуп жаткан кырдаалды эмоция менен берүүнү чечтик. Долбоорго сүрөтчү, маданият ишмерлерин тарттык.

Барбара айымдын айтымында, акция буга чейин Ташкент, Алматы, Дүйшөмбү шаарларында болгон. Эми Бишкекте өткөрүп жатышат.

Сүрөттөн жаралган музыка

Мөңгү ыйынын жүрөктү дирт эттирген музыкага айланышы да өзүнчө тарых. Бул тууралуу «Борбор Азиядагы арт-менеджер коомдук фондунун» долбоор боюнча жетекчиси Бурул Сатыбаева айтып берсин:

- Биз Гөте институтуна акцияны Бишкекте өткөрүүгө жардам бердик. 24-сентябрда Бишкекке немис медиа сүрөтчүсү Лиллеван келип, К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасында мастер-класс өткөргөн. Жолугушуу маалында ал Казакстандагы Туюк-Суу деген мөңгүгө экспедицияга барганын айтып калды. Ошол жерден мөңгүнүн добушун жаздырып алыптыр. Өзү сүрөт менен иштеген киши болгондуктан укканын кагазга түшүргөн экен. Өзүңөр көрүп тургандай минтип видео менен музыканын айкалышкан медиа-инсталляциясы жаралды.

Ташкенттик “Омнибус” тобунун мүчөсү Алибек Абдрахманов музыка акыл-көрөңгөсү бийик адамдарга багытталып жазылганын билдирди.

- Бул авангард музыка. Ырдап, бийлеш үчүн эмес, адамды ойлонтуу үчүн жазылган. Жеке пикиримде, орто азиялык угуучуларды ушундай интеллектуалдык музыка укканга үйрөтүү керек. Ал эми “Омнибус” тууралуу айтсам, биз эл аралык долбоор менен иштейбиз. Азыркы музыка ушул долбоор үчүн ылайыктап жазылган. Мындан башка дагы долбоорлор менен иштеп жатабыз.

Аликбектин айтымында, “Омнибус” мөңгү ырын ар бир элдин өзүнө таандык өзгөчөлүгүнө ылайыктап бергенге аракет кылат:

- Биз концерт койгон сайын жергиликтүү музыканттарды катарыбызга кошобуз. Мисалы, концертти Алматыда домбра, Ташкентте сурнай үнү коштоду. Кыргызстанга келгенде чопо чоор, сыбызгыда ойногон музыкантты коштук. Ар бир мамлекеттин өз колорити бар да. Көрүп тургандай, эл аябай жакшы кабыл алып жатат.

Немис маданиятын жайылтуу үчүн иш алып барган Гөте институтунун бул долбоору чогулган элге жакшы эле таасир бергендей болду. Берилип угуп, кол чаап коштоп тургандар болду. Мөңгү ыры, мөңгү шыбыры, мөңгү муңу адамды ойго салып, түн бир оокумга чейин жаңырды.