Маматалиев: ИИМде интрига болуп жаткандай

Абдырахман Маматалиев.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "маңзат ташууга министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун катышы бар" деген маалыматты четке какты.

14-февралда Интернетте "Сүйүн Өмүрзаков Тажикстандын жараны Яха Нуралиев менен кошо наркотрафик уюштурган" деген маалымат тараган.

Буга чейин министрдин дагы бир орун басары "Данияр Абдыкаровдун Орусиядан уурдалган кымбат баалуу машинелерге катышы бар" деген маалымат жарыяланып, мекеме аны да төгүнгө чыгарган.

Министрликтеги таасирдүү аткаминерлерди кылмышка айыптаган маалыматтар тууралуу коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Ички иштер министринин орун басарларын, милициядагы таасирдүү деп эсептелген аткаминерлерди ар кандай кылмыштарга айыптаган кабарлардын жарыяланып жатышы эмнеден кабар берет?

Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосунда кандайдыр бир интрига бар. Атаандаштык, бири-бирине ишенбестик да болушу мүмкүн.

Абдырахман Маматалиев: Биринчиден, Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосунда кандайдыр интрига бар. Атаандаштык, бири-бирине ишенбестик да болушу мүмкүн. Булар жөнүндө сырттан башка бирөөлөр жазып чыгарышы мүмкүн эмес деп ойлойм. Анткени алардын жалган маалыматты далилдеп коюуга күчү жетет, мүмкүнчүлүгү да бар.

Менимче, өз ара тиреш жүрүп жатышы ыктымал. Экинчи вариант - булар кылмыштуулук менен күрөшкөн адамдар да. Кылмышкерлер булардын артынан түшүп алып, ар кандай маалыматтарды таратышы да мүмкүн.

“Азаттык”: Ички иштер министрлиги бул эки маалыматтын тең жалган экенин айтып, четке какты. Бирок тараган маалыматтардын чын-төгүнү иликтениши керек беле?

Абдырахман Маматалиев: Кандай болгон күндө да министр өзү, ички коопсуздук башкармалыгы, булардын үстүнөн көзөмөлдөгөн органдар кызматтык иликтөө жүргүзүшү керек. Ал тургай премьер-министр, анын орун басары да көңүл бурушу керек. Булар күч органдары, кылмыштуулук менен күрөшө турган адамдар. Аларды кылмыш ишине байланыштуу айыптаган маалымат чыкканда сөзсүз иликтениши керек. Балким иликтөө жүргүзүлүп, министр өзү чара көрүп, прокуратура карап жаткандыр. Бирок бул жөнүндө маалыматтын жоктугу - башка маселе.

“Азаттык”: Иликтөө жүргүзүлсө, аны коомчулук билиши керек да?

Абдырахман Маматалиев: Жообун айтып, "ак же көк" деп жарыялап койсо туура болмок. Эгер унчукпай койсо коомдо ар кандай шек саноо күчөй берет.

“Азаттык”: Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын, укук коргоо органдарынын ишин сындады. ИИМде да кадрдык өзгөрүүлөр болушу мүмкүнбү?

Абдырахман Маматалиев: Президент башкы прокурорго буга чейин болгон кылмыш иштеринин ар бирин иликтеп чыгууну тапшырбадыбы. Ким тарабынан козголгонун, эмнеге кыскартылып, эмнеге сотко жетпей калганын, сотко жеткендери эмнеге мындай жеңил жаза алып калганын аныктоо боюнча конкреттүү түрдө мөөнөт берди. Менимче, жакында көп нерсе ачыкка чыгат. Президент эң туура тапшырма берди деп ойлойм. Эми прокуратура аны так аткарса, көптөгөн кадрдык өзгөрүүлөр болсо керек.

“Азаттык”: Өткөн аптада милициянын подполковниктери маңзат мафиясы боюнча шектүү катары кармалды. Милиция менен маңзат көйгөйүнүн байланыштары ачыкка чыгып жатышы эмненин белгиси?

Абдырахман Маматалиев: Мен мурда күч органдарында куратор болуп иштеп жүрбөдүмбү. Оор ишти, кара жумушту жасаган да милиция. Сындалып, жаманатты болгон да милиция. Ошону менен катар эле булардын ишине карапайым элдин арасында нааразылык билдиргендер да, ыраазы болгондор да бар. Кылмыштардын көбүн милиция ачып, сотко жеткирет. Милициянын саны да көп, табияты ошондой.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.