Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:19

ИИМ чырлуу тасманы чагымга теңеди


Таяк жеген балдар.
Таяк жеген балдар.

Кыргыз бийлиги четтен келген кыргыздар сабалган видеонун Интернетке чыгарылышын "чагым" деп баалады.

Тийиштүү органдар соңку жылдары мындай көрүнүштөр кыйла азайганын белгилесе, жарандык активисттер тартип бузгандарга чара көрүлбөгөнүн сындашууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 25-декабрда социалдык тармактарга жайылган тасмадагы окуя 2016-жылдын февралында Чүйдүн Панфилов айылында болгон.

Видеодо топтолушкан беш-алты жигит эки уланды ортого алып, бети-башка койгулап жатканын көрүүгө болот. Расмий маалыматка ылайык, токмок жегендер Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан Кыргызстанга көчүп келип, Чүй облусунда отурукташкан кыргыздардын балдары.

Жергиликтүү жигиттер аларды "өз ордун билип жүрүүгө" чакырып, опузулашат. Жер карап турган эки баланын бирин ичке таяк менен башка чапкылашат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматыны өкүлү Эрнис Осмонбаев таяк жеген жигиттердин ата-энелери ошол жылы апрелде милицияга арызданышканын айтты:

- Балдардын баарын таап, милиция бөлүмчөсүндө чоң териштирүү болгон. Алар 1999-жылы төрөлгөн балдар. Ал кезде бойго жете элек болчу. Футбол ойноп жатып, жаңжалдашып кетишкен. Бүткөн окуяны кайра-кайра Интернетке чыгаруу чагым сыяктуу болуп жатат.

Эрнис Осмонбаев билдиргендей, териштирүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар катышып, тараптар жарашкан. Таяк жеген балдардын ата-энелери "дообуз жок" деп, милицияга жазган арызды кайтарып алышкан. Кылмыш иши козголгон эмес. Бул окуядан соң токмоктолгон жигиттердин бири Орусияга иштегени кеткен.

Интернетке чыккан видеодон көрүнүш.
Интернетке чыккан видеодон көрүнүш.

Интернетке жайылган тасма ашынган жердешчилдик жана улутчулдук темасын талкууга чыгарды. Буга чейин да Кыргызстанга келип окуп жүргөн пакистандык, индиялык студенттерге карата жергиликтүү айрым жаштардын мамилеси сынга алынган эле.

Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева Интернетке чыккан окуя боюнча Коргоо кеңеши жана милиция менен байланышып, тактоо жүргүзүлгөнүн айтты:

- Эки жыл мурдагы окуяны коомго чыгарып, чыңалуу жаратып жатышат. Андай окуялар дайыма биздин көзөмөлдө.

Медетбек Макенов.
Медетбек Макенов.

Жарандык активист Медетбек Макенов мындай окуяларга жол бербеш үчүн күч органдары ашынган улутчулдарга карата факт боюнча кылмыш ишин козгоп, жазалап турушу керек деген ойдо:

- Интернетке чыккан тасманы көрүп, аябай кыжаалат болдум. Жакшы жашоодон үмүт кылып, тарыхый мекенине келген балдарга мындай мамиле кылгандар жазаланышы керек. Окуя 2016-жылы болобу, башка учурдабы, коомчулукка эми чыгып жатат. Резонанс жаратты. Тосмо арыз жазышкан күндө деле укук коргоо органдары факты боюнча мыйзам чегинде буга чара көрүшү керек.

Кеңешбек Сайназаров.
Кеңешбек Сайназаров.

Эл аралык "Search for common ground" уюму эки жылдан бери Кыргызстанда "Жашстан" деген долбоорду ишке ашырып, улан-кыздар арасындагы улут жана аймак аралык касташууну азайтуу боюнча сабактарды уюштуруп жүрөт.

Уюмдун Кыргызстандагы жетекчиси Кеңешбек Сайназаров мындай жагдайга күч органдарын аралаштырып, кылмыш ишин козгоодон болушунча этияттаныш керек экенин белгиледи:

- Расмий органдар аралашкан учурда жагдай курчуп, ырбап кетиши мүмкүн. Мындай чыр-чатактарды азайтуунун эң жакшы жолу - тараптарды ымалага келтирүү. Аксакалдардын, сөзү өтүмдүү кишилердин кеп-кеңеши кырдаалды жайгарууга салым кошот. Кыргызстанда тынчтык, бейпилдик болушу үчүн башка улуттарга, баш дин өкүлдөрүнө сый мамиле кылыш керек.

Мамлекеттик миграция кызматынын кайрылмандар менен иштөө бөлүмүнөн алынган маалыматка ылайык, Кыргызстанга 1991-жылдан бери Тажикстандан 17 минден ашуун кыргыздар көчүп келген.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин изилдөөсүнө караганда, Кыргызстанда жогорудагыдай жаңжал чыгып кетиши ыктымал деген 15 район, беш шаар аныкталган. Ал жерлерге коомдук кабылдамалар ачылып, келишимдик негизде адистер иштешет. Жаатташкан жаңжалдар 2013-жылы 39 ирет болсо, быйыл тогузу катталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG