Илгери айылдан райборборго барып-келип иштеп жүргөн кезим. Күн сайын Ат-Башынын көк кашка дайрасына арта салынган узун көпүрөдөн өтүп, оңго бурулуп, сай жээктеп кетер элем. Бир ирет бир кекиртек кир суунун дайрага келип кошулуп жатканын көрүп токтой калдым да, агымын ээрчий бастым. Кир суу улам арылап аккан сайын улам киринен арылып, улам тунуп, улам тазарып олтуруп, жыйырма метрдей жерге жеткенде киринен эч нерсе калбай дайра менен дайра болуп агып кетти...
Мен кайра бурулуп, жолго түштүм. Көрсө бул дүйнөдө кенендик менен тереңдикти эч нерсе булгай албасын, булгагысы келген, бузгусу келген ылай суу, ыплас суу дайраларга каалаган жерден кошула берерин, ылай суу эч качан дайра боло албасын, дайра андай сууну коюнуна катып алып, бир заматта агартып, бир заматта тазартып, кир суу, ыплас суу, ылай суу деп санабастан өз жолу менен ага берерин, ошондуктан адамдар, силер дагы карөзгөй көралбастыктарга, бузуку кеп-сөз менен ушак-айыңдарга, жалган жалаа менен жаманаттыларга жабыкпай, терикпей, теңелбей, дал ошол улуу дайрага окшоп унчукпай ага бергиле дээр элем.
***
Эртең менен турар замат сыртка чыгып, тоолорду карайм. Байкап жүргөн бирөө болсо “Эмне жоготтуң?” деп сурайт беле деп коем. Чынында эле жоготуп ала тургансып, ким бирөөлөр уурдап кете тургансып, күн сайын тоолорду “түгөлдөйм”.
Анан ордунда турганын көрүп, кадимкидей кубат байлап, дүйнөм түгөл болуп толо түшөм. Илгери Орусияда армияда жүргөн кезимде түшүмө адегенде эле тоолор кирген. Айылды, тоолорду сагынып куса болгом. Таяна турган эне-атамдын көзү өтүп кеткенине далай жыл болду. Бирок качан болсо алардын ордун жоктотпой күч-кубат берип турган тоолор аман-эсен. Ошон үчүн эч кимден кем болбой, кебелбей жашап жүрөм. Эгер тоолордун да “көзү өтүп” кетсе эмне болор элем? Анда чындап кыямат түшүп, Жер астын-үстүн болмок. Кудай анын бетин ары кылсын! Ылайым кыргыз тоолору аман болсун!
***
Ак мөңгү баскан чокуларды карайм. Көп адамдар чөлдүн дал ортосунда “куйкаланып” жаткан пирамидаларга барып суктанып, таң калышат. Жер менен Көктүн ортосундагы көпүрөнү ошолордон издешет. Ал эми ошол пирамидаларга караганда Теңирге алда канча жакын турган кыргыз тоолорунун чокулары миңдеген, балким миллиондогон “пирамидалар” эмес бекен?
Мен тоого “кирип кетерим” менен тентип таш издеп кеткенди жакшы көрөм. Биз баарыбыз сыйлаган Кубат аке Жусубалиев да, Кеңеш аке Жусупов да өмүр бою эле таш чогултуп келатышат. Алардын Алтайдан бери чогултуп келаткан, эбак эле өздөрү “жасап” алган “таш музейлери” бар, тири укмуштай таштары бар, үйлөрүндө.
Мен жакында маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловго жолугуп, “Суке, “таш музей” жасабайлыбы?” десем, "Мага буга дейре канча киши кирди, бир гана жазуучу агабыз Кеңеш Жусупов келип, ушул сунушту айтты эле, эми сиз айтып жатасыз", - деди.
Анан ичимден сүйүнүп калдым. “Мага да акырындап акыл кире баштаганын карачы, Кеңеш Жусупов менен Кубатбек Жусубалиев ойлонгондой ойлоно баштаганымды карачы” деп. Достор, чын эле пайдадан башканы издебегендер кымбат жергебиздин ташын да чет элдиктерге сатып жибере электе таш жыйнап, таш чогултуп “УЛУУ ТАШ МУЗЕЙИН” жасасак кантет?
Мындан бир аз жыл мурда ал кездеги “Учкун” концернинин жетекчиси Орозбек Нусубалиев мага календарь тартуулаган. Бетинде кадимки эле беш салаа колкаптын элеси бар экен. Болгондо да таш колкап экен. Таң калганыман: “Кайдан таптың?” десем: “Мобу эле Ала-Арча капчыгайынан” деген. Мен календардын бирин маркум Табылды Эгембердиевге алып барып берсем, ордунан секирип туруп:“Ушул ташты “Супарага” апкелем!” деген эле. Ага жетпей кетти.
Айтайын дегеним кыргыз жеринде укмуштуу таштар көп. Ат-Башынын Ак-Сайында учуп бараткан самолетко окшогон таш бар. Эл “самолет таш” деп коюшат. Достор, баарын коюп таш чогултпайлыбы? Кандай дейсиздер?
***
Эмне үчүн тоо чокуларын жайдыр-кыштыр ак мөңгү басып жатат? Тоонун өзү да, чокусу да акактай таза, таптаза. Анын чокусуна чыга аласыңбы? Кантип чыгасың? Чыгууга мүмкүн эмес го дейм? Көрсө сен өмүр бою эңсеген таза нерсе так ошондой эч ким жете албаган тоонун чокусуна окшогон, бийик, ыйык жерде болот турбайбы...