Кыргызда териси тар деген сөз бар. Сөз көтөрүмү жок, бир нерсеге ылдам таарынган, бат тырчыган адамга берилген мүнөздөмө.
Кой терисин жамынган адам экен дейт. Өзүнүн чыныгы жүзүн, ким экенин жашырган, тымызын кыянаттык, душмандык кылган адамдарды айтат.
Кой оозунан чөп албаган адам эле дейт. Өтө эле жоош, момун адамдарга берилген баа.
Жапа тырмак киришти дейт. Баары жабыла, жапырт ишке киришкенди айтат.
Жүрөгү жок тура дейт. Кайраты жок, коркок кишилерди ушинтип айткан.
Анын ит оорусу кармады дейт. Көндүм болгон жаман адаты, өнөкөтү кармады дегенди билдирет. Мисалы: “Баягы ит оорусун дагы карматып, сасый баштады” дейт.
Ала канат деген сөз бар. Туруксуз, жеңил мүнөз, мактанчаак адамды кыргыз “өтө эле ала канат неме экен” деп койгон.
Алчы-таасын жеген деп коет. Абдан куу, митаам, тапан кишини ушинтип айтышкан. “Төлөмырза башынан эле алчы-таасын жеген неме эмеспи” дейт.
Колтугуна суу бүркүү дейт. Бирөөгө карата “кишилерин” алдыртан, тымызын шилтеп коюу, көкүтүү, тукуруу дегенди түшүндүрөт. Мисалы: “Улам анын колтугуна суу бүркүп, жамандап олтурду” дейт.
Шагы сынуу деген сөз бар. Катуу ыза болуу, уят болуу деген сөз.
Бити-битине батпоо деп коет. “Ал жалгызынан калган небересин көрүп бити-битине батпай кетти” дейт. Аябай кубанып, сүйүнүп кеткен учурду айтат.
Жең ичинен деген сөз бар. Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын иш кылганды айтат. “Абал кыйын, ошон үчүн баарын жең ичинен бүтүргүлө” дейт.
Мурдун балта кеспейт деген бар. Камырабайт, кенебейт, тоготопойт деген маанини билдирет. Мисалы: “Мурдун балта кеспеген неме экен, кемчилигин санап берсе да бети кызарып койгонго жарабады” дейт.
Кудайдан жөө качкан дейт. Какшанып сүйлөгөн кишиге же жаагын жанып басылбай ыйлаган балага карата айтылат.
Боорум эзилди дейт. Мунун бир маанисине келсек: “Кимбайкенин жазганын окуп алып боорум эзилди” десе, экинчи мааниси: “Эй сооротуп койгулачы, ыйлай берип баланын боору эзилмей болду” дейт.