Буга чейин Жогорку Кеңеште уюшкан кылмыштуу топтор баш көтөрүп, чет элдик жана жергиликтүү ишкерлерге кол салган учурлар боюнча маселе көтөрүлгөн.
Айрым депутаттар мындай шартта өлкөдөн инвесторлор чыгып кетерин эскертип, маселени өкмөттүк деңгээлде кароону талап кылышкан. Ички иштер министрлиги чуулгандуу кылмыштар изи сууй электе ачылып жатканын, криминал коомчулукка коркунуч жарата турган деңгээлге чыкты дегенге негиз жок экенин билдирди.
Министрдин маанилүү маеги
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Акипресс" агенттигине курган маегинде коомчулукта талкууга алынган соңку чуулгандуу кылмыш иштери тууралуу маалымат берди.
Анда ал "Мадина" базарында иштеген Кытайдын уйгур тектүү жараны Хуфур Абдурахеманды уурдап, өлтүрүүнүн артында милициянын мурдагы кызматкерлери турганын ырастады. Алардын бири 2016-жылы опузалоо менен кармалып, кызматтан айдалган милиция кызматкери болсо, экинчиси мурда жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгында иштеген инспектор.
Бул иш боюнча милиция жети адамды кармап, алардын төртөө түздөн түз кылмышка шектүү, калган үчөө катышуучу катары өтүп жатат.
Дагы караңыз Ишкерлердин үрөйүн учурган кылмышОшондой эле министр Кашкар Жунушалиев өткөн 19-августта ишкерлерге кол салган шектүүлөрдүн бири кармалганын билдирди.
Анда ишкерлер бараткан "Лексус" машинесин БМВ автоунаасы кагып, токтотуп, анын ичинен чыккан беткапчандар 280 миң долларын жана 2 млн. 800 миң сомду карактап кеткен.
Кылмышка шектүүлөрдүн үчөө азыр издөөдө экени айтылган. Милиция үзгүлтүксүз күрөштүн үстүндө экенин айткан министр чуулгандуу кылмыштар четинен ачылып жатканы тууралуу кенен маек курган.
Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш солгундап кетти деп айтууга негиз жоктугун белгиледи:
Азыр ишкерлер деле опузалап келген эле криминалдарга акча бере койбойт. Алар дагы акылдуу болуп калышкан.Эрнис Осмонбаев.
- Бул жерде сөзсүз түрдө ушундай коркунучтуу кылмышка баргандар кармалып, жоопко тартылып, иштер жүрүп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтун криминалдык макамы бар мүчөлөрү дагы кармалууда. Мисалы, өткөн жайда кармалган жанагы "Дөө Чыңгыз" деген каймана аты бар адам менен бирге кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн айтсак болот. Азыркы күндө кылмыштуулукту көзөмөлдөөдө баягы 90-жылдардагыдай башаламандык жок. Быйыл уюшкан кылмыштуулукка каршы бир топ күрөш, жыйынтыктуу иштер жүрдү. Бул багытта күрөш солгундап кетти деп айтууга негиз жок. Бардыгы мыйзам чегинде өзүнүн ыргагы менен жүрүп жатат. Ошондуктан уюшкан кылмыштуулук коомчулукту тынчсыздандыра тургандай абалда эмес экенин, аны дайыма ооздуктап турууга мүмкүнчүлүк жетиштүү экенин белгилейбиз. Анан азыр ишкерлер деле опузалап келген эле криминалдарга акча бере койбойт. Алар дагы акылдуу болуп калышкан. Бул тууралуу тиешелүү маалымат беришип, чара көрүлгөн учурлар бар. Мына ошондой коркутуп-үркүтүүлөр болсо ишкерлер жашырып-жаппай, ишенимдүү түрдө милицияга кайрылса болот.
Өкмөттү өкчөгөн өзгөчө жагдай
Буга чейин депутат Жанарбек Акаев парламентте жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу маселе көтөрүп, муну криминалдын күчөшү катары сыпаттаган. Ал ишкер чөйрөнү коргой албады деп өкмөттү айыптаган.
Ага премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жооп кайтарып, бизнести коргоодо укук коргоо жана сот органдарында маселе бар экенин айтып, бирок инвестициялык климатка залакасы тийбеш үчүн мындай билдирүүлөрдө этият болууга чакырган.
Андан соң парламентте кайрадан депутат Жанарбек Акаев көтөрүлгөн көйгөйдү өкмөт башчысы курулай саясатташтыруу катары жеңил-желпи кабыл алып жатат деп сынга алды:
- Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү, өлкөдөн чыгып кетип жаткан акчанын агымы тууралуу парламентте сүйлөсөм, өкмөт башчысы мага "маселени саясатташтырбагыла" деп жооп бериптир. Урматтуу, өкмөт башчы бул көйгөйдү мага айтып, мага далилдештин кереги жок. Премьер-министр "мыйзамдарды иштетип, элдин коопсуздугун сактайм" деп ынандырып, жарандарга жооп бериши керек. "Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек» деп айтып оозду жыйганча дагы бир ишкер өлтүрүлдү. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн соттор бошотуп жатат. Бул маселе боюнча өкмөттүн мага актанып, жооп бергенинин кереги жок. Ал элге, жарандарга «мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуздукта кармайбыз» деп жооп берсин. Бул менин же өкмөт башчынын маселеси эмес, жалпы жарандардын коопсуздук маселеси. Өкмөт башчы «саясатташтырып жатат» дейт, анда саясат болуп кетпесин деп такыр сүйлөбөй коёлубу?
Криминалдын үстөмдүк абалы
Депутаттын бул билдирүүсүнөн көп өтпөй эле ички иштер министри белгилүү маалымат агенттиктеринин бирине коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыш иштеринин иликтөө тууралуу маек курду.
Анда ал адам уурдап, көзүн тазалоо жана ишкерлер тобун карактоо сыяктуу соңку чуулгандуу кылмыштардын бетин ачуудагы көрүлүп жаткан чараларды айтты.
Анткен менен ички иштер органдарынын запастагы подполковниги Кайрат Осмоналиев уюшкан кылмыштуу топтор эбактан бери тамырлап, бардык кирешелүү тармактарды көзөмөлгө алганын белгиледи:
Уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик сатып алууларга кийлигишип, тендерлерге аралашып, ишкерлер ортосундагы чырларды чечип, кирешелүү тармактарды көзөмөлгө ала баштаган учурлар бар.Кайрат Осмоналиев.
- Криминал баш көтөрбөй эле, ал негизи эле бизде кээ бир эле учурларды айтпаганда, башын ылдый түшүрө элек. Криминалдык чөйрө классикалык үлгүсүндө адатта акча опузалоо, криминалдык териштирүү, буюртма менен адам өлтүрүү сыяктуу иштер менен алек болуп келсе, кийинки мезгилде багытын бир аз өзгөртүп, кылмыштуу жол менен көмүскө түрдө көп пайда табуунун башка жолдорун дагы өздөштүрүп жатат. Уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттик сатып алууларга кийлигишип, тендерлерге аралашып, ишкерлер ортосундагы чырларды чечип, кирешелүү тармактарды көзөмөлгө ала баштаган учурлар бар. Мисалы, ошол эле алтын, көмүр кендери же башка пайдалуу жаратылыш байлыктарына ээлик кылуу үчүн уруксат берүүчү документтер аркылуу бүткөрүлгөн учурлар бар. Чаткалдагы алтын кендеринин, Солтон-Сары алтын кенинин, Макмал алтын чайкоочу фабрикасынын, Кара-Кечедеги көмүр кенинин артында кимдер турат? Албетте мына ошол кылмыш дүйнөсүнүн бейформал лидерлери. Алар пайда бар жердин баарына митедей жармашкан.
"Мадина" базарында иштеген ишкер, 4-октябрдан бери дайыны чыкпай жаткан 37 жаштагы Хуфур Абдурахемандын киши колдуу болгону белгилүү болуп, сөөгү Нарындын Кочкор районунан табылган. Андан кийин эле күч колдонулуп өлтүрүлгөн 39 жаштагы адамдын сөөгү 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтогон автоунаанын багажынан табылган.
Ага чейин милицияга Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну кайрылып, бир тууган агасы 22-октябрда аэропортко кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул чуулгандуу соңку эки кылмыш иши тең күнүмдүк чыр-чатактан чыккан кылмыш эмес» деген пикирлер арбын. Ошондуктан айрым депутаттар муну кылмыштуулуктун күчөшү катары карап, ага каршы чара көрүүнү өкмөттөн талап кылышкан.