Талдоочулар жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, аны өлтүрүүнү мамлекеттеги коомдук коопсуздуктун начардыгы жана милициянын кылмыш дүйнөсүн көзөмөлдөөдөгү алсыздыгы катары сынга алышты.
Ички иштер министрлиги ишкерлерден акча талап кылып, карактап, өлтүрүүгө байланышкан буга окшогон оор кылмыштар көптөн бери каттала электигин айтып, муну жалпы эле криминогендик кырдаалдын курчушу катары карабаш керек деген жүйөнү келтирди.
"Жазасыз калып келген синдром"
Жеке ишкер Улан Турдалиев «Мадина» базарындагы «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды Бишкекте уурдап, анан Кочкорго алып барып көзүн тазалаган окуяны уюшкан кылмыш тобунун чектен чыгып, аша чапкан мыкаачылыгы катары айыптады.
Жазасыз калып келген кылмышкерлер гана мына ушундай мыкаачылыкка барышы мүмкүн экенин айткан Улан Турдалиев жеке ишкерлерден акча талап кылууга кынык алган уюшкан топтор үчүн бул көнүмүш адатка айланып калганын белгиледи.
Улан Турдалиев мындай көрүнүш өлкөдө ишкерлердин коопсуз иш жүргүзүшүнө терс таасирин тийгизерин айтты:
- Мындай жагдай сөзсүз бизнеске терс кесепетин тийгизет. Биз "инвестицияны коргоп, инвесторлордун коопсуздугун камсыздаш керек" деп дайыма какшап айтып келебиз. Бул жактагы абалыбыз ушундай болсо, каяктан анан инвестор келет? Бир аз эле баш көтөргөн ишкерлерди тоноп, карактап, өлтүрүп кетип жатышса, ким тынч отуруп ишкердик кылат? Бир нерсе деп айтардан мурун адегенде криминогендик кырдаалды жөнгө салышыбыз зарыл. Бул мыкаачылык ишке мурдагы эки милиция кызматкери аралашкан экен. Бул бизде милициянын өзү криминалдык чөйрө менен жуурулушуп кеткенинен кабар берет. Бул биздин жогорку бийлик - президент менен өкмөт тыкыр көңүл бура турган кооптуу коңгуроо.
ЖИА Бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров эгерде уюшкан кылмыштуулук ишкерлерди уруп-сабап, коркутуп, керек болсо өмүрүнө кол салганга дарамети жетип, үстөмдүк кылып турган абалды ээлей турган болсо, анда бизнес өлкөдөн тышка качып кете турганын эскертти.
- Бул окуя ишкердик чөйрөсүнө эле эмес, жалпы эле жарандардын коопсуздугун камсыздоодо маселе бар экенинен кабар берет. Анын ичинен ишкерлердин коопсуздугун камсыздоо чарасы абдан маанилүү. Себеби бул нерсеге чара көрүп, уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктап, токтотпосо, бул жагдай көнүмүш адатка айланып, улана бериши мүмкүн. Анда ишкерлер үчүн кооптуу жагдай болуп, алардын тынч ишкердик жүргүзүшүнө тоскоолдук жаратат. Жеке коопсуздугуна камтама болгон ишкер чөйрө бизнесин сыртка чыгарып кетүүгө аргасыз болот. Укук коргоо органдары ишкерлердин коопсуздугун камсыздай албаса, анда бул жагдай биздин экономика үчүн чоң сокку болот.
Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун жетекчиси Бакыт Сейитов «Мадина» кафесинин ээсин уурдап кетип, анын өмүрүнө кол салган окуяны жалпы уюшкан кылмыштуулуктун баш көтөрүшү катары карабоо керек деп эсептейт. Анын айтымында, соңку үч жылдан бери буюртма менен адам өлтүрүү же ишкерлерден акча опузалап, кол салуу сыяктуу өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар каттала элек болчу.
Бакыт Сейитов коомдук коопсуздук толук көзөмөлдө экенин, ошондуктан бул оор кылмышты изин суутпай бетин ачууга мүмкүн болгонун кошумчалады:
- "Кылмыш дүйнөсү азыр коомчулуктун тынчын ала баштады" деген туура эмес болуп калат. Бул жеке ишкер дайынсыз жок болуп жаткан. Бул кылмыштын себептерин тергөө аныктап чыгышы керек. Аны издөө иштери жүрүп жаткан. Көрсө, бул иштин аркасында 8-9 адам туруп, атайын карактоо максатында аны уурдап алып кетишкени аныкталып отурат. Бул кылмыштын бети тез арада ачылып, бул топтун бардык мүчөлөрү колго түштү. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгондор да бар. Бирок бул ушундай оор кылмышка байланышкан бир учур. Муну менен жалпы уюшкан кылмыштуулук башын көтөрүп, коомдук коопсуздукка коркунуч келтире тургандай абалга жетти дегенге негиз жок.
Ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдоого жана өлтүрүүгө шектелип кармалган төрт кишинин бөгөт чарасы аныкталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бишкек шаардык милициясы ишкердин өлүмү боюнча жогорудагы төрт шектүүдөн башка дагы адамдар күбө катары суралып жатканын кабарлап, алардын так санын жана кимдер экенин ачык айткан жок.
Ишкерди өлтүрүүгө шектелген төрт киши 19-октябрда кармалган. Алар Абдурахемандын ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасын кара түскө боёп салганы аныкталган. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнүн негизинде анын сөөгү Нарындын Кочкор районундагы жолдон 150 метр ары жактан табылган.
Хуфур Абдурахемандын агасы 5-октябрда милицияга кайрылып, иниси ак түстөгү «BMW Х5» автоунаасы менен 4-октябрда Бишкектеги «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айтып арызданган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Адам уурдоо» беренеси менен катталган.
Удулун издеген уюшкан кылмыштуулук
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов бул жагдайды төмөндөгүчө чечмеледи:
- Эгерде уюшкан кылмыштуу топтор мамлекеттеги бийликтин алсыздыгын байкап калышса, ушундай окуялар боло берет. Ошондуктан президент ушундан тыянак чыгарып, укук коргоо органдарынын жетекчилеринен коомдук тартипти камсыздап, уюшкан кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүүнү, болбосо кызмат орундарын бошотууну талап кылышы кажет. Элдин коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Эгерде биз ошону камсыздап койгондо, уюшкан кылмыштуу топтор башын көтөрүшө алмак эмес. Жеке ишкерге кол салмак турсун, чекесинен черте алмак эмес. Анткени мамлекет деген бар. Ал эми мамлекеттин алсызданып турганын байкап калышканда гана алар ушундай учурдан пайдаланып калышат.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жеке ишкердин өлүмү боюнча кармалгандардын экөө мурда милицияда иштеп кеткенин, шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун да мүчөсү бар экенин жазып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги дагы кармалгандардын экөө мурда милицияда иштегенин, бирок көп жыл мурда мыйзам бузган окуяга аралашканы үчүн алар кызматтан айдалганын ырастады.